Чыгармачыл интеллигенция Кыргызстанда кемип жатат

Эгемендиктин алгачкы жылдарында эле СССРдин эл артисти атактуу ырчы Болот Миңжилкыев Санкт-Петербургдагы Мариинск театрына которулуп кеткен. СССРдин дагы бир эл артисти атактуу бийчи Айсулуу Токомбаева Анкарадагы консерваторияга мугалим болуп чакырылган. Болот Минжилкиев 1999-жылы гастролдо жүрүп кайтыш болду, ал эми Айсулуу Токомбаева дале болсо Түркияда.

b_minjilkievАндан бери келе турган болсок, белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев жаңы бийлик менен жылдызы келишпей, Казакстанга чыгып кеткенине эки жыл болду. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти ырчы Жылдыз Осмоналиева Москваны байырлап, ошол жакта студия ачып иштеп калганына бир топ убакыт болду. Москвадагы кыргыз чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн катарын жакында киноактер Акылбек Мураталиев толуктады.

Мурда кыргыз радиосунда иштеген журналист Кубанычбек Чыңгышбаев Москвага барып иштеп жатканына жарым жыл болду. Ал ошол жакта кыргыз жана орус тилдеринде чыгуучу “Нур” гезитине редактор болуп орношуп иштеп жатат. Кубанычбек Москвага жакшы жашоо, жакшы акча табайын деп кеткенин жашырбайт. Ошол эле учурда ал Москвадан ыңгайын таап жашап калууга аракет кылып жүргөн кыргыздын артисттери, ырчылары, сүрөтчүлөрү жана башка чыгармачыл кесиптин өкүлдөрү көп экенин айтат.

aisuluu_tokombaevaКыргызстан эгемен болгону экономикалык кризистен башы чыга элек. Ошол себептүү маданият жана искусство тармагына мамлекет баштагыдай карай албай калды. Чыгармачыл кесиптин ээлери жапырт болбосо дагы колунан келгени, өзүнө ишенгени сыртка кеткен көрүнүш азыр дагы уланууда. Кыргыз эл акыны Токтосун Самудиновдун пикиринде, мамлекет атайын бир максаттуу программа менен иш баштабаса, чыгармачыл интеллигенциянын кеткени токтобойт.

Чыгармачыл күчтөр сыртка көп кеткен көрүнүш биринчи кезекте Улуттук опера жана балет театрында болгону айтышат. Бул жакта атактуу артисттерден сырткары жаңы өсүп келаткан келечектүү көп бийчилер, ырчылар, режиссерлор Россияга, андан ары Италия, Францияга чейин кетип жатышат.

“ВВС” Кыргыз кызматы, 24.01.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.