ФОТОАППАРАТТЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТАСМА ЖАРАЛДЫ

Кыргызстан кинематографиясы жаңылануу, өркүндөө жолунда тургандай. Бул саамалыкты жаш режиссёр Даир Карыкеев баштап отурат. Кызыгы, толук метраждуу тасманы “Nikon D90” фотоаппаратынын жардамы менен тарткан. Анткени чоң каражат жок болгону менен, режиссёр өзүндөгү талантты кандай болсо да элге жеткирүү үчүн фотоаппараттын камерасы менен тартууга бел байлаган. Тасма “Үч жүрөк” деп аталып, кастингге 100дөн ашык улан-кыздар келип, алардын ичинен 16сы гана тандалып алынган. Съёмка Казакстандын шаарларында тартылган. Толук метраждуу тасма азыр эле кызуу талаш-тартыштарды туудурууда. Ал Казакстандын жана Кыргызстандын кинотеатрларында көрсөтүлмөкчү.

“Супер-инфо”, №407 20-26-август, 2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.