“Мен – бул сен” кыргыз киносуна Гу Жун Пё тартылат

“Мен сүйгөн карагат”, “Асел” аттуу тасманын режиссеру Руслан Машрапов “Мен – бул сен” аттуу кыргыз-кореялык тасманы тартууга киришти. Руслан мырза менен баарлашып, андан көп кызыкты уктук.

Neweurasia: Руслан мырза, кыргыз-корея тасманы тартып жатыпсыз, анда каржылоо жагынан корейлер жардам беришет да ээ?
– Ал жагын толугу менен продюсерибиз Талант Үсөнов мойнуна алган. “Демилге продакшн” студиясы менен менин “Томирисфильмим” чогуу “Мен – бул сен” деген аталыштагы кыргыз-кореялык тасманы тартууга кириштик. Анын жарымы бул жакта, жарымы Кореяда тартылат. Көлдөн, Оштон, Сулайман Тоодон, Өзгөндөн тарттык. Жыйырма пайызы тартылды. План боюнча декабрдын баштарына бүтүшүбүз керек. Жаңы жылда Кудай буюрса экранга чыгып калат. Фильмдин бюджети чынын айтканда абдан эле чоң суммага чыгып кетти. Он, он беш күн ичинде Сеулга сапар тартканы турабыз, кеминде он киши барабыз. Жол кире эле оңой акча болбойт. Операторлукту да, режиссерлук жумушту да мен өзүм аткарып атам. Үйгө бир жумада бир келсем келем, болбосо талаалап эле жүрөм. Мунун ортосунда Акыйкатчынын он жылдыгына карата бир документалдык фильм тартып бердим. Рекламалык роликтерге, клиптерге да заказдар бар. Ушул жайда абдан жемиштүү иштедим десем болот. Түрктөр менен биргелешкен бир фильмибиз тартылып бүттү. Азыр монтаждап, бет ачарына даярданып атабыз.

Neweurasia: Эмне үчүн Кореяда тартылат?
– Биз бул долбоорду баштаганда Кореядан продюсер кошулган болчу. Идеянын жарымын ошол киши берди. “Гүл жигиттер” (Цветочки после ягод) аттуу кореялык фильминдеги Гу Жун Пёнун ролун аткарган Ли Мин Хо аттуу актер бар эмеспи, Корея тараптан кылмышкерди издеген Интерполдун агентинин ролун ошол жигит аткармай болду. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Биз жактан болсо, чоң кастингден өткөн Эржан аттуу жаш жигит ойнойт. Андан башка Шайыр Касымалиева, Жамийла Сыдыкова, Асылбек Өзүбеков, Эгемберди Чалабаев, Марат Амираев ойнойт. Башкы каарманыбыз Айгерим аттуу татынакай студент кыз. Моделдик агентстводо да иштейт. Костюм жагын белгилүү модельер Замира Молдошева даярдап берди. Мыкты команда топтолду десем болот.

Neweurasia: Фильм эмне жөнүндө?
– Азыркы күндөгү аябай актуалдуу темалардын бири –адам органдарын жашыруун трансплантациялоо тууралуу. Акыркы убактарда байкасаңыз телевизордон бөйрөк алмаштырат элем, боор керек деген кулактандыруулар байма-бай чыгып жатат. Ошого катар эле аябай көп адамдар дайынсыз жоголот. Анан биз ушул проблеманы кино кылып тартсакпы деген ой менен сценарий даярдадык. Фильмдин кыскача сюжети мындай: кичинекей бала менен кыз тырмактай кезден чогуу ойноп, чогуу чоңоюп, кийин шаарга келген соң бири-бирин таппай калышат. Кыз мыкты медик жигит менен таанышып, экөө жакшы мамиледе болуп кетишет. Медик коомго аябай жакшылык кылган боорукер киши сыяктуу көрүнөт. Көчөдө кароосуз калган кишилерди топтоп, дарылайт. Көрсө, ал ошол соопчулук деген шылтоо менен артында сурап, издеп алаары жок кишилерди издечү экен. Кыз да анын торуна чалынып, аз жерден бир бөйрөгүнөн ажырап калаарда жанагы бала кездеги досу (азыр тергөөчү болуп иштеп аткан болот) куткарып калат.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА, Neweurasia.net/Kyrgyzstan, 17.11.2012-ж.

Соц тармактар:

2 thoughts on ““Мен – бул сен” кыргыз киносуна Гу Жун Пё тартылат

  • 11.01.2013 at 14:16
    Permalink

    Urmattuu rejisser, filmdin syujetin aytpay tursanyz bolmok eken. Emi kyzygy ketip kalat da:S

    Reply
  • 04.07.2013 at 01:44
    Permalink

    ишинизге албан албан ийгилик ар дайым ушундай жакшы элге сабак болотурган кинолорду жаратышынызга тилектешмин ар дайым бар болунуз жана ден соолуктуу болкнуз

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.