Бермет саптар

Калича Жакыпова

“АМНЕЗИЯ”

«Мурун мындай эмес элең…» Сөзүңүз,
Ойлондурду…
Мурун кандай элем мен?!
Ырас, балким өзгөрүүмдү сездиңиз,
Суурумайын сөзүм чыкпайт тереңден…

Күрсүнүүлөр… Бул ааламдын жүгүндөй,
Көңүлүмдө, алай-дүлөй, борошо!
Адат болуп бараткансыйт билинбей,
Адамдардан алыс жүрүү, обочо…

Кейип эстеп, өткөн-кеткен катамды,
Кездеримде, ичтен баарын жээриген.
Шаң чакырган көздөрүмдөн качанкы,
Шайырлыкты таппай калдым эми мен…

Мерчеми жок, үмүт жолун көздөтпөй,
Мезгилдерге койбой сезим күнөөсүн.
Сактай алсаң, сактап калчы өзгөртпөй,
Сизге жакса, тээ мурунку мүнөзүм?!

Билбейм азыр… Мурун кандай элем мен..?

 

Шакен Мамбетаипова

ЖАЛГЫЗ ТЕРЕК

Алыс жактан көрүнгөн жалгыз терек,
Атакемден маа калган жалгыз белек.
Ар качандан-бир качан ат мамыдай,
Айланчыктап келүүмө өзүң себеп.

Самап келем алыстан, самап келем,
Сагынычым таркабай карап келем.
Аталардын калтырган эстелиги,
Балдары үчүн чоң медер канат белем.

Мен өлсөм да күн бүтүп жаза тайып,
Сен өсө бер, терегим, бутак жайып.
Экөөбүз тең жок болсок бул дүйнөдө,
Аты өчпөйбү атамдын Мамбетаип.
(“Көл боюна жүз келем” жыйнагынан)

 

Алым Токтомушев

ЧЕКСИЗ ТАЛАП…

Өз жайыма койгула мени,
бейиштин, жайлоонун да жок кереги.
Бу түрмө жетет мага, ошенткиле
кай үмүт орден, кызмат, атак-даңктан,
акчадан, зер-алтындан, жыйындан, салтанаттан
оолак жашап көрөйүн бир оокумга,
бир оокумга, жок дегенде секунддарга, мүнөттөргө.
А эгер берген болсоң алам анда
орденди жезден сокпой
соксоңор тыным билбес жүрөктөрдөн.
Алаар элем атакты берген болсоң,
сан-түмөн клеткалуу мээлериңден…
Апендиликпи?! Жок жомокпу?! Күлбөгүлө!
Өз жайыма койгула мени, ошенткиле!
17-январь, 73-ж.

 

Турар Кожомбердиев

КӨЛЧҮКТӨГҮ АЙ

Эшике чыксам укмуш, апа,
Ары бери калтырап,
Чоң көлчүктүн ортосунда
Ай жатыптыр жалтырап.
Басып барып акырын
Колум сунуп батыраак.
Жаңы кармап алаарымда,
Сынып калды чачырап.
Музфира Мамытова

* * *

Кыйкырык көкүрөктө жаңырыгы,
Кыйалбай турат сени жан улугу.
Көрсөтпөй басып бара жатсаң дагы,
Көрүнүп турат дүйнөң жаңылыгы.

Турпатым турушунан арданууда,
Туйлатып сезимиме чаң салууда,
Энтигип түк түбүнө жеталбастан.
Эмгиче эки дүйнөм таң калууда

 

Темирбек Алымбеков

ӨЗҮМӨ ЖАНА АЯЛГА

Кана Темир токтолбой карма калам,
Жан элең өзүңдү, элди алдабаган.
Жетик болсоң көргөзгүң мүнөзүңдү,
Жеңил сөздүн кайыгын айдабаган.

Анты болот ыр дегендин ач сырыңды,
Алың келсе жазсаңчы жакшы ырыңды.
Эңгилчек басып кеткен жүрөгүңдү ач,
Эске салган качаңкы таш кылымды.

Колдон келген иш болсо түк аянба,
Берем дедиң ыр жазып бир аялга.
Качан болсо салты эле азаматтын,
Каалаганын карматкан сулууларга.

Беш күн болду аял ырды күткөнүнө,
Сен жүрөсүң күчүн салып мүштөгүңө.
Аруу күтсө ырыңды кандай бакыт,
Андай кезде акындар иштегиле!

Кеттик анда болбостур кыйылганым,
Келгилечи кайдасыңар чымындарым?
Жарышып сага жакчу ойлор келет,
Жазгычакты чыгабы чымын жаным!

Акылдуу сөздү сүйбөйм билесиң да,
Арнайм сага кадимки саптарымды.
Карап туруу мен үчүн андан кызык,
Каткырып, жыргап окуп жатканыңды.

 

Зинакан Пасаңова

ОШТОГУ КЫШ БЫЙЫЛ СОНУН, БАШКАЧА…

Кир чала элек кар апаппак, таптаза,
Тоңголок жол “кычыр-кычыр” басканда.
Буурул түндөй бубак каптап калааны,
Оштогу кыш быйыл сонун, башкача…

Улуу жааган карга арзып көңүлүм, ,
Убайым ой түк арзыбас көрүнүп.
Кечки шаарды жай аралап келем мен,
Күйгөн шамдар шоола чачкан төгүлүп.

Темир аяз жүзүм каарып жаланат,
Көөдөндү жууп, аруулантат таза аба.
Баары шашса үйлөрүнө… мен бүгүн,
Кышкы кечке кыялбастан арбалам.

Болду эми, мен да үйүмө кайтайын,
Аяз кыздай кар чүмкөнүп ай-далым.
Кучагымды жайсам, сүйүп бетимден,
“Мынча неге тондуңуз?” – деп балдарым.

Уулум жагып печкеге от улуурак,
Күтүп турса, үйдүн ичин жылуулап.
Ызгаар чачып, чилде өкүмүн жүргүзгөн,
Быйылкы кыш мага жылуу туюлат.

 

Бактыгүл Чотурова

ЭСКЕ САЛДЫҢ ОШТУ НЕГЕ?
Зинакан Пасаңовага

Катыңда Ошто сонун кыш дептирсиң,
Алгандай ак карына бүт жер жүзүн.
Каалгып жүрөгүмө конуучудай,
Сүрөттөн алгым келди бүртүктү үзүм…

Сен азыр салдың эске Ошту неге,
Мен Ошто биринчи кар тостум эле.
Ак кары сагынычтын чаңын үйлөп,
Суукту тоотпогон от күн эле.

Ошто мен биринчи кар өптүм эле,
Досторго күлкү таштап кеттим эле.
Миң күнгө бергис болгон ошол бир күн,
Өмүрдөй шашып агып өттү неге?!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.