Гагаринди таң калтырган Молдогазиев

Турганбай Молдогазиев 1962-жылы Советтик Армиянын катарына кызмат кылууга чакырылганда атактуу талант Муса Баетовдой болуп комузун өзү менен кошо ала кетет. Анан 1965-жылы Москвада өткөн СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн өздүк көркөм чыгармачылык фестивалынын финалында комузда кол ойноткондо,  ошол залда биринчи космонавт Юрий Гагарин да отурган экен…

Концерттен кийин комузда кол ойноткон кыргыз жигити менен атайын келип жолуккан Ю.Гагарин андан:

– Бул казактын аспабыбы?-деп сураптыр.

– Жок, кыргыздыкы, – дейт Т.Молдогазиев.

Биринчи космонавт баш ийкеп ыраазы  болгонун билдирет.

– Ошондо кыргыздын улуттук аспабы комузду Гагаринге тааныштырганыма абдан бактылуу болгонмун, – деп эскерет азыркы ардагер музыкант Турганбай Молдогазиев.

Т.Молдогазиев өз өнөрүн Көлдүн Карагай-Булак (азыркы Кашат) айылында, биздеги ырым болуп калган салтка ылайык, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун комузунун башын тиштеп, үйрөнүп баштаган экен. Кийин Москва мамлекеттик маданият институтунда билим алган. Биздин атактуу маданият министрибиз Күлүйпа Кондучалованын убагында Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке жетекчиликке дайындалган. Ошол жерден 1973-жылы дүйнөгө белгилүү скрипач Мстислав Ростропович Кыргызстанга келгенде аны менен жолуккан.

Азыр көпчүлүк биле бербесе керек. СССРдин эл артисти Асанкан Жумакматов жетектеген камералык симфониялык оркестрдин коштоосунда аткарылган “Гүлдөй бер, Кыргызстан!”, “Улуу достук” чыгармаларынын музыкасын жазган да ушул адам. Анын элүүдөй ыры Кыргыз радиосунун “Алтын фондусуна” жазылып алынган.

“Манас” эпосунун 1000 жылдыгына карата 1995-жылы “Тайторунун чабышын” нотага түшүрүп,
мааракеге чоң белек жасаган. Азыр да чарчадым-чаалыктым дебес­тен, акыркы жылдардагы обондуу ырларын чогултуп, “Себеленген сезимдер” жыйнагын чыгарып отурат. 2011-жылы патриоттук ырлардын телекароосунда Элмира Кайып кызы ырдап чыгып лауреат болгон “Эр жоокер” ырынын сөзү да, обону да Турганбай Молдогазиевдики.

Т.Молдогазиев таланттуу музыкант гана эмес, мыкты уюштуруучу катары да белгилүү. Өткөн кылымдын 70-80-жылдарында бүтүндөй республикага таанылып, ал түгүл чет өлкөлөргө чейин гастролдорго барышкан Кочкордогу “Шаттык”, Көлдөгү “Ак-Куу”, Киров (азыркы Кара-Буура) районундагы “Жылдыз”, Ленинполь (азыркы Бакай-Ата) районундагы “Үрмарал” ыр-бий ансамблдеринин  көркөм жетекчиси болгон. Азыркы белгилүү ырчы Саламат Садыкованын “Жылдыз” ансамблинен азыркы убакка чейинки эмгек жолундагы насаатчысы болуп келет.

Жетимишке чыгып, чыгармачылыгынын элүү жылдыгын жакында жупуну белгилеген Т.Молдогазиев учурда Бишкекте №165 балдар бакчасында “Жанар” жана №68 орто мектепте “Шыгыр” хор жамааттарын уюштуруп, ийгиликтүү жетектеп келүүдө.

Жуманын ар бир күнүн иш үстүндө өткөргөн бул адамды музыкага чындап берилген фанат экенине ынанбай койбойсуң.

Аскар МАМЫШЕВ, “Кыргыз Туусу”, 22.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.