Кемелине келтирген уста

Маданият жана маалымат министрлиги, Орто Азиялык чеберлерди колдоо бирикмесинин Кыргызстандагы ресурстук борбору “КАКСАРК кейджи” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп,  быйылкы жылы алтынчы жолу өтүп жаткан  “Оймо – 2011” эл аралык фестивалына Тажикстандан, Казакстандан, Өзбекстандан, Түркмөнстандан, Индиядан, Түркиядан, Алтайдан, Россиядан келген 120дан ашуун кол өнөрчүлөр колдонмо-жасалга өнөрүнүн бардык түрлөрү боюнча жогорку деңгээлде даярдалган буюмдары менен катышты.

Фестивалдын биринчи күнү борборубуздагы “Россия” кинотеатрынын жанындагы аянтчада ачылып, мындагы жайма жарманкелердеги колунан көөрү төгүлгөн уздарыбыздын буюмдары көпчүлүктүн көөнүн өзүнө тартты.

Мына ошондой элдин арзуусуна татыган өнөрлүүлөрдүн бири – чоподон керамика буюмдарын кемелине келтире жасаган уста – Юсупов Сухроб укумдан тукумга уланып келе жаткан чопочулук – сапол өнөрүнүн жетинчи мууну экен. Атасы Юсупов Шарафидин Өзбекстандын Көркөм сүрөт академиясынын академиги катары 30 жылдан бери студенттерге таалим берип келет. Анын өнөрканасында өзү жасаган керамикалык буюмдарынын музейи ачылган. Мында каалоочулар келип, чоподон ар кандай буюмдарды жасоону үйрөнсө болот.

Чоподон жасалган керамикалык буюмдарды, идиш-аяктарды: касаны (чыны), чайнекти, табакты, жашылча салуучу идиштерди, ар кандай фигуркаларды, статуэткаларды даярдоодогу өзүнүн ыкмасы боюнча Сухроб төмөндөгүдөй баяндап берди:

-Эң биринчи керектелүүчү материал болуп саналган чопону Риштан шаарынан 8 км. радиусту камтыган аймактан гана алабыз. Белгиленген чектеги аралыктан чопо алууда алгач өсүмдүк  өсчү катмардан баштап 70 смге чейинки аралыктагы  топурак алынып ташталат. Андан кийинки 2 м. аралыктагы чопо сапаты боюнча эң мыкты болуп эсептелинет. Андан ылдыйкы катмар жараксыз.

Алынган чоподон биринчи күнү буюмдун сөлөкөтү – (формовка) шакл алынат. 2-күнү даярдалган буюмдар кургатылат, жайында бир күндө, ал эми кыш мезгилинде 2-3 күндө кургайт. 3-күнү алар үстүнөн суу менен иштетилет, башкача айтканда буюмдун бети суу менен жылмаланат. Төртүнчу күнү ангоб жасалат (ак топуракка жуулат). 5-күнү 600°С ысык меште какталат да, 6-күнү буюмдун бетине сүрөт түшүрүлөт. 7-күнү глазурлоо жүргүзүлөт, аягында 8-күнү даяр болгон буюмдар 980°С ысыкта меште какталат.

Бир эле учурда ушундай ыкма менен жүздөгөн керамикалык кооз буюмдар даярдалат. Сухроб Юсуповдун колунан чыккан керемет таш табактар Орто Азия, Казакстан боюнча ар дайым өзүнүн кардарларынын суроо-талаптарына ээ экендиги менен баа­луу.

Алтынай АТТОКУРОВА, КР эл чеберлер союзунун этнографы,
КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, искусство таануучу
,
“Кыргыз туусу”, 18.08.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.