Оорулууларды бекер дарылаган дарыгер Кабылжан Юлдашев

– Элдик дарыгер болуп иштеп жүргөнүңүзгө канча убакыт болду, атайын билимиңиз барбы?
– 20 жыл болуп калды. Тибет шаарында атайын Тибет медицинасын жети жарым жыл окуп үйрөндүм. Пекинде, Тайвандда, Сауд Аравияда, Германияда иштедим.

– Кыргызстанга кандайча келип калдыңыз?
– Мен кыргыздын кулунумун. Нарында төрөлгөм. Менин максатым-кыргыз элине колумдун келишинче жардам берүү жана элиме кызмат кылуу. Жакында Кыргызстандын бардык облустарына барып, ар бир айылын кыдырып, баса албай же үйүнөн чыга албай жаткан оорулууларды бекер, өз жанымдан дарылап жардам берип, батасын алып келсем деп ниет кылып жатам. Атайын Саламаттыкты сактоо министрлигинен уруксат алдым.

– Кимден таасир алып дарыгерликке кызыгып калгансыз?
– Менин атам күчтүү дарыгер болгондуктан, “Эң улуу дарыгер” деген наам алган. Биз 12 бир тууганбыз, анын ичинен төртөөбүз гана атабыздын жолун жолдоп кеттик. Атамдан таасир алдым деп ойлойм.

– Кайсы ыкма менен дарылайсыз?
– Мен Тибет медицинасын окугандыктан, албетте, тибет ыкмасы менен дарылайм. Тердетүү, банка коюу, ийне саюу жана башка түрдүү ыкмаларды колдоном. Атайын аппараттар менен түрдүү процедураларды жүргүзөм. Тибет медицинасы кыргыз медицинасына окшошуп кетет. Мисалга алсак, азыркы учурда, орусча айтканда пульсовая диагностика деп коюшат. Мына ошол ыкманы биздин кыргыздар мурунтан колдонуп келген. Бизче айтканда тамыр кармоо. Илгертен эле биздин ата-бабаларыбыз тамыр кармап ооруга диагноз коюп келишкен. Күчтүү кыл тамырчы болушкан. Мен да тамыр кармоо жолу менен оорулууларды көрөм.

– Иштөө убактыңыз кандай?
– Бир суткада үч саат гана уктайм. Карап көрсөм таңкы саат бештен баштап түнкү саат онго чейин иштейт экенмин. Кечинде атайын чөптөн дарыларды жасоо менен алектенем. Кээде гана өзгөрүлүшү мүмкүн. Мага оорулуулар качан кайрылса ошол учурда карай берем. Таңкы саат бештен түшкү саат он экиге чейин тамыр кармоо жолу менен көрөм. Андан кийин профилактикамды баштайм.

– Тамыр кармоо менен адамдын кайсыл жери ооруй тургандыгын кантип аныктаса болот?
– Бул илгертен ата-бабаларыбыздан калган ыкма. Тамыр адамдын организминдеги бардык мүчөлөр менен туташ болгондуктан, ооруну аныктоого мүмкүндүк берет. Мен тамыр кармоо менен ооруларды аныктап диагноз коё алам. Бул сезүү жолу деп айтсам да болот. Биздин тил менен айтканда ысык, суукту айырмалап билүү.

– Учурда сизге кайсыл оорулар менен көп кайрылып жатышат?
– Кан басымы төмөндөп же жогорулап кеткендер көп кайрылышат. Андан кийин грыжа, тукумсуздук, кант диабети, миома, киста. Азыркы учурда оорунун түрү көп эмеспи. Түрдүү оорулуулар келип кайрылышат. Кээде операциядан кийинки оор абалда келгендер да болот. Өтүн алдырып кыйналып келгендер да бар. Бардыгына колумдан келишинче жардамымды берип келе жатам.

– Демек, элдик медицина жолу менен бардык ооруларды дарыласа болот экен да?
– Аны кудай билет. Бирок менин билишимче элдик медицинада б.а. тибет ыкмасы менен бардык ооруларды дарыласа болот. Жеке менин колумдан операциядан кийин келип дарылангандар көп эле болду. Операцияга чейин дарылап да келе жатам. Буюрса, баары эле жакшы. Ооруканада жатканда түрдүү дары, уколдорду кабыл алууга туура келет. Дарыларда химикат болгондуктан, анын 30 пайызы боордо калат. Бир жерге пайда болсо, экинчи жерине чоң зыян алып келиши мүмкүн.

– Сиз туура эмес диагноз коюп, адашкан учурларыңыз болду беле?
– Мен ошондон корком. Менде андай учурлар болгон эмес. Бирок “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деген сыңары бир күнү жаңылып калуудан корком. Андан кудай сактасын.

– Сизге Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келип дарыланышат экен деп угуп калдык, чет мамлекеттен келгендер барбы?
– Чет өлкөдөн келип дарылангандар көп эле санда. Москвадан, Казакстандан, Сауд Аравиядан ж.б. шаарлардан келгендер бар. РФнын депутатынын кызын дарыладым. Ал кыз баса алчу эмес. Бардык аракетимди жасадым. Үч жылдын ичинде басып калды. Алар менин Москвага барып иштөөмдү көп жолу суранышты. Канча акча сурасаң баарын беребиз деп да айтышты. Мен кыргыз элиме кызмат кылам деген оюмдан кайткан жокмун. Ал кыздын Кыргызстанга келип дарылануусуна кыргыздын таза абасы, суусу да жардам берди деп ойлойм.

– Сиз билгендерди элге үй шартында үйрөтүүгө мүмкүнбү?
– Албетте, биринчи орунда атайын окуп үйрөнүү керек. Мен да балдарымдын менин жолумду жолдоосун каалап, эки баламды тең атайын Кытай медицинасына окуттум. Учурда эки уулум: Шерзат менен Бекзат жардамдашып иштеп жатышат. Устаттан шакирт өтүптүр болуп барган сайын балдарымдын билими менден күчтүү болуп бара жатат. Бул да болсо менин жетишкендигим деп айта алам.

– Оорулууларга көбүнчө кандай дарыларды сунуштайсыз?
– Кыргызстандан чыккан кыргыз бальзамы деген бар. Ал бальзам дүйнөдө баалуу. Мен бальзамды дагы иштеп чыгам. 12 саат манты касканга кайнатып атайын дары чөптөрдү кошом. Мисалы: алтын тамыр, мээр чөп, ж.б. Мына ошондо дарылык касиети андан да жогорулайт. Көбүнчө ушул дарыны сунуштайм. Жөнөкөй эле кыргыздын улуттук суусундугу болгон бозо да көптөгөн ооруларга жардамы чоң. Андан башка атайын Таиланддан крокодилдин майын алдырам. Кыскасы, химиялык зат жок табигый дарыларды сунуштайм.

– Кайсы чөп кайсы ооруга дары экенин кантип билесиз?
– Анын баары изилденип чыккан. Жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берейин. Кудай ушундай кылып жаратыптыр, көпчүлүк өсүмдүктөрдү адамдын организминдеги ар бир мүчөгө окшоштурса болот. Мисалы: буурчак адамдын бөйрөгүнө, ал эми жаңгактын маңызын ортосунан экиге болуп карасак, ал адамдын өпкөсүнө окшош. Же болбосо жаңгактын маңызын карасак адамдын мээсине окшош. Ошол сыяктуу эле байкаса болот. Бирок ар бир чөптү кандай ооруга дары экендигин карап, изилдеп чыгыш биздин милдет.

– Сизди бекер дарылайт экен деп угуп калдык, бул чындыкпы, чын болсо бир күндө канча киши кабыл аласыз?
– Ооба, мен пенсионерлерди жана жаш балдарды бекер дарылайм. Мага келген оорулуулардан эч убакта акча сурабайм. Каалаган киши өзүнүн көңүлүнөн чыккан акчасын таштап кетишет. Балдарыма да эч убакта акча сурабагыла деп эскертип келем. Бир күндө орто эсеп менен 200-300 киши кабыл алам.

– Оорулууларды бекер дарылап жатсаңыз, акчаны кайдан таап жатасыз?
– Эң биринчи кудай берекесин берсин. Ошондо гана баары болот. Мага ошол өз көңүлүнөн чыгарып таштап кеткен акча гана ашыгы менен жетип келе жатат. Мен канчалык көп акча тапсам да, тапкан акчамдын берекеси болбосо эч нерсеге жетпейт. Ниетим элден бата алуу болгондуктан, бекер дарылоого аракет кылып жатам.

– Кыргызга белгилүү инсандардын арасынан да келип дарылангандар болдубу?
– Көп эле белгилүү инсандар келди. Аскар Салымбеков, Нарындын губернаторунун орун басары, министрликте иштеген көп кишилер келишти. Мен аларды деле эл катары дарылап чыгардым.

Нурелла Жаркулова, “Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 18.05.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on “Оорулууларды бекер дарылаган дарыгер Кабылжан Юлдашев

  • 18.09.2014 at 22:34
    Permalink

    муун оорууларын кантип даарыласа болот?

    Reply
    • 19.09.2014 at 11:53
      Permalink

      Саламатсызбы.

      Бул суроо менен сиз Кабылжан Юлдашевдин өзүнө кайрылганыңыз туура го.

      Урматым билдирип,
      Марат Токоев

      Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.