Кытайдын Кызылсуу жергесинде өткөн эл аралык “Манас” форуму ишин жыйынтыктады

Кытай Элдик Республикасынын Кызылсуу жергесинде өткөн Эл аралык “Манас” форуму ишин жыйынтыктады. Бул туурасында “Кабар” агенттигине жергиликтүү ишкер, “Манас” эпосунун күйөрманы Төлөнтур Ыбырай уулу билдирди.

“Иш-чара мамлекеттин колдоосунда өткөрүлдү. Жергиликтүү калтын улуттук маданиятын, заттык эмес байлыктарын сактап, муундан-муунга өткөрүп берүү максатын көздөп уюштурулган форумга дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган кыргыздардын өкүлдөрү чакырылган”, – дейт форумдун катышуучусу.

Анын айтымында, илимий иш-чарада “Манас” эпосун өнүктүрүүнүн 4 кадамдан турган иш-багыты талкууланган. “Эң ириде “Манасты” сактап калуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү максаты каралууда. Экинчи баскычында, Манасчыларды колдоого алуу жана жаш таланттарды өстүрүү иштери аткарылышы кажет. Үчүнчү кадамы – “Манасты” калк арасында жайылтуунун практикалык маанисин изилдөө жана тажрыйбада колдонуу. Ошондой эле төртүнчү баскычы, ааламдын ар башка жеринде жашаган кыргыздардын “Манас” эпосун айтуу ыкмаларын үйрөнүү, тажрыйба алмашуу, өнөктөшө иштөө. Булардын баары кыргыздын жан-дүйнө байлыгын, таза кереметин коргоп, өркүндөтүү максатында жасалууда”, – деп кошумчалады Төлөнтур Ыбырай уулу.

Белгилей кетсек, аталган форумга Кыргызстандан белгилүү саясый ишмер Топчубек Тургуналиев баштаган Темирбек Токтагазиев, Ташмамбет Кененсариев өңдүү коомдук ишмерлер, манасчылар, илимпоздор катышкан.

Жолдош Жусупов, КУМА “Кабар, 16.11.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.