Блогдогу оңдоо-түзөтүүлөр

Мен мурда кабарладым эле, КЛООПтогу маселеге байланыштуу апрель-июль айларындагы материалдарыбыз же толук болбой, же туура эмес жайгаштырылып калганын. Кечээ kmborboru.wordpress.com дареги боюнча жайгашкан күзгү блогубуздун жардамы менен апрель-июнь айларындагы материалдарды калыбына келтирип чыктым. Бир гана июль айын эми иретке келтирүү гана калды.

Муну мурда деле кылсам болмок, бирок орто жолдогу (Казакстандагы) тоскоолдуктарга (блокировкага) байланыштуу  күзгү блогума кире албай жүрдүм эле. Кечээ, бактыма, бул аракетим ишке ашты. Бир ирет аны да акыркы материалдар менен толуктап койдум.

КМБ

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.