«Тил жана маданият» гезитине редактор керек

Зайырбек Ажыматов Фейсбукка мындай жарыяны жайгаштырыптыр:

Туугандар, колу-жолу бош, чындап кыргыз тилине күйгөн, чындап мекенчил, эне тилди эң жакшы билген, оозунда кеби, жүрөгүндө деми, башында акылы, уюштуруучулук жөндөмү бар бир журналист керек болуп атат. «Тил жана маданият» гезитине редактор болгонго. Албетте айлыгы өтө көп эмес. 8 000- 10 000 миң сомдун тегерегинде. Ачыгын айтканда, кыла турган иш өтө көп. Башкы редактор өзү дизайнер, өзү кабарчы, өзү корректор болсо, андан жакшы. (Себеби гезит айына, ашып кетсе, үч жолу чыгышы мүмкүн, көлөмү деле аз). Гезиттин элге таралышы боюнча жардам бергендер бар. Андыктан бул ишке эне тил үчүн каруусун казык, канын азык кылчулар керек. Албетте коргоп, колдоп тура тургандар бар. Түшүнүктүү, азыр гезиттин жашап кетиши өтө кыйын. Бирок бул маселе ошол редакторго да тиешелүү болуп калары айтпаса да түшүнүктүү. Бул түйшүктүү ишти коркпой туруп моюнуна ала тургандар барбы? Каалоочулар менен жекеме жеке сүйлөшөлү…

Балким, “Кыргыз маданият борбору” блогунун окурмандарынын арасынан чыгып калаттыр. Кызыккандар Зайырбек менен анын Фейсбуктагы баракчасына (http://www.facebook.com/profile.php?id=100001096089012) кирип анын өзү менен сүйлөшсөңөр болот.

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.