Жалалидин ЖЭЭНБАЙ: Мамлекеттик эрк болбосо, «реформа» дегенди тынч жайына койгон оң

jeenbay3

2-маек (1-маек бул жерде)

Жалалидин ЖЭЭНБАЙ агабыз учурда Бириккен Араб Эмиратындагы Абу-Даби шаарынын Зайд Университетинде эмгектенген мекендешибиз экенин гезиттин өткөн сандарында маалымдаганбыз. Бу жолку маегинде бүгүнкү күндөгү коомдук процесстерге болгон көзкарашын жана элибиздин кулк-мүнөзүнө таандык сапаттар туурасында кеп кылат…

– Биздеги илим-билим тармагындагы ириген-чириген системанын тоскоолдуктарына сиз да далай кабылып, акыры баштыгыңызды түйүп баса берген экенсиз. Эми ошол билим берүү тармагын жолго коюунун кандай ыкмаларын колдонсок өрнөктүү болор эле деп ойлойсуз?

– Кыйынчылыктар болгон, бул табигый нерсе. Бирок мен кол куушуруп жүрө бергим келбеди. 22 жыл Кыргызстандын билим берүү тармагында эмгек кылдым. Эл агартуунун отличниги деген төш белгим бар. Билим берүү тармагын кандай жолго коюу керек деген сурооңо узак бир мисал менен жооп берейин, уруксатпы?

– Дал ошо мисалдар менен аргументтештирсеңиз, андан бетер жакшы болор эле.

– 2003-2004-жылдары Ош Технологиялык университетинде (ОшТУ) уникалдуу шарт түзүлүп калды. Ал жерде америкалык Скот Виллис жана түркиялык Яшар Сары аттуу жигиттер эки жыл бою жигээрдүү иштеп, 40-50 балдар-кыздардан турган укмуштай бир формалдуу эмес активдүү группа түзүштү. Ал жаштардын баары окууга шыктанган, англис тилинде эркин сүйлөп калган студенттерибиз болчу. Ал жылдары Казакстанда кырктан ашуун университетти Американын кредит-сааттык окутуу технологияларына киргизүү боюнча «Эднет» деген уюм чоң долбоорду баштап калган. Ошондо бизге бир ой келди: Казакстан кредит-саат системасын киргизип жатса, биз да алардан артта калбашыбыз керек деген. Ошонүчүн биз да өз жолубуз менен кызыктуу долбоор баштаганбыз. Долбоордун негизги максаты – Орто Азиядагы Америка Университетинин окутуу системасын уюштуруу тажрыйбасын ОшТуга колдонуу болчу. Ал идеяны ошол кездеги ректорубуз, профессор Турсунбек Бекболотов кызуу колдоп, баарыбызды шыктантып, ишке кириштик. Жогоруда аталган эки жигиттин жардамы менен долбоор жазылып, ага эларалык уюмдардан каражат таап, АУЦА менен мугалимдерди жана студенттерди алмаштыруу боюнча иш-чараны баштадык. Ал долбоордун алкагында эки жаш мугалим, беш студентти АУЦАга жибердик. Алардын тапшырмасы – чет өлкөлөрдөн келген мугалимдерге шакирт болуп, алардын окутуу ыкмаларын өздөштүрүп, өзүбүздүн мугалимдердин арасында жайылтуу болчу. А беш студентибиз АУЦАда студенттер кандай окушат; убактыларын кандай уюштурушат; ошолорду үйрөнүп, Оштогу өз курдаштарын үйрөтүү болчу.

Аны менен катар – ОшТУда англис тилди жакшы билген биринчи курстун студенттеринен тандап, финансы, программалоо жана эларалык мамилелер адистиги боюнча атайын үч группа түздүк да, предметтерди англис тилинде окутууну баштадык. Мугалимдердин негизги курамын Ош шаарында иштеп жүргөн америкалык ыктыярчылардан, өзүбүздө иштеген англис тилин өтө жогорку деңгээлде билген жаш мугалимдерден түздүк. Өзүмдүн административдик жумуштарымдын көптүгүнө карабай, математика жана экономика сабактарынын баарын өзүм өтө баштадым. Баарыбызда энтузиазм абдан жогору эле. Ошондуктан чарчоо быякта калып, студенттер жана мугалимдер менен иштешүү өзүнчө эле ырахатка айланган.

Мугалимдер менен студенттердин биринчи тобу АУЦАдан кайтып келиши менен маалыматтарды жайылтуу боюнча семинарларды өткөрө баштадык. Алар чет өлкөлүк мугалимдер өз сабактарын кантип даярдайт, кантип окутат, студенттерге кандай мамиле кылышат деген темаларда кызыктуу презентацияларды өткөрүп беришти. Мугалимдер да, студенттер да ошондо университетибизге өзгөртүү алып келүү, өнүктүрүү идеяларына өзгөчө шыктанып калышты. Ошондо баарыбыз аталган долбоорду факультетке, андан ары ОшТунун астындагы англис тилинде окутуучу институтка чейин өстүрүү келечегин да самай баштаганбыз.

2005-жылы АУЦАнын гезити март айындагы санында биздин долбоорду “Эң ийгиликтүү, эң натыйжалуу долбоор” деп атады. Чындыгында ошондой эле болчу. Мисалы, ошол долбоордогу тажрыйба алмашуудан өткөн мугалимдердин бири Алтынбек Кадыров дароо эле Америкага магистртурага өттү. Ал эми экинчи мугалим Рахматулло Игамбердиев башында Индияга магистратурага, аны бүтүп келип Германияга докторантурага өттү. Алмашуу тажрыйбасынан өткөн студенттердин дээрлик бардыгы кийинчерээк чет өлкөлөрдөн окууларын улантышты. Ал долбоор жалпысынан чыныгы таланттуу жаштарды көргөзүп койду, башка көп жаштарды да шыктандыра алды. Тилекке каршы, ал иштер көпкө уланган жок. Себеби ал саамалыктар өзүнүн табияты менен бизде калыптанып калган жогорку окуу жай системасына караманча каршы эле. Ошентсе да мен ошол иштердин бир бөлүгүнө катышып калганыма ыраазымын. Ал иштер мага Кыргызстандын азыркы жогорку билим берүү системасынын ичинде эмнени кылса боло тугандыгын жана эмнени кылууга мүмкүн эместигин үйрөттү.

Мунун баарын узун сабак кылып отурган себебим: мен ал тажрыйбаны биздеги билим берүү системасын реформалоонун бир модели деп карайм.

Менден Америка же башка чет өлкөлөрдүн кандайдыр бир тажрыйбаларын Кыргызста да өздөштүрсө болобу деп көп сурашат. Менин жообум мындай: эгерде Кыргызстандын ичинде турган АУЦА же «Манас-Түрк» университеттеринен үйрөнө албасак, анда бизге эч бир чет өлкө жардам бере албайт. Канча чиновникти Американын алгылыктуу тажырыйбаларын үйрөнүү үчүн жиберсек да, алар турист болуп жүрүп эле кайтып барышат. Анткени тилин, маданиятын билбеген жерден бирдеңке үйрөнүш өтө кыйын.

Менин сунушум жөнөкөй: эгерде мамлекет кандайдыр бир реформа кыла ала турган жөндөмүн көргөзүп же текшергиси келсе, аталган эки университеттин биринин толук тажрыйбасын бир гана окуу жайга, мисалы, Улуттук университетке көчүрсүн. Элдин баары ачык-айкын түрдө иштин жүрүшү менен кабардар болуп турсун. Бул иш эки-үч жылга созулушу мүмкүн, бирок өтө баалуу сабак болмок. Биздин мамлекет билим жаатында реалдуу бир иш кылууга жөндөмдүү же жөндөмсүздүгү ошондо көрүнөт. Эгер ушундай иш жасалса, ал реформа кылыш үчүн чоң тажрыйба болмок да, толгон токой суроолорго жооп алынмак. Анан аны жалпы системага жайылтса болмок. Муну жасаш үчүн мамлекеттик эрк керек. Эгер мындайды кыла албасак, анда “реформа” деген сөздү тынч жайынан козгобойлу.

– Бизде бирдеңке болсо эле орусун же еврейин тилдейбиз. Тың оокат кылып аткан дунгандарды көрсөк ага да нааразыбыз. Менимче, биз орусунан деле, еврей же дунганынан деле жамандык көргөн жокпуз го дейм. Илим-билим, маданиятыбызды орустар менен еврейлер көтөрүп берди, дунгандар далай кайрак жерибизден тартып, саздак жерибизден өйдө айыл чарбага колдоноор аянттарыбызды кеңейтти. Болбосо тоодо жайлоолоп, кыштоолоп жамбаштап жаткан кыргыз айыл чарбага ылайык жерлерибизди иштетет беле, жокпу, кандай ойлойсуз?

– Ооба, бизде Ленинди алигиче ыйык тутуп, Путинди өз президентиндей көргөндөр көп. Ал эми республикалардын суверендүүлүгүн эң катуу сыйлаган Ельцинди жининдей көрүшөт. Орустун жетекчилерин жакшы көрүп, жөнөкөй адамдарын жаман көргөндөр четтен чыгат. А чындыгында тескерисинче болуш керек эле. Орустун жетекчилери орус мамлекетинин жана элинин гана кызыкчылыгын коргойм деп бийликке келишет. Алар эч качан кыргыздын келечегин, кызыкчылыктарын ойлобойт. Алардыкы да туура. Демек, биздин бийликтегилер да ошондой болушу керек.

Ооба, Совет доорунда орус мамлекетинин жардамы менен бизде тарыхта болуп көрбөгөндөй инфраструктуралар өнүктү. Ооба, илим-билим өнүктү. Бирок ошонун баарын орус жетекчилери кыргыздар жетилип-жетишип, өз алдынча мамлекетин куруп алсын деп жасаган эмес. Ал “улуу Совет элин” түптөө үчүн жасалган саясат. А чындыгында алардын түпкү планы – “улуу Совет” эли жаңы кан, жаңы жан кошулган гана орус элин түптөө болчу.

Ошол эле учурда биздин элге миллиондогон жөнөкөй орустар менен иштешүү, алака кылуу эбегейсиз пайда берди. Төлөгөн Касымбековдун сөзү менен айтканда “акыл оошту, ырыс жугушту”. А еврейлер биз үчүн орустардын эле бир бөлүгү болчу. Биз алар менен эч качан өзүнчө эл катары мамиле кылган эмеспиз. Орус жана еврей адамдары биздин илим-билим берүүгө, искусство жана эл чарбабызга өз адамдарыбызга караганда көбүрөөк салым кошушту. Эми кечээ күнкү бир-эки аферистер алдап кетсе эле, алар үчүн еврейлердин баарын жек көрө бергенибиз да жарабайт. Негизи биздин кыргыздардын улутчулдугу баягы эле уруучулугубуздун, жердешчилигибиздин уландысы. Аны башка элдердегидей теория менен бекемдеп, стратегиялык максат коюп жасабайбыз, ал негизинен кыска эмоциялык формада болуп жатат. Андай улутчулдук чынында башка элдерге эч деле зыян келтирер коркунуч эмес, ошентсе да биз андай калпыс терминологиядан алыс болушубуз керек. Негизинен биздин эл кеңпейил, меймандос. Ал эми улутчулдук маанайлар күчөй баштаганы жакшы деле сапаттардан эмес, ал кайра дүйнө элинин бизге карата терс мамилесин жаратып коюшу мүмкүн.

Чындыгында биз башка элдерди ары түртпөй, кайра тартып, аларды өзүбүзгө сиңирүүгө психологиялык комфорт жаратканыбыз оң. Биз аларга жакшы шарттарды жаратып, ассимиляциялашыбыз керек. Анткендин ордуна, башка элдерди ассимиляциялоо эмес, өзүбүздү өзүбүз жер-жерлерге бөлүп, кодуламайга өтүп, майдачылдык кылып жатабыз.

– Учурда улутчулдук ураандар абыдан күчөдү. Азыр түндүк-түштүк маселесинен да калмак, кыпчак дегенди укса үрөйү учкандар бар. Биз өзүбүзгө башка улуттарды сиңирип алуу жөндөмүнө ээ боло албаганыбыздын жөнү эмнеде деп ойлойсуз?

– Улутчулдук чоң тема. Ал жөнүндө азыркы күндө окумуштуулар тарабынан изилденген көптөгөн теориялар бар. Бирок бу жерде да өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүз жатат… Кыргыздын улутчулдугу кайра эле биздин уруучулдуктун уландысы, б.а. примитивдүү формасы. Биз уруучулдук коомдун так ошол примитивдүү формасына көбүрөөк ооп бараткандайбыз. Ал тууганчылдык, кандык негиздеги жакындык. Көчмөндүк турмушта бул табигый көрүнүш болчу. Себеби көчмөндөр майда тайпаларга бөлүнүп жашачу, ошондуктан туугандык коллективизм бир-бирине көмөктөшүүнүн табигый жолу болуп келген. Табигый топ катары тууганчылык инстинктик сезимге негизделген. Ушундан улам заманга жараша уруулук, жердешчилик формасын алды. Жердештик да инстинкттик сезимге негизделген. Муну биз жаныбарлардын көптөгөн түрлөрүнүн территориячылдык мисалынан көрө алабыз. Бир аймакта жашаган айбандар ошол эле түрдөгү башка айбандын аймагына киргенин көрсө, ага каршы баары жабыла чабуул коёт. Эгер ал айбан мындай мамилеге туруштук бере алса, аз убакыттан кийин өзү да “ошол жердик” болуп калат. Бул мисал биздин айбандарга мүнөздүү сапаттан кол үзбөй келатканыбыз дегендик. Бул инстинкттик өзгөчөлүк – биз атайылап үйрөнгөн кубулуш эмес. Жердешчилдик – ар бир кыргыз мажбурлуу түрдө башынан өткөрө турган эң бир начар феномен. Аны көрбөй коюу мүмкүн эмес.

Мен мектепти бүтүп, Лейлектен Фрунзеге келгенде нарындык абитуриенттер менен таанышып калдым. Ошондо биринчи жолу түштүктүк катары мени жектешкендигин өз жонтеримен сездим. Өзүм кыргыз болуп туруп, улутташтарымдын мындай жат мамилесине абдан таңгалгам. Кийинчерээк ошого окшош мамилелерди башка түндүк жаштарынан да байкай баштадым. Ошондо мен аларга карата бирдеңкени туура эмес кылып атат окшойм же кандайдыр бир жаңылыштык болсо керек деп бушайман болчумун. Бир учурда аны агама айтсам, «капа болбо, мындай нерселер жаштардын ортосунда боло берет, бир жылдын ичинде аралашып, дос болуп кетесиңер» деп койду. Чынында кийин ошондой эле болду. Бара-бара  курсташтардын кимиси каерден экенине көңүл деле бурбай калдык. Беш жыл студенттик убакта бирге жүргөндөн кийин жердештик сезимдер калып, курсташтардын арасында бири-бирибизди сыйлап, ким кайсы региондон экендиги эч кандай роль ойнобой калды.

Окууну бүтүп, Баткен айлына келип иштеп калдым. Ошол кездерде Лейлектен айырмаланып, Баткен районунда башка региондордон келип иштегендер көп экен. Ошондо түштүктүктөрдүн да аркалыктарды жактырбаганын байкай баштадым, көрсө муну мурда билбечү экемин. Эгерде түндүктүк кыргыздар көп санда түштүккө көчүп барышса, бир кыйласы ал региондогу улутташтарынын арасынан деле жагымсыз мамилени көп эле көрмөк деп ойлойм. Ал убакка чейин Өзбекстанда да кыйла жашап калгам, анткени атамтын теги Жызактын Бахмалынан эле. Мырза-Чөлгө түшкөн туугандарынын жанына көчүп барып жашап калышкан. Түпкү эли казактар болгон ал региондо да ал кезде бардык улуттар аралаш жашап, бир-бири менен байма-бай катташчу. Мен ошондон тарта бул маселеге илимий түшүндүрмө издегенди жакшы көрчүмүн. Мындан мен эч кандай жамандык кылбаган болсом деле, өзүмдү кандайдыр бир күнөөлүү сезем.

Арийне, элде «көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” дейт. Бул улутка да колдонсо боло турган чындык. Кыргыз элинин көп жашаганы башка элдердин алдында эч кандай артыкчылыкка ээ эмес. Тескерисинче, баскан-турганыбызды көп жагынан бааласак, башка элдерден кыйла артта калганыбызды дапдаана көрөбүз. Мунун мисалы, бизде көпчүлүк адамдар орто кылымдардын баалуулуктары саналган жашоонун уруулук-жердештик стилин колдонууда өздөрүн комфорттуу сезет. Себеби ошол деңгээл өтө көп адамдар үчүн табигый абал. Кеп илим-билимден эле эмес, эң негизгиси жана эң жаманы – турмуштук тажрыйбадан артта калганыбыз. Биздин коомдун арасында ушуга чейин деле орто кылымдардагы баалуулуктарды комфорт сезгендер көп. Бул өтө өкүнүчтүү.

Олжобай ШАКИР, «Жаңы Агым»

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.