Турдубек Чокиев, КР композиторлор союзунун төрагасы: “Маданият министрлигин шапка алмаштыргандай алмаштыра беришип…”

“Концерт коёрдо кайырчыдай болуп акча сурайбыз”
КР композиторлор союзу азыр мамлекеттин бюджетинде жок. Бизди мамлекет Акаевдин убагында эле жоюп, бюджеттен алып койгон. Ушул иштеп жаткан 2 кабат имаратыбыз бизге калып калыптыр, жартысын ижарага берип, ижарадан түшкөн акчаны айлык кылып, эми ушул союз жоюлуп кетпесе экен деп кармап олтурабыз. Былтыртан бери Отунбаевага кайрылып эле жатабыз, спикер А. Келдибековдун кабыл алуусунда да болуп: “Бизди бюджетке кабыл алгыла”-дегенбиз, айтканда макул эле болот экен. Анан биз эшикке чыгып кеткенден кийин унутуп калабы,же жумуштарынан бошобой калабы, билбейм. Жазып деле жөнөтүп жатабыз. Концерт коёрдо кайырчыдай болуп, Маданият министрлигинен акча сурайбыз. Шайлоонун алдында ар кимиси чуркап келишет, аларга айтып эле жатабыз, “композиторлор менен ишиңер жок” деп.

“Бирок, радиолор бизди бербей, жеңил-желпи ырларды эле берип жатышат”
Биз эстрадага карама-каршы сапаттуу чыгармаларды жаратып жатабыз. Бирок, радиолор бизди бербей, жеңил-желпи ырларды эле берип жатышат. Ошол радиолордун жетекчилигине чейин барып, көркөм кеңешке мүчө болуп кирип алып, согушуп, улуттук радиолордон эфирге койдуруп жатабыз. Ал эми менчик радиолор такыр болбойт экен.

“Мамлекет башындагылар байлык-бийлик талаш менен алек болуп калды”
Идеология деген ушул-маданият, искусствону өнүктүрүү керек. Театрлар коюлуп турушу керек, азыр театрга киши барбай калды дешет. Эгемендүүлүк келгенден берки жаңы төрөлгөн бала 20 жашка чыкты, ошол убакыт ичинде маданият тармагына жакшы көңүл бурулбай, бир муунду жоготуп салдык. Канча мекендештерибиз чет жерге тентип кетти, алар кыргыз искусствосун унутуп, башка жактыкына ооп кетишти да. Мамлекет башындагылар болсо акыркы 20 жылдын ичинде жалаң эле байлык- бийлик талаш менен алек болуп калды. Ал эми жан дүйнө чоң катастрофа экенин билбей жатышат. Биз ошол катастрофага билинбей баратабыз, дагы 5-10 жылдан кийин билинет баары, ошондуктан, бул нерсеге көңүл буруш керек.

“Согуш болуп жатканда да, Опера жана балет театры, филармония иштеп турган”
Советтик доордун бир жакшы жери маданиятка абдан жакшы көңүл бурулчу. 1917-жыл менен 1937-жылдын ортосу 20 жыл.Ошондо кат тааныганды, маданиятты билбеген кыргыз “Айчүрөк” деген пьесаны Москвага коюп, ордендерди шагыратып алып келишкен караңгы кыргыз. Ал эми азыр эгемендүүлүккө жетиштик деп эдиреңдеп жатып, 20 жылдын ичинде эмне болуп калдык. Кайра канча жылга артка кеттик? Андан кийин 1941-жылдан 1945-жылга чейин согуш болуп жатканда Опера жана балет театры, филармония иштеп турган. Мына Сталиндин күчтүүлүгү ушунда болгон. Согушта кан төгүлүп жатат, бирок ал элдин духун түшүрбөө үчүн Опера балет театры, Кыргыз драма театры иштеп, спектаклдер коюлуп турган. Бүбүсара Бейшеналиеванын “Чолпон” балети да ошондо коюлган. Экономика оңолсо, анан маданият оңолот деген туура эмес, кыйрап баратат, маданиятка көңүл буруу керек. Биз тамак, акча менен эле чектелбейбиз, маданият-адамдын жан дүйнөсүн азыктандыруучу нерсе. Адамдын мээсинин туура иштеп туруусуна маданияттын ролу чоң.

” Жакшы обондун жаралышына жакшы поэзия жардам берет”
Учурда жаш ырчыларга түшүнбөйм, эмнеге жаман сөздөргө обон жаратып эле ырдап жатышкандарына, болбосо акындар иштеп эле жатышат. Китеп дүкөндөргө барып китеп барактаса деле жакшы сөздөр табылмак. Биз мурда поэзияны жакшы окучубуз, азыр жаштар поэзияны окубай жатышпайбы? Эгер окуса, жакшы ырлар жүрөгүн кытыгылап козгоп кетсе, ошол ырга обон жаратышса болмок. Өзү жакшы обондун жаралышына, жакшы поэзия жардам берет. Азыр бизде тарбия жок болуп калбадыбы, ошондуктан, сапаты төмөн ырлар жаралып жатат. Ырчылар кайрылса, акындар бар жакшы ыр жазып бере турган, бирок алар деле оокат кылышы керек да, “акчасын төлө, жакшы ыр жазып берем” десе, “ага акча бергенче өзүм эле жаза коём” деп, эптемей ырлар жаралып жатат да. Мурда жакшы ырдын жазылышына мамлекет кызыкдар болуп, гонорар төлөп берчү. Азыр мамлекеттин иши жок болуп калды, ар ким каалаган нерсесин жасамай. Мамлекеттин маданиятка болгон мамилеси салкын болуп калды. Эми бул нерсени көптөн бери эле айтып келе жатам, бирок жыйынтык жок.

“Бул жерде акыйкаттык таптакыр жок болуп жатпайбы?”
Бизде дагы бир нерсе бар, шайлоодогу үгүттөө иштеринде биздин жаш ырчылар бир ай эле ырдап берип он миң, он беш миң АКШ долларына чейин таап коюшкан. Эми ойлосоң, ал ырчы өзү обон чыгарбайт, ар кимдин, же болбосо эски ырларды жаңылап ырдап чыгып жатат. Ал ырлардын авторлору бар, аларга бир тыйын төлөгөн жок да. Бул жерде акыйкаттык таптакыр жок болуп жатпайбы? Ушунун баарын текшерген система жок, ар ким өз билгенин жасап жатат. Маданият министрлигинин иши көп болуп, бул нерсеге көңүл бурбай таштап койду. Анын үстүнө аларды шапка алмаштыргандай алмаштыра берип, алар да канча ай иштейм деп коркуп калды. Мына былтыр бир жылда С. Раев түшүп, И. Жунусов болду, кайра Р. Момбеков, Садык-Шер Нияз, акыры Н. Шакиев келди. Бул эмне деген нерсе, маданиятка болгон мамлекеттин мамилеси ушундан эле көрүнүп турат. Булардан да экөөсү маданиятка таптакыр тиешеси жок адамдар. Улам бир шайлоо болгон сайын үмүттөнүп калабыз, үмүттүн билиги оңой менен өчпөй күйүп тура берет экен да.

“Эски обондорду кайра ырдап чыгып, популярдуулукка жетип жатышат”
Эски ырларды жаңылап ырдап жаткандар, азыркыдай начар ырларды ырдагандан көрө начар ырдаса да ырдай берсе мейли. Байкасаңар азыр популярдуу болуп жаткан ырчылар ошол эски обондорду кайра ырдап чыгып популярдуулукка жетип жатышат. Жаңы ырлар менен бир-экөөсү болгондур. Себеби, эски ырларда обон бар, азыр кээ бир ырчылар билип калды, эски ырлар менен эл жакшы кабыл аларын. Бирок алардын арасында деле эптеп эле ырдагандары бар, бирок канткен күндө дагы, бүгүнкү “даңка-дүңккө” караганда, ошол эски обондорго кайрылып жаткандарына шүгүр деп турабыз.

Динара Чокоева, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.