Кыргыз эл бий сынагынын финалисттери аныкталды

Кыргыз эл бий сынагынын финалисттери аныкталып, финалга жети номер тандалып алынды. Негизинен сынак 3 этап менен өттү. Биринчи этапта 70 катышуучу тапшырык берген. Алардын ичинен тандалып отуруп, финалга эң мыкты делген номерлерди тандап алдык. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда “ВБ“да болгон маалымат жыйында калыстар тобунун төрагасы, КР эл артисти Тенти Мураталиев билдирди.

Ал ошондой эле, бул сынак көптөн бери күтүлүп жүргөн сынак экенин белгилеп, сынак аркылуу кыргыздын этно-фолклордук бийлерин эл арасына жайылтуу максатталганын кошумчалады.

“Кыргыздарда манасчылык, акындык, комузчулук өнөрлөрү жакшы өнүгүп атат. Бирок, кыргыздын нукура бийлери унутта калгансыйт. Андыктан бул конкурс ошол унутта калып аткан бийлердин кайта жандануусуна түрткү болот”,- дейт ал.

Сынакка жеке жана топтук номерлер менен катышкандар болгонун калыстар тобунун мүчөсү, Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын режиссура жана хореография кафедрасынын доценти Зарылбек Молдобакиров билдирди.

Ал өз сөзүндө конкурстун башкы талаптарынын бири – бийдин кыймылдарында этно-фольклордук белгилердин болушу шарт экенин белгилеп өттү. “Кыргызстанга таанылып калган бий ансамблдери да өз номерлери менен катышкан. Бирок алардын бийи сахнага ылайыкташтырылып, бийдин кыймылдарында этно-фольклордук белгилер байкалбагандыктан алар тандалган жок. Конкурска бир гана Кыргызстандан эле эмес, кытай, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерден да катышты. Мисалы, кытайлык улуу манасы Жусуп Мамайдын небереси Тургунаалы Жусупмамай “Жалын бий” бийи менен финалга чыкты. Номерлерди карап атканда бий алардын кийимдерине, музыкасына да көңүл бурдук”,- дейт ал.

Молдобакиров ошондой эле, кыргыздын бийи жок деп келгендер чоң жаңыларын, керек болсо “Манас” эпосунда Алманбеттин бийи тууралуу айтыларын кошумчалады. “Кыргыздар илгертен бери эле бийдин түрлөрүн – аян бий, ийин бий, жалын бий, жинди бий дегендерди бийлеп келишкен. Сынактын дагы бир максаты ушул этно бийлердеги кыймылдарды элге көрсөтүү болчу”,- дейт ал.

Финалга чыккан конкурсанттарга интерактивдүү добуш берүү бүгүнтөн башталганын “Улут жүзү” фондунун өкүлү Алмас Турдумаматов билдирди.

“Интерактивдүү добуш берүү 1-октябрдан 8-октябрга чейин болот. Добуштарды ulut-juzu.kgсайтынан жана смс менен да берүүгө болот. Ал үчүн өзүңүзгө жаккан финалистке ыйгарылган номерди 8888 номерине жиберсеңер болот. Смстин баасы 1 сом”,- дейт ал.

Ал ошондой эле, мыкты номерди аныктоодо 50% добуш интерактивдүү добуш берүүнүн жыйынтыгы аркылуу аныкталса, 50%добушту 7 кишиден турган калыстар тобу берерин кошумчалады. “11-октябрда Бишкек шаарынын борбордук “Ала-Тоо” аянтында жалпы финалисттердин катышуусунда гала-концерт болот. Ошондой эле бул конкурсту жыл сайын күз айларында өткөрүп турууну пландап жатабыз”,- деди.

Финалга чыккан 7 номер:

kganel

 

2-kg

 

 

 

 

 

 

Расул Усеналиев, «Кабар ордо», 01.10.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.