Жаныбек Райдын өнөрканасына сапар

Сүрөтчүлөр союзу ал кезде Райды жакын жолотпой алыс куучу. “37-жыл болгондо атылып кетмексин сен” дешчү мастерскоюна киргенде. Жаныбек Райдын 3 метр бийиктиктеги сүрөттөрү дубал тиреп, адамды басып калчудай болуп турар эле. Советтик бийликтен чочулабай улуттук дөөлөттөрдү, рухту берип, кыргызды жеңилбес, майтарылбас эл катары көрсөтчү ошондоле. Тээ 86-жылдары эле “Көкөй кести”, “Чачыкей”, “Кырк чоро”, “Кырк чилтенди” тарткан. Азыр да дал бүгүнкүнү айтып тургансып мааниси, касиети ошо бойдон алардын. Жаныбек Райдын “Ой, жеңе”, “Бекбекей” аттуу сүрөттөрү Парижге, Монмартрга койсоң да “Ой, жеңе”, “Бекбекей” боюнча. Бүгүн карап отуруп баш чайкадык, 90-жылдары тарткан “Абыке Көбөш”, “Теке минген төрт кыз”, “Көкөй кестиси” бүгүнкү саясый кырдаалды айтып тургансыйт.

Жаныбек Рай, кылкалем чебери: “Манас Ата, Бакай Ата, кырк чоролору опурулуп көрүндү!..”

Маектешибиз Жаныбек Рай көркөм сүрөт өнөрүнө өз чыйырын эбак эле салып койгон инсан. Сүрөт окуу жайын жаңы бүткөн жылдары эле анын картиналары Москванын Манежинде, союздук көргөзмөлөрдө илинип турчу. Чыгармаларынын деңгээли өлкөбүздүн алкагынан сыртка чыгып кеткен. Көптөгөн эмгектери чет өлкөлүктөрдүн жеке менчигинде сакталуу. Наам берүү саясатына түп-тамырынан каршы. Токсонунчу жылдары, Акаев заманынын убагында “Эл сүрөтчүсү” наамын берели дегенде өзү баш тарткан. Ошондо аны залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Сен өзүңө-өзүң диссидент турбайсыңбы…” деген экен.

– Аялзатынын чыгармачыл адамга таасири канча?
– Өзгөчө. Бар же жок кылып жиберет. Бекеринен кыргызда “Аял жакшы – эр жакшы” дебесе керек. Аялдарыбы же сүйгөндөрүбү, аялзаты дейинчи, ишенип, ысык-суугуна чыдабаса Рембрандт, Чайковский, Джексон Поллок, Габриел Г.Маркес, Модильяни улуу чыгармаларды жаратат беле, бир кудай билет. Бүгүнкү “Мистикалык авангарддын” атасы деген Дж. Поллок Пикассону туурап жазган чабал эле сүрөтчү болгон. Нью-Йорктон бакыт табам деп келип, өзүнө окшош сүрөтчү айымга жолугат. Бирок ал айымдын көсөмдүгү, алысты көрө билгендиги Поллокту дүйнөгө таанылтып, Пикассонун өзүн эсинен тандырган.

– 2009-жылы дүйнөнүн эң кымбат полотносу деп Джексон Поллок, Марк Роткону айтышат. Бир картинасы 159 миллион долларга сатылган экен. Деги алар кандай сүрөтчүлөр, эмнеси менен баалуу?
– Джексон Поллок америкалык сүрөтчү. Марк Ротко Советтер Союзунан, Одессадан кеткен эле сүрөтчү. 70-жылдары Хрущевдун “Бульдозер көргөзмөсүнөн” кийин, анда жаштардын айкын ой жараткан чыгармаларын бульдозер менен түрттүрүп, өздөрүн өлкөдөн кубалап жиберген. Өмүрдүн парадоксу деп ушуну айт, Союзда цензурадан чыгалбай, акчасы жок көчөгө көргөзмө ачышып, куугунтукка алынган сүрөтчүлөр Шемякин, Эрнст Неизвестный, Захаров ж.б. эмгектери Европага чыгаары менен жүз миңдеген долларга бааланган. Ротко Одессадан Прибалтикага, андан Америкага чыгып кетти. Улуу сүрөткерлердин тагдыры да улуу болот окшойт. Поллок менен Ротконун тагдыры трагедиялуу болуп аяктады. Бул эки сүрөтчүнүн жанга баткан жакырдыгы, мүдөө-көксөөсү, көкжалдыгы, тирүү кезинде ченемсиз байлыкка жетүүсү бири-бирине окшош. Аскет, фанат, чынчыл. Эпчилдик, жылуу жерге ылымталоо, мартаба, наам, ж.б.у.с. түшүнүктөрдөн алыс. Балким, алардын баалуулугу ушундадыр. Сен атын атаган Поллок менен Роткого мен Рембрандт, Гоген, Джек Лондонду кошоюн. Джек Лондон, Поллок, Ротко жакырлыктан чексиз байлыкка жетишти. Ошентсе да манчыркап акчанын кулу болбой, чыгармасын улантышкан. Чыгармадан кризиске учурап, кармашта жеңилген самурайга окшоп өз жанын өзү кыйышкан. Тетирисинче, Рембранд, Гоген эбегейсиз бай болушкан. Рембрандт Амстердамдын көпөстөрүнүн 1-гилдиясында туруп, 52 жашында “бомжуга” айланып, чочко баккан аялга жолугуп, аны картинага айлантып, принцесса “Даная” деп атактуу полотносун жазган. Андан кийин “Дейди баланын үйүнө кайтып келиши” ж.б. шедеврлерин жараткан. Гоген Париждин банктарынын биринде кызмат өтөп, байып, кымбат полотнолорду сатып алып, белгилүү сүрөт коллекционери болгон. Аны да искусствонун эпкини жетелеп, 44 жашында бала-чака, бар байлыгын, Парижди таштап Таити аралына тентип кетет. “Сен мени сүйөсүңбү”, “Сен мени кызганасыңбы” аттуу ж.б. жүздөгөн шедеврлерин жаратып, 99 жашка чыкканча Парижге бир келбестен Таитиде көз жумган. Демек, баалуулук – акча же байлыкта эмес, адамдын өзүндө. Алгач сүрөткердин өзүн табуудагы түйшүгү, андан өтүп адамзат үчүн пайда келтирээр жүгүн сезип, моюнга алышы, аны ишке ашыруудагы адам чыдагыс тоскоолдуктарды жеңип чыгуусу – каармандык, баалуулук. Эгерде Рембрандт же Гоген байлыгыман ажырап калбайын деп тынч жашай беришсе, Рембрандт “белгисиз сүрөтчү” катары калмак. 200 жылдан ашуун мезгилде Парижде миңдеген банкирлер жашап өтүп, ушул убакытка чейин биринин да аты-жыты жок болгон сымал, Гоген да дайынсыз бойдон калмак. Ага адамзат эмес, француздар өздөрү суктанбайт болчу.

– Ушул каармандар сыяктуу кыргыздардан да искусство үчүн башын сайган адамдар чыгабы?
– Туура, алар каармандар. Кажыбас кайрат, кут көтөргөн ж.б. касиеттерге ээ адамдар. Манасты жараткан элден чыгаандар чыгышы мүмкүн. Бирок азыр айтыш кыйын.

– Айтматов, Чокморов, Миңжылкиевдер чыкты го?
– Ой, ал Союз учурунда болгон да. Анда раматылык таланты таш жарган сүрөтчү Мелис Акынбеков айткандай, “жыргализм” заман болчу.

– Бекер үй, өнөркана дегендейби?
– Ооба, андан тышкары жаштарга, чоңдорго өзүнчө бюджет бөлүнчү. Картина сатып алуу, чыгармачыл командировка, көргөзмө уюштуруу, транспортировка, деги койчу баскан-турганыңа мамлекет төлөчү.

– Социализмдин “эмгек сиңирген”, “эл сүрөтчү” деген атрибуттары сакталып калды. Ага 50-100% кошумча айлык акча кошулаары, оорукана, коммуналдык кызмат төлөмдөрүнөн жеңилдик алуусу мамлекеттик бюджетке миллиондогон тартыштык жаратаарын жана аны алып таштоо маселеси боюнча 2008-жылдары Жогорку Кеңеште каралды эле. Анан кайсы бир себептер менен токтотулду. Бул боюнча оюң кандай?
– Туура, “социализмден” мектеп эле калбаса, башка эч нерсе калган жок. Балким, ал социализмден демократияга өткөн өткөөл учурда керек болгондур. Азыр ал наамдарды колуна кисти кармап көрбөгөн кишилер деле алып жүрүшөт. Айтматов, Чокморов, Чуйков ж.б.дай эмгек кылбай-этпей, жөн эле акчасы бар же таанышы бар адамдар алып баштаганда, албетте, анын кереги барбы же жокпу деген суроо туулат. Эпчилдер залкарлардын башын аттап, тебелеп-тепсеп киришти. Аларга жанагы 50-100% кошумча үстөк акчасы эле керек. Баркын, наркын кетиришти. Бул эми токтобойт. Алтургай, мектепте окуган балдар чыгарманы эмес, жанагы үстөк акчаны ойлоп отурат. Өгүнү телевизордон көрсөттү, азыркы “жылдыз” деп аталган балдар Казакстанга барып ырдап келишиптир. Колдоруна кагаз көтөрүп алышкан. Түз эфирде алып баруучунун: “Максатыңар кандай, айнанайындар, Майкл Джексонго окшоп ырдап, кыргыз элине сыймык алып келесиңерби?” десе: “эмгек сиңирген” наамдуу болсом” дебеспи. Ырдап, бийлегенде киши эмес гуманоид туурай албаган Майкл Джексон жөнүндө, чыгаан чыгарма жөнүндө уккан да жок. Анан биз кайдагы чыгаан чыгармачыл жөнүндө сөз кылабыз. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Балдарда күнөө жок, кеп эсил кайран Союздан калган система мурда атак-даңк алып келсе, азыр көроокатка айланганында. Өспүрүмдөрдүн аң сезими бузулуп, чыныгы чыгарма жаратуу кудуретинен ажырап, каада күтүү жеңил оокатка түртүп жатпайбы. Эми жөн эле мисал: Өкмөт наамды, ага кошулган 50-100% кошумча акчаны алып таштаса, чыныгы искусствого башын сайган төрт-беш эле киши калмак. Калганы, мындан эмне пайда көрмөк элем деп өздөрү эле басып кетмек. Ошондо таамай талантпы же эпчил “талантпы” – чыга келмек. Бул бир. Экинчиден, Кыргызстандын ар бир атуулу “эмгек сиңирген”. Репрессия, Ата мекендик согуш, эгемендүүлүктүн баштапкы учурундагы кебек жеп калган экономикалык кризис, Акаев, Бакиевдердин элдин жонунан кайыш тилген зомбулугун жеңди. Анан мен Кыргызстанда бир дагы чыгармачыл адамдын Гойя, Г.Лорка, Эсприу өңдөнүп революцияга катышып, жарадар болгонун уга элекмин. Бири “7-апрелдеги кан төгүүнү спецбольницанын терезесинен карап турдум” деп дагыле өзүнүн каадасын билгизип жатса, экинчиси “көргөн жокмун, бирок порохтун жыты мурдума келип жатты” деп бүрүшүп турганы… Ой азыр жаштар көкүрөгүн окко тосуп, генерал генералдык чинин, депутат мандатынан кечип, жаңы, таза коомду түзүүгө бел байлаган азаматтар чыгып жатса, аксакалдардын бирөөсү наамын алып ыргытып, карапайым элден чогулган кошумча акчаны албай эле койбойбу. Аларды ансыз деле эл тааныйт го! Ошондо жаштарга үлгү болуп, Бакай Атадай бийиктигин көрсөтмөк. Анан минтип элди бөлүп-жарып, кемсинткен наамдар цивилизациялуу өлкөлөрдүн биринде да жок. Ай Төкө, cоциализм жыйырма жыл мурда өлбөдү беле!

– Бул оюңа мен макул эмесмин дегендер жамырап чыгат го?
– Билем. “Наамдарга бөлүнгөн миллиондогон акчалар мамлекет үчүн кыпынга турбайт, калтырыш керек”, “Кара жипти как жарган тактык, иликтөө менен берип жатабыз” дегендер бар. Бул сөздү чыгаан сүрөткер айтпайт. Эпчилдер айтып атат. Жана өзүң айтпадыңбы, бул маселе Жогорку Кеңеште каралган деп. Ушунун өзү бийликтегилердин арасында да көзү ачык, акыйкат издегендер бар экенин билгизет.

– Бийлик жана чыгармачыл адам. Бийликтегилер ойгоно баштады дедиң. Өзүң кайрылып көрдүң беле?
– Кайрылгам. Мындан үч жыл мурда “Айкөл Манас” долбоорум маданият министрлигинде үч ай бою комиссиядан өтүп, жактырылып, андагы министр Султан Раев тогуз миллион сомго кол коюп берген. Министрликтен соң Өкмөт токтом чыгарып, Каржы министрлигине жөнөтүлүп, ошол жерден дайынсыз жоголду. Андан кабардар болгон досум, Талас облустук гезитинин редактору Козубек Иманкулов: “Баштай бер, Таласта да бийлик бар, болбосо, мен кабинетимди бошотуп берем” деп Таласка алып жөнөдү. Мен өмүрү көрүп-билбеген ошол кездеги губернатор Бейшенбек Болотбеков чыгармамды бир көрүп эле, мага президенттик “люкс” номерин, “семиртем” деп үч маал тамагын чечип берди. 7-апрелден кийинки губернатор Койсун Курманалиева айым мени ошол ордуман козгобой, урмат- сыйын көргөздү. Белгилүү ишкер Бакыт Тууганбаев, мурдагы шаар мэри Эркин Турсункулов, Алтымыш Субанов, Шаршенбай Абдукаимов, Эсен Назаралиев, Жусуп Райымкулов, Каныбек Курманалиев ж.б. колдоп, Манас темасына 600дөн ашык материал топтоп, “Ушунчалык үйдү сагындым” аттуу повесть жазып келдим. Алардын мени колдогону – кыргыз көркөм искусствосун колдогону, кошкон салымы деп түшүнөм.

– Манасты айтчы, кантип келдиң? Манасты тартам деп Таласта жүргөнүңдү айттың. “Абыке-Көбөштөн” баштаганыңды көргөм. Мурдагы эмгектериңдин каармандары заманбап болсо да Манастын илеби келип турчу. Эми түздөн-түз Манаска кайрылганыңдын себеби эмне?
– Түшүнүктүү болсун үчүн башынан айтайын. 22-23 жашымда, окууну бүтө электе эле Манасты тартам деп эскиздерди жасай баштагам. Чеберчилигимдин чабалдыгын сезип, заманбап темада көлөмдүү он чыгарма жараткандан кийин баштайын десем, он эмес жүздөн ашык чыгарма жаратсам да жакындай албай койдум. Ал ортодо азыркы агызып кетчү агымдарга туш болдум. Ренессанстан – импрессионизм, сюрреализмден – риджионализм, оп-арт, мистикалык-тарыхый авангард, гиперреализмден – плюреализмдин он жылдык көчүнүн аркасына учкаштым. Ушул агымдарды басып өткөндөн кийин Манаска жакындагансып шерденип, эми оңой эле тартам го десем, андан бетер алыстаганымды сездим. Дегеле жакындаган сайын алыстайсың. Качан гана чет өлкөгө чыгып, Рембрандт, Леонардо да Винчи, Караваджо жана заманбап сүрөтчүлөр Анри Матье, Френсис Бекон ж.б. эмгектерин көргөндөн кийин гана аларга салыштырып, ар кимиси ар башка кубаттуу өлкөдөн болсо да, биздикиндей Манасы жок, библияга таянарын байкадым. Ошол күндөн баштап Манасты кандай формада болсо да алып чыгууну чечтим. Узак жылдар бою мени ишенимсиз кылып келген Манастын тартылыш формасы: классикалык, фигуративдик композиция же авангардбы – айырмасы жок экенин билдим. Бул чынында эле баш катырмай нерсе. Муну ар бир сүрөтчү түшүнөт. Фигуративдик эмгектен кылтыңдатып алдап кетсең да, күчтүү чыгарма жаратсаң да болот. Ал эми классикалык-неоклассикалык чечмелиште калп айталбайсың. Аракетиң, арамзалыгың баары орой-чарай көрүнүп калат. Ал канонго баш ийет. Ошондуктан азыркы сүрөтчүлөр ага даап баралбайт. Эбегейсиз чоң түйшүктү, акчаны талап кылат, сынчылары да көп. “Классика модадан чыгып кеткен” деген шылтоону айтышып кылтыңдатканы да бар.

– Демек, Манаска келгенче далай “измдерди” картайткан экенсиң да. Жөн эле тартып койсо болбойбу?
– Болбойт. Манас Ата бардык агымдарды, стиль, измдерди ичине батырган аалам. Ал тирүү. Андан тышкары, көзгө көрүнүп-көрүнбөгөн нерселерге дуушар болот экенсиң. Сага бир мисал айтайын. “Абыке-Көбөштү” жарым жылдан ашык постановкасынын үстүндө иштедим. Баарын даярдап, кыл калемимди алып, мына тартайын деп холстко жакындасам, бир жарым метрден кандайдыр бир күч түртүп, жанына жолотпой койду. Эмне болуп кетти деп түшүнбөй эки жагымды карап, кайра жакындасам, андан бетер түртүп, ордумда катып калдым. Денем титирей түшкөнүн сездим. Ошондо көз алдыма Манас Ата, Бакай Ата, кырк чоролору опурулуп көрүнүп, коркконуман ваннага кантип киргенимди билбейм. Кобурап-собурап, билген келмемди келтирип, мачалкалап жуунуп кайра чыктым. Ошондон кийин гана эч тоскоолдуксуз холстко жакындап, алгачкы штрихти жасадым.

-Манаска жалаң эле “измдердин” күчү келбейт экен да?
-Анткен менен “измдер” да оңой жоо эмес. Жогорку технологиядагы иш аткаруучу шаймандар. Манас – рухуңдун, дилиңдин тазалыгы. Кайып дүйнө, метафизикалык туюмдар дейбизби, жогорку касиет. Полотно бүтөөр-бүткөнчө жаман сөз сүйлөбөй, жаман ой ойлобой, өзүмдү таза кармаганга аракет кылдым.

Маектешкен Төлөгөн ОНБИРЖЫЛКИЕВ,
“Де-Факто”
(“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.