“Саякбай, Сагымбайдын Манасы менен Бүбү Мариямдын “Айкөл Манасы” түштүк менен түндүк уюлдай”

Коомчулукта болуп аткан “Манас” эпосу боюнча талаш-тартышты чагылдырып келатканыбыз окурмандарга дайын. 25-май күнү да Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында “Манас” чексиз ойдун ченемсиз күчү” аталыштагы “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзам кабыл алынгандыгынын бир жылдыгына арналган симпозиум болуп өттү. Бу жолу ага “Айкөл Манас” он томдугунун автору Бүбү Мариям, аны колдогондор, анын томдуктарынын коомчулукка таралышына каршы чыгып аткан окумуштуулар, тарыхчылар, тилчилер, коомдук ишмерлер жана манасчылар келишти. Симпозиум беш сааттан ашык созулуп, сөз арасында кер-мур айтышуулар да болуп кетти. Калыс пикирин айтып, элди ынтымакка чакыргандар да болду. Ал жердеги айтылгандардын баарын бере албасак да негизгилерин берүүгө аракет кылдык.

Жайсаң өзү ким деги?

Алгач сөз алган философия илиминин доктору Кусейин Исаев 15-майда болгон тарых музейиндеги жыйынга чакырылбаганын, болбосо коркпой эле келмектигин билдирди. “Албетте, Манастын байыртадан бери калыптанып калган окуялары толук сакталары түшүнүктүү. Бирок аны ар бир муун өзүнүн түшүнүгүнө, кабылдоосуна жараша көркөмдөп берет. Ошондуктан Манастын муундардын дүйнө таанымына, жоопкерчилигине жараша жаңы варианттар эч убакта пайда болбойт деп ким кепилдик бере алат? Менимче, ушул маселелердин баары илимий жактан тактоону талап кылат. Кыргызстанды жакшырта турган, кыргыздардын жакшыларын көрө турган кыргыздан башка эч ким жок. Ошон үчүн бардык маселелерге жоопкерчилик менен мамиле жасайлы. Келечек муун эртеңки күнү бизден кандай таалим-тарбия аларын ойлонолу” деди Кусейин Исаев.

Экинчи болуп сөз алган ЖК депутаты Каныбек Иманалиев симпозиумга катышуучулар Манасты чуу көтөрбөй туу көтөрүп, Манастан чыр издебей сыр издегени чогулгандыгына токтолду. “Манасты кыргыз баласы тамганы тааныбай туруп түшүнөт. Бул генетикалык деңгээлде берилет. Саякбай өзүнүн эскерүүсүндө мен Солтон-Сарыда 23 күн тынбай манас айттым деп атат. Эсептеп көрсөм, ал бир жарым миллион сап, төрт жарым миллион сөз айтыптыр. Бул адамдын акылына сыйбай турган нерсе. Москвадагы бир окумуштуу генийлердин мээсинде 20 миң маалымат сакталат. Жаңы маалымат алса эскилерин унутат деп айткан. А Саякбай – айылдык бир чал. Ал 4,5 млн. сөз айтып атпайбы. Демек, Манас адабият эмес, ал бийик касиет. Муну сезиш гана керек. А манастын музыкасычы?! Виноградов музыка илиминде дүйнө боюнча жети эле нота бар деп жазып атат. Манас айтылып атканда 28 нотага чыгып кетет. Анан Саякбайды кайсы эрежеге батырасыңар? 2010-жылы жаманбы-жакшыбы, Манас мыйзамы, Манас программасы жазылып, кабыл алынды. Эми биз Манаска берилгендигибизди иш менен далилдейли да. Манас жөнүндө макала, илим, китеп жазалы. Ленинграддан Жирмунский келип алып, Манас жүргөн жерлер катары Каркырадан Алайга чейин кыдырып атпайбы. Азыркы окумуштуулар неге ошону кылбайбыз? Манас жана география, Манас жана археология, эмне деген мейкиндик жатат? А биз кичинекей жерден талашып-тартышып элдин маанайын алып атабыз. Азыр Манас боюнча чыгып аткан китептердин арасында эки жакшы китеп бар. Анын бири “Раритет” басмаканасы чыгарган түстүү “Манас жомоктору”. Экинчиси, Бүбү Мариям эженин талаш-тартыш жаратып аткан “Айкөл Манас” дастаны. Манас боюнча жалгыз илимдин доктору Раиса Кыдырбаева бул он томдук Манастын бир варианты катары каралыш керек деп атат. Жайсаңды бири калмак, бири моңгол дейт. Жайсаңды мындан отуз канча жыл мурун өзүнчө предмет кылып иликтеген Муңдук Мамыров 1974-жылкы эмгегинде Ырамандын ырчы уулу өзүнчө, Жайсаң ырчы өзүнчө деп жазып атат . Буга удаа ал Жайсаң ырчы “Манас” эпосунун Гомери деп атат. Же буларды жокко чыгарабызбы? Ич ара кырылыша бербей сыртка чыгып Манасты даңктайлычы” деп сөзүн аяктады Каныбек Иманалиев. Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковдун айтымында, кийинки кезде Манастын көп кыры ачылып, илимдешип аткандыктан көз караштарда артта калуучулук, алдыга чаап кетүүчүлүк да болуп атат. “Биз Манасты урматтасак, анын кырк чоросун да ошондой сыйлашыбыз керек. Ошондуктан биринчи кезекте Жайсаң Манастын чоросу болгонбу, болбогонбу ошону симпозиум тактаса илимий чоң ийгиликке жетишкен болот элек. Бул жыйындын олуттуулугун эске алып мен сандаган окумуштуу, илимпоздор чогулуп келип Жайсаң боюнча чыгарган корутундусун көчүрүп келдим. Мында “Жайсаң кырк чоронун бири, Үмөттүн уулу, чоролордун катарында дайыма аты аталат. Манас Каныкейге күйөөлөп барганда ал ат чаап, жер тандоодо аты он сегизинчи келип, тагдырына буюрган Албүбүгө үйлөнөт” деп жазылат. Ошол эле Сагымбайда “Салтанатын көргөндө, Жайсаң ырчы дегени, жалаң үйдүн порумун, жарым күнү ырдаган” делет. Жайсаң калмактын ырчысы дегенге ушул багыт берип атат. Ошондуктан ушуну тактап алганыбыз туурадыр. Эми чоро Жайсаңдан башка Жайсаң деген ырчы болгонбу деген маселе бар. Жакында эле Шаабай манасчынын 1 томдук китебинин 56-бетинде Жайсаңдын чоро да, ырчы да болгону келтирилген. Мындан сырткары, Назар манасчынын манасында Манас жарадар болгондо Кайыпданга Жайсаң ырчыны жиберели деген жерлери бар. Жайсаңды калмак деп атышат. Манастын аялы Карабөрктүн атасы Манас менен урушуп, жеңилип кызын Манаска берет да, андан ары кыргыздар тарапта болот деп жазылып атат. Эгер биз Манастын кырк чоросун Манас менен кошо кыргызга өмүрүн сайган улуу адамдар деп түшүнсөк, алардын арбагына кылапат айтууга акыбыз барбы? Эгер Жайсаң ырчы катары жолун таап ушул заманга өзүнүн вариантын берип атса, элдин аны менен таанышууга укугу барбы? Мен болгону Жайсаң Манасын башка Манас варианттарын иликтегендей иликтегеним үчүн гана күнөөлүү болуп отурам. Кыскасы, биз качан Манас атабызды тарыхый инсан катары таанып, анын рухуна баа бергенде гана кыргыздын келечеги ачыларына ишенем” дейт Асан Жакшылыков. Сөз аягында А.Жакшылыков Бүбү Мариям менен мамилеси жакшы болуп кетпегенин, саентология, “Кылым көчүнө” такыр тиешеси жок экенин айтып агынан жарылды. Баарынан кызыгы, симпозиум аягында депутат Каныбек Иманалиев Бүбү Мариямды Кыргызстандагы Манаска өмүрүн сайган жалгыз адам атап отургандардын оозун ачырды.

Кенжаалы САРЫМСАКОВ, коомдук ишмер: 
– Манастын касиетин, сырдуулугун биз илимий негизде аныктай албайбыз. Манасты угуп атып ыйлап жиберүү да бул анын касиеттүүлүгүнүн далили. Абылмажин деген жигит үч жарым жыл Америкада иштеп келди. Ал ошол жакта жүргөндө жаңы жылга карата бир иш-чара болуп калып, ар бир улуттун өкүлдөрү өз өнөрүн көргөзүп бериптир. Абылмажинге кезек келип Алманбеттин арманын айтып бердим дейт. Ал жердегилердин баары тунжурап угуп, бүткөндө анын костюмун кармалашып, асмандан түшкөнсүп таңгалышыптыр. Демек, бул сырдуу дүйнөнүн кутун учурбай сырдуу бойдон сактап, кийинки муундарга өткөрүү тирүү кыргыздардын ыйык парзы деп эсептейм. Ошондуктан агайын-туугандар, эгер биз өзүбүздү өзүбүз сыйласак, кийинки урпактарыбыз кыргыздын улуу касиетин улантуусун көздөсөк, моминтип жок жерден чырдашпай, келечегибизди ойлогонубуз оң болор.

Жылдыз ОРОЗОБЕКОВА, философия илиминин доктору:
– Менден Бүбү Мариям жазган чыгарма фольклордук чыгармабы, эпостун вариантыбы, версиябы же эмне деп сурап атышат. Жакында мен он томдукту окуп чыктым. Бул вариантка чейин мен Манастын башка 11 варианты менен таанышкам. Ошол варианттардын бардыгында Жайсаң деген ырчы тууралуу айтылат. “Кайыпдандын кызы Карабөрктү күйөөгө берип жатканда Жайсаң деген ырчысы, жалаң үйдүн порумун жарым күнү ырдаган” делип атат. Ал жерде Жайсаңды калмактын ырчысы деп ким кепилдик бере алат? Салттуу Манастын ичинде жомок, түш, аян, мифология толтура. Ошондуктан “Манас” эпосу мифологиядан тартып реалдуу тарыхка чейин камтылган элдик көркөм чыгарма. Ал эми Бүбү Мариям эжебиздин “Айкөл Манасын” “Жайсаң” деп атаса туура болмок. Экинчиден, бул он томдуктун төрт томдугунда укмуштуудай уламыш-жомоктор камтылган экен. Албетте, ар бир жазмакер, манасчы эпосту өз дараметине жараша вариациялайт. Бирок эпостун өзөктүү окуялары сакталат. Манастын ар башка жанрда жаралып атышы Манастын канаты жайылып атканын көрсөтүп атат. Бүбү Мариямдын чыгармасындагы талаш-тартышты негизинен медитация жаратып атат. Ар бир вариантта кемчилик болгон сыңары эле, Мариям эженикинде да кемчиликтер бар. Алманбет менен Чубакты жараштыргандан кийин Манас тизелеп алып Алманбеттен кечирим сурап ыйлап атат. Өзү хан болсо, аны тизелетип койгон болбойт. Бул идеологияга туура келбейт. Мындай эпизоддор Жусуп Мамайдыкында да бар. Анда Нескара кыйкырганда Күлчоро, Канчоро калтырап, аттарынын чатына кире качып атышат. Качан ошентишти эле? Анан Семетейди чыккынчы кылып атат. Ушу сыяктуу бурмалоолордун кереги жок. Ошондуктан урушпай-талашпай Жайсаң Манасын окумуштуулар иликтеши керек.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер:
– Манас боюнча жазгандар акыркы 20 жылда топон. Бирок биз асман менен жердей айырмасы бар нерсени ачык айтып алышыбыз керек. Биринчиси, былтыр Манас жөнүндө мыйзам кабыл алынып, 2204 мектепке, 125 орто жана атайын окуу жайларга, 52 ЖОЖго “Манас таануу” сабагы кирген. Мына ошол “Манас таануу” сабактарында классикалык үлгүлүү варианттарын гана окутуп, ошонун негизинде гана китеп жазышыбыз керек. Алар эң биринчи Сагымбай, Саякбай бабаларыбыздын варианттары. Былтыр Каныбек иним баш болуп алты киши “Манасоведение” деген китеп жазгансыңар. Каныбек иним, жазган үч темаңдын аягында баланча деген манасчыларды окугула деген сунуш бергенсиң. Саякбай, Сагымбай жок ал жерде. Бүбү Мариям бар. Кээ бириңер Бүбү Мариямдын он томдугун үлгүлүү, уникалдуу вариант деп атасыңар. Менимче, бул бир кишинин жазган китеби. Кувейт каржылаган бир мектепте муну окута да баштагансыңар. Бул бекеринен эмес да. Кыргызстанда деги мамлекет деген барбы? Же ар кимибиз эле билген намазыбызды окуй беребизби? Кыскасы, азыр Манасты жазгандар, айткандар да көп. Болгону кимиси бизге ай-асманга жеткен салттуу, ыйык Манасты бүткүл улуттун, адамзаттын мурасы катары калтырды, кимиси өзүнүн жеке көз карашы менен жазып, айтып атканын айырмалап алалы.

Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу: 
– Урматтуу туугандар, биз бүгүн Улуу Манастын туусунун астында карама-каршы ойлордун негизинде жыйналып отурабыз. Ошон үчүн этияттап сүйлөп, Кудайдан да, Манастан да коркушубуз керек. Манасты жамынып алып урушуп-талаша берсек жакшылыкка алып барбайт. Бүбү Мариям эженин жазган аяны тууралуу туура эмес деген пикирлер айтылып атат. Аларга да капа болбошубуз керек. Анткени аянды ар ким ар кандай түшүнөт. Бул жерде болгону автордун салттуу Манастан четтеп кетпөөсү тууралуу сөз болушу керек эле. Ушуну айтпай азыр айрымдар 52-жылдагыдай өздөрүн көрсөткүлөрү келип атат. Он томдук Манастын кемчиликтери боюнча мен 2001-жылдары эле жазгам. Ал жерде жыл санагы боюнча туура эмес жерлери бар. Бирок бул томдуктардын ашык жерлерин алып, кайра оңдоп китеп кылып чыгарып койсо болмок. Антпей, биз элди козутуп ашыкча ызы-чуу жаратып ийдик.

Кеңеш ЖУСУПОВ, Кыргыз эл жазуучусу:
– “Манас” ыйык эпос. Манас тууралуу кыйкырганда өзүбүздү да кармай билелик. Улутка, Манаска эмгек кылып туруп анан күйөлүк. Ушул убакка чейин “Манас” эпосу боюнча кыргыздар эч нерсе кыла элекпиз. Ага караганда казак, орус окумуштуулары көп эмгек жасап кетишти. “Манас” эпосу боюнча философиялык, лингвистикалык, тарыхый, мифологиялык, теологиялык, диний, мистикалык жактан жасалчу көп иштер жатат. Этнографиялык жактан Молдобаевден башкабыз иш кыла элекпиз. Байыртадан Манасты кекиртек менен айткан. Музыкалык жактан алсак илгери чаткан деген аспап менен, комузга салып айтышкан. Бул жагын изилдей элекпиз да. Чынымды айтайын, мен Бүбү Мариямдын акыркы он томдугун толук окуй элекмин. Бул талашты ашыкча кеткен эле эмоция деп ойлодум. Кыскасы, бара-бара оңолорбуз. Биз кыйшык кетсек кийинки муун оңоор.

Тынчтыкбек ЧОРОТЕГИН, тарыхчы, журналист:
– Биз эгемендүүлүктү алгандан тарта мобул “Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы” китебин 6-7-8-класстар үчүн чыгарып келатабыз. Майрамбүбү эже өзүнүн чыгармасын өзүнүн атынан мейли жүз, мейли эки жүз томдук чыгарсын, сөз айтпайт элем. Бирок муну аян аркылуу тиги дүйнөдөн чындыктын-чындыгы деп алып таркатып аткандан кийин эжеге, аны колдоп аткандарга тарыхчы катары бир-эки суроом бар. Он томдукта “Айкөлгө аттанарда бул жалгандан жаңы эле 55ке койгон кадам, анда мен 42де толук кезим, Айкөлдөн 12 жыл кеч туулгам” дейт да, “Жарыкка келген жылым Манас атаң, азыркы эсеп менен тактап айтам” дейт. Азыркы эсепти Жайсаң билет экен. Анан “670тин август айы, Алтайга анын тамган киндик каны” деп жазылыптыр. Анда бул тарых китебин ыргытышыбыз керекпи? Анткени ошол жылдарга тушташ Барсбек каган бар. Ал жөнүндө Орхон-Энисей, кытай жазмаларында сакталып калган. Азыр тапанча кезесең да аны эч ким танбайт. Дагы бир жеринде Жайсаң “Үчөөңөр ант-шертинен четте калып, Эрнестин жалгыз өзүнүн шертин алып” делет. Мен Эрнест Хэмингуэйди билет экен десем, биздин Эрнест Абдыжапаров агайды эле билет экен. Кыскасы, санап отурсак бул томдуктарда ушул сыяктуу өтө көп анохронизмдер бар. Андыктан тарыхчы катары айтарым, салттык “Манас” дастаныбыз туура иликтенип, улуу мурас катары сакталышы керек.

Курманбек АБАКИРОВ, КУУнун кыргыз филология факультетинин кафедра башчысы:
– Бул жерде эгер бул чыгарма автордун чыгармасы катары элге сунушталса талаш болмок эмес деп туура айтып атышат. Бирок чыныгы “Манас” эпосу ушул, кыргыздын чыныгы тарыхы ушул деген көз караш эч качан элге сиңбей турган, элдин тарыхын, рухун буза турган көз караш. Мен бул он томдукту толук окуп чыккан киши катары бул Манастын рухун, Манастын идеясын, маани-маңызын түп- тамырынан бери ревизия кылган, алешем, шумдуктуу нерсеге айланта турган чыгарма деп айта алам. Бул боюнча мен ачык эле айтып, жазып атам. Бул жерде калп эле Сагымбай, Саякбай тууралуу кеп кылып, Манаска жамыныштын кереги жок. Себеби, Саякбай, Сагымбайдын “Манасы” менен Бүбү Мариямдын “Айкөл Манасы” түндүк менен түштүк уюлдай нерсе. Экөө эч убакта жанаша тура албайт. Бүбү Мариямды баягыда теледе Саякбайга теңеп айтып атышат. Мен бул эже тууралуу эч нерсе айткым келбейт. Эгер манасчы болсо азыр жарым саат манас айтып берсин, угалы. Айтаарым, ушундай жалган, элдин башын айланткан жамынчынын кереги жок. Бул жерде биз текстти жиликтей элекпиз. Бирок тексттин ичинде Манасты, Манас аркылуу кыргызды шылдыңдаган, мазактаган толтура нерселер бар. Манас баланчанчы жылы баланча жерде төрөлгөн деп атасыңар. Аны эмне менен далилдейсиңер? А Жылаңач-Мазарга коюлганын кантип тастыктайсыңар? Эртең дагы бир арбак айтты деп отурсак тарыхыбыз өлгөн экен. Мунун баары орой айтканда, оорукчан фантазиядан жаралган нерселер. Ушунун баарын чыныгы Манас деп элге тартуулап атканыңар дүйнөлүк коомго кыргызды шылдыңдап атканыңар.

Кадыркул ДАУТОВ, сынчы, адабиятчы:
– Мен сынчы катары “Айкөл Манасты” чыгарма деп айтпайм. Айтканымды 111 пайыз далилдеп бергенге кудуретим жетет. Бул жерде бул фольклорбу же көркөм жазма адабиятпы деген суроо турат. Кайсынысына кошобуз? Эгерде Манас бир жарым миң жыл мурда жаралып, миң жылдап барып калыптанып атса, беш-он жылда эле жаңы вариант, эпос жарала калабы? Эпос деген калем, кагаз жок кезде, бир манасчыдан экинчи манасчыга өтүп, толукталып отуруп калыптанат. Анан биз мунун уламышын, имиштерин алып таштап таптаза болгон Манасты жаратат имишпиз. Бул жеткен сабатсыздардын, көркөм чыгарма менен фольклор деген эмне экенин ажырата билбегендердин түшүнүгү. “Манас” эгерде мындан бир жарым миң жыл илгери жаралса, анын классикалык доорунун эң акыркы өкүлү – Саякбай, Сагымбай. Ошону менен классикалык доору бүткөн. Азыркы жаңы вариант жазгандарга Манастын арбагынын каргышы тийбесин. Мына пьеса кылып, кара сөз менен Манаска тийишпей жазып атышат. Ошентип жазсын, ага эч ким тийишпейт. Эгерде бүгүн Майрамбүбүнүн “Айкөл Манас” дегени эстетикалык асылдык жагынан Сагымбайдын, Саякбайдын варианттары менен тең турса же андан ашык турса, анда кеп башка. А бул эч убакта Манастын варианты боло албайт. Бул атайын дайындалган топтун жасап аткан тескери иши. Анын ичинде иним Каныбек Иманалиев сен да барсың.

Бүбү МАРИЯМ, “Айкөл Манас” он томдугунун автору:
– Урматтуу ата журттун эрендери, энелери, кыздары, мен ушул сиздердин астыңыздарда бүгүн чыгып бир нерсе айтайын деген оюм жок эле. Өмүрүмдүн көбүн жөн эле айылда көрпенделик менен кечиргем. Отуз жылдан ашык мал аркасында жүргөн эле койчунун аялы болчумун. Буйрук деген нерсени эч кимибиз тана албайбыз. Канчалык атеисттик кылсак деле буйрукту танууга болбойт. Буйрук экен бир сырдуу дүйнөнүн эшигин кагып алып, 17 жылдан бери ошол дүйнөгө аралашып келатам. Ошол жылдар аралыгында эч кимге кайрылган эмесмин. Болгону Жумгал районунун акими Эркин Аманалиевден бир кабинет сурагам. Ал өтүнүчүмдү кабыл алып ошол күндөн бери көмөк көрсөтүп келатат. Бул сырдуу дүйнө. Муну мен бирөөлөргө жарнамалап, жайылтайын деген деле оюм жок. Адегенде китеп болуп чыгат деп деле ойлогон эмесмин. Мен жазуучу, акын, манасчы да эмесмин, айланайындар. Мен жөн гана карапайым аялмын. Мен аянды кандай алсам ошондой бергем. Адегенде Шакин Эсенгулов агай менен иштештим. Эгер силер айтып аткан дооматтар мен чечмелеген ыр саптарда болсо, аны өзүңөр айткандай профессионал акын-жазуучуга койсоңор болот. Мен болгону бул жалгандагы өтөй турган милдетимди өтөп келаткан бир аялмын. Сиздерден башымды ийип өтүнөрүм, ата-бабадан өтүп келаткан, руханий байлыгыбыз, касиетибиз Манас атабыздын ырын чырга айлантпайлы. Мени көптөн бери каалагандай тепкилеп эле келатасыңар. Кааласаңар ортоңорго туруп берейин, эми таш бараңга алгыла.

Садык АЛАХАН, жазуучу, публицист:
– XXI кылымдын босогосунда Манастын тарыхы кыргыздын тарыхы менен эриш-аркак экенин дагы бир жолу сезип отурабыз. Эмне үчүн “Кылым көчү” деген Бүбү Мариямдын “Айкөл Манасын” жактаган жамаат ушул кадамга барып атат? Себеби, Манаста биздин рухубуз, элдүүлүгүбүз, мамлекеттүүлүгүбүз турат. Булар ошону талкалагылары келип атат. Эмне үчүн булар кыргыздын башка улуттук оюндарына, каада-салтына асылбайт? Себеби, Манас кыргыздардын көп кырдуу ыйык нерсеси. Бул жерде кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгон Каныбек Иманалиев отурат. Биз чакырган жерлерге келбеген Каныбек, бул симпозиумга келди. Бул киши Бүбү Мариямдын он томдугун феномен дейт. Мен өкүнүп отурам. Бул жерге Шарипкул Эсенгулов келиши керек эле. Анткени түйүндүн баары ошондо болчу. Мен Бүбү Мариямдын “Айкөл Манас” аталган нерсесин толук окуп чыктым. 28 жерден салттуу Манас бурмаланып, шылдыңдалган. Эмне деген гана окуялар жок бул чыгармада. Анда Кассандра, грек падышалары, Аристип, араб окуялары жүрөт. Ой, ушул Манаспы?! Жүрөгүбүздү, уятыбызды кармап туруп мойнубузга алалычы, Манасты биз эмне деген деңгээлге алып келдик? Биз Сагымбай, Саякбай аталарыбыздын астында тизе бүгүшүбүз керек. Ар кандай машаяк, жинаяк дегендерге жол жок!

Чыр дагы бүткөн жок
Симпозиум аягында манасчылар Талантаалы Бакчиев, Дөөлөт Сыдыковго да сөз берилип, экөө тең манасчылардын атынан азыркы манасчыларга асылбай, аларды ушундай талаш-тартыштарга аралаштырбоону өтүнүп кетишти. Андан соң симпозиумдун резолюциясы окулуп, аны катышуучулар бир добуштан жактырышты.

Резолюцияда Манастын үчилтиги, Тыныбек, Тоголок Молдо, Мамбет Чокморов, Молдобасан жана башка манасчылардын айтуусундагы варианттарды китеп, аудиодиск кылып чыгаруу; “Манас таануу” сабагын бардык ЖОЖдордо 2012-жылдан баштап окуу планына киргизип, атайын адистерди, окуу куралдарын даярдоо; жаш манасчылардын айтуусундагы “Манасты” жаздырып, аларды мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү; “Манас” киноэпопеясын чыгаруу аракеттерин баштоо; жыл сайын Манас күнүн белгилөө; Алай районундагы 7100 метр бийиктиктеги Ленин чокусун Манас чокусу деп атоону ЖКга сунуштоо; ЮНЕСКОго каттатууга зарыл сунуш долбоорлорду жана Манас боюнча иш-чараларды жактыруу; Бүбү Мариям Муса кызынын “Айкөл Манас” эмгегин Илимдер академиясынын иликтөөсүнө берүү каралган.

Симпозиумда сөз алган акын-публицист Жедигер Саалаев жакында бул маселе боюнча Илимдер академиясында да жыйын болуп, ошол жерде да ойлор ортого салынарын кабарлап, чоң чырга жем таштап кеткен Шакин Эсенгулов ошо күнү дүйнөдөн өтүп кеткенин угузду. Жыйын аягында беш жашар Үмөт Дөөлөтов манас айтып, эки тарап болуп тытышып аткандардын көзүнө жаш тегеретти. Эми талаш кандай чечилет, кулак түрө туралы.

Мелис СОВЕТ уулу, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 01.06.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.