Махмуд Кашгари сынагы жыйынтыкталды

Түркиядагы түркий мамлекеттердин «Евразия» жазуучулар бирлиги, анын Адабий академиясы, «Кардеш калемлер» («Боордош калмегерлер») журналы жана «Жаңы Ала-Тоо» адабий журналы жарыялаган «Махмуд Кашгари» аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыгарылганын «24.kg» агенттигине аталган журналдан маалымдашты.

Сынакка 32 чыгарма келип, белдүү калемгерлерден түзүлгөн калыстар тобу алардын 17син жактырып, бешөө алдыңкы деп табылган. Калыстар тобунун жана түркиялык өкүлдүн катышуусунда аңгемелер жана алардын авторлорунун адабий ысымдары боюнча жашыруун добуш берүүдөн кийин 1-сыйлык «Сетер» (ад. ысымы Кенен), 2-сыйлык «Сулуу» (ад. ысымы Мейкин), 3-сыйлык «Ыйман кемик» (ад. ысымы Р.Бердиев), кызыктыруучу сыйлыктарга: «Сүрөт» (ад. ысымы Четин), «Кош канат» (ад. ысымы Мукаш Эген) аңгемелери татыктуу деп табылган. Сынактын шартына ылайык, авторлордун конверттерин ачууда алар Айдарбек Сарманбетов (Кенен), Элмира Ажыканова (Мейкин), Р.Маманов (Р.Бердиев), Д.Дөкөнбаев (Четин) жана О.Шакир (Мукаш Эген) экени аныкталган.

Белгиленген сыйлыктар конкурсту уюштуруучулардын катышуусунда жакын арада салтанаттуу тапшырылат.

Андан сырткары, «Жаңы Ала-Тоо» адабий журналынын жаңы саны жарык көрүп, анда Анатай Өмүрканов, Мырзаян Төлөмүшев, Бейшебай Усубалиев, Догдурбек Юсупов, Абдымомун Калбаев, Олжобай Шакир, Ракманберди Маманов сыяктуу белгилүү акын-жазуучуларынын чыгармалары, Эрнест Хемингуэй, Антон Чеховдой дүйнөлүк жазуучулардын жана израилдик Давид Маркиштин чыгармалары жарык көргөн.

«24.kg» MA, 16.11.2012-ж.

Биз блогубуздун негиздөөчүлөрүнүн бири Олжобай Шакирди сыйлыгы менен куттуктап, чыгармачылыктагы жаңы ийгиликтерди каалап кеткибиз келет.

КМБ

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.