Жаңы китептер жентеги

Кыргыз балдар адабияты

Филология илимдеринин доктору Каныбек Исаков жана педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов тарабынан жазылган “Кыргыз балдар адабияты” аттуу китепте авторлор кыргыз адабият таануусунда аз изилдеген тармакка – балдар адабиятынын табиятын, тарыхый эволюциясынын айрым тенденцияларын, балдар фольклорунун классификациясын жана алардын дидактикалык маани-маңызын ачып берүүгө аракет кылат. Ошондой эле эгемендүүлүк жылдарындагы балдар адабиятына обзор берилет. Китеп педагогикалык багытта билим берип жаткан окуу жайларынын студенттерине, мектеп мугалимдерине, тарбиячыларга, адабиятты сүйүүчүлөргө жана жалпы эле балдарды тарбиялоо маселесине кайдыгер карабагандарга арналат. “Биздин бул китепти жазуубузга бир нече себептер болду, – деп жазылат кириш сөздө. – Биринчиси, ушул убакка чейин педагогикалык жогорку жана орто окуу жайларында атайын дисциплина болуп “Балдар адабияты” курсу окутулуп келе жатса да, ал боюнча бирдиктүү окуу китебинин жоктугу”, “Кыргыз балдар адабияты башка постсоветтик республикаларга салыштырмалуу анчалык иликтөөгө алынбагандыгы, жанрлар, темалар, портреттер боюнча изилдөөлөр жүргүзүлбөгөндүгү, башка улуттук адабияттар менен салыштырылбагандыгы, жалпы типологиялык анализдердин жүргүзүлбөгөндүгү адабиятчыларыбыздан, педагогдорубуздан көп жумуштардын күтүп жаткандыгын айта кетүүгө тийишпиз”.

Китеп “Айат” басмасынан 500 нускада жарык көрдү.

Кыргыз аялдар поэзиясы

Акын жана адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты Аида Эгембердиеванын монографиясы “Кыргыз аялдар поэзиясы: көркөм табияты, тарыхый өнүгүшү, идеялык-стилдик өзгөчөлүктөрү” деп аталат. Төрт баптан турган китептин алгачкы бабында кыргыз аялдар поэзиясынын башаты, улуттук фольклордогу орду тууралуу обзор берилип, 20-40-жылдардагы аялдар темасы, Нуркамал акындын чыгармачылыгы тууралуу сөз кылып, анан 40-50-жылдарга өтөт. Экинчи бап 60-70-жылдардагы “кыздар поэзиясынын” кызыктуу учурларын талдоого алса, үчүнчү бапта 80-жылдардагы кыргыз поэзиясындагы модернисттик поэзияга басым жасап, С.Акматбекова, Р.Карагулова сыяктуу акындардын чыгармачылыгына адабий экскурс жасалат. Төртүнчү бапта постсоветтик доор аталган транзит доордогу аялдар поэзиясынын айрым тенденцияларын ачып көрсөтөт.

Китеп “Айат” басмасынан чыккан жана ал эң алгачкы жолу кыргыз аялдар поэзиянын табиятын, эволюциясын ырааттуу изилдеген жана жалпы адабий процесс менен бирдикте караган олуттуу эмгек болуп саналат.

Кап көтөргөн карышкыр

Исабек Токтогулов мектеп жашындагы кенже балдар үчүн ырлар, уламыштар жана жомоктор жыйнагын чыгарды. “Айат” басмасынан чыккан, кооз сүрөттөр менен коштолгон китепке педагогика илимдеринин доктору, профессор, балдар жазуучусу Сулайман Рысбаев баш сөз жазган. Акын-журналисттин Саки ажы тууралуу “Жөө күлүк”, фантастика жанрындагы “Кереметтүү жандыктар” деген чыгармалары балдарды кызыктуу дүйнө менен тааныштырат. Ал бир топ чыгармаларын чыныгы тарыхта болгон окуяларга таянып жазган. Китептин таанып-билүүчүлүк, тил үйрөтүүчүлүк жагы жогору.

«Обон» («Zaman-Кыргызстан»), 25.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.