Акын Атакул Жакыповдун “Күүгүмдөгү кусалык” (Бишкек-2008) аттуу ыр жыйнагы жөнүндө

А.Жакыпов көп жазып, аз китеп чыгарган, сөзүнө сөөлөт, ой кошуп, сары алтын салмактуу ыр жазган акын. Аны көпчүлүк кыргыз окурмандары ыр китеби аркылуу билет, бирок өзүн дагы деле көпчүлүгү тааный элек. Ал телевидениеден бир да жолу чыга элек. Өзүн-өзү эмес, ырларын мактаганда тердеп-тепчип жер карап, кирерге жер таппай уялган, жасатында ыймандуу акын ыры менен Баткен улуу тоолорунун арасында булут кубалап жашап келет. Кечки иңирдеги көлөкөдөй кээде адашкансып капысынан алаң-булаң көрүнө калат. Ал анда ыр китебин чыгарууга шаарга келген болот. Байкалбай келип, билинбей кеткен Атакул шаардан жүдөп шашылганы ушунчалык, жаңы китебин ким бирөөдөн берип коюңузчу деп жалдырап жатып берет да Лейлекке, өзүнүн Козу-Багланына шуу коёт. Телефон чалсаң “шаарыңардан тумчугуп, шайым ооду” – дейт. Кайыптан бүткөнсүгөн кара тоолордун кароолчусу сыяктанып келгенинен кеткени бат.

Күү сиңип, жашыл жаздын кайрыгынан,
Нур шимип, алмончоктой ай нурунан,
Көгөрүп өсөбүз үрөндөрдөй,
Күн өпкөн Ата-Журттун айдыңынан
(Фрунзе, “Мектеп” 1982) – деп “нур шимиген” “Ата-Журтунун айдыңында” ыры менен дем алып, ыры менен “күн өпкөн үрөндөрдөй” өсүп келатканын өзгөлөргө  даңазалабай бир сырдуу, миң кырлуу табышмак тагдыры менен таймашып, ылдам жазып, жай басып күн кечирүүдө. Сугалактабайт. Топуктуу, ырдап, жыргап жазган ырларына топук кылат. Жулкунбайт.

Абийирдин жүгүн артып ай далыга,
Намыстын оту албырып канда туудай.
Көгүлтүр көк жайыкта баратабыз,
Көрүнүп, көрүнбөстөн ат жалында.
(Фрунзе “Жашыл арал” 1982).  Бул анын акындык кредосу. Ыйманы ысык ырдан автору да ыйбаалуу. Мактанбайт. Төш какпайт. Буга да ичиң жылыйт. Үмүтүң артат. Ийгилик каалайсың. Пил көтөргүс кумурскадай аракетине  күч тилеп турасың.

Акын ырдан ырга, жыйнактан жыйнакка өсүп келатат. Анын дагы бир далили “Ички кайрыктар” жыйнагы. Андагы “Кышкы санаа”, “Ким бүгүн чаап чыгат карагерди”, “Дайранын жээгиндеги камыштар”, “Он сегиз жаштын  турмушун”, “Реминисценсия” ж.б. ырлары буга ачык далил. Айрыкча социалдык багыттагы улуттук аң-сезимди өстүрүүгө атман төөдөй салым кошкон ырлары окугандын намысына намыс, оюна ой кошуп, көзүн ачат.

Акындын сүйүү ырлары да жылдыздуу. Окуганды ортозаар ойдо калтырбайт. Ойлуу, образдуу, ач кыйкырык, кур сүрөөндөн алыс.
Бул сезимден жүдөдү го кургур ай,
Бир эс алып албайбы же мындайда.
Эки ортону бөлүп турат бир дубал,
Эки ортону бөлүп агат бир дайра.
29-бет “Экспромт”

Бой, мүчө, сымбаты келишкен,
Буралган бото көз периштем.
Сүйүүмдү сүйүнтүп өтпөдүң,
Өмүргө бир ирет келип сен.
36-бет.

Акын Шекспир, Гёте, Есенин, Абай ж.б. чоң-чоң акындардын ырларын которгон. Ал белгилүү өлчөмдө акындын акындык оюнун бийик чабытташына, тереңдешине өз таасирин тийгизгендей. Котормо акындык кудуреттин да өсүшүнө өзгөчө таасир берерлиги жөнүндө көп айтылып келгендиги чындык. Көптөр так билген тарбияны акын өз жолуна өрнөк кылып алганы мактоого татырлык.

Кыскартып айтканда, Атакул Жакыпов кыргыз поэзиясындагы өз үн, өз стили бар акын. Мен анын “Жашыл арал”, “Ички кайрыктар”, “Айдың көл”, “Күүгүмдөгү кусалык” аттуу ыр жыйнактарын окуп чыгып, оюмду кыскача айтып олтурам. Жогоруда айткандай акынды эл таанып биле элек. Бирок, акын эл билүүгө гана эмес, эл сүйүүгө, сыймыктанууга да татыктуу акын. Ал өз мезгилинин оош-кыйышын, мезгилдин күрөө тамырын кармап турган балбан акын экенине  дагы бир жолу ишенип, өзү аркылуу коомго, тагдырга, каяша кайтарган кайратман инсан экенине дагы бир жолу ынандым. Акындын акыны гана тагдырдын тайгак ташына мүдүрүлсө да мүңкүрөбөй, Козу-Багландай мөңкүп, кайгыга тике карап, канын сыгып:
Мени неге жандап өтөт жарыгың,
Кубанчыңдын бөлсөң боло жарымын.
Канча түндү көз жаш менен өткөрүп,
Кыркка чыкпай көз жаш менен карыдым
– дегендей керемет ырларды жаза алат.
Оюмду жыйынтыктап, кыскартып айтканда акын Атакул Жакыповдун поэзиясы Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыкты алууга гана эмес, андан да чоң мамлекеттик сыйлыктарды алууга толук татыктуу.

Анатай ӨМҮРКАНОВ,
Кыргыз эл акыны, Алыкул Осмонов атындагы республикалык адабий сыйлыкты ыйгаруу комиссиясынын төрагасы,
«Эркин Тоо», 01.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.