Аңгеме жазуунун чыныгы чебери

Жазуучулук ар качантан мээнеттүү иш катары саналып келгени баарыбызга белгилүү. Дартка чалдыккан жан дүйнөңө даба болгон жакшы сөз ар убакта адамдык сапатыңды жоготуп жибербегенге себепчи болуп турат. Эмесе, бүгүнкү адабият рубрикабызда кыргыз элине чыгармалары менен аттын кашкасындай таанымал жазуучубуз Аман Саспаев тууралуу кеп кылалы.

Сарыбайдын тукумунан болом

Кыргыз профессионал адабиятынын проза жанрында калеми менен ак кагаздын дыңын бузуп, не бир жакшы чыгармаларды жазып, коомдун эстетикалык аң-сезиминин өсүшүнө себепчи болгон жазуучулар бар. Алардын катарына турмуштук практикасы бай, башынан түмөн түйшүк мүшкүл өткөн жазуучу жердешебиз Аман Саспаевди да кошсок болот. Окурмандардын арасында Аман Саспаев башка жазуучулардан эмнеси менен айырмаланат деген суроо туулушу мүмкүн. Албетте, анын атагы Чыңгыздыкындай болуп таш жарбаса да, жан дүйнөңдү аңтарып салган чакан аңгемелери менен кыргыз журтчулугуна белгилүү. Бул агайыбыздын чыгармачылыгы туурасында сөз кылсак, сөздүн учугу кай жерге барып түгөнөрүн да билбейсиң. Бала кезимде “Сарала ит” аңгемесин окуганымда отурган жеримден тура албай калганым күнү бүгүнкүгө чейин эсимде. Өзү айткандай, адамдын да, жөргөмүштүн да, иттин да бул жашоого укугу бар экендиги аңгеменин чакан гана тулку-боюна батып кеткенине тан каласың.

Тагдырдын татаал ашуусун ашып, тайгак кечүүсүн кечпеген кыргыз барбы? Аман агай көл башындагы айтылуу сан жылкылуу Сарыбайдын тукумунан болсо да, советтик түзүмдүн курмандыгы болуп, чет жерге тентип кеткен кыргыздын бири. Орус оторчуларынын 1916-жылдагы кыргынынан аман кайтып келген ата-энеси 1933-жылдардагы коллективизация кампанияласын жүзөгө ашырып жаткан совет идеологдорунун купулуна толбой, “бай-манаптын тукумдары” деген кине менен экинчи ирет кайра куугунтукталган. Балалыгы Кытайда өтүп, ал жерде жашаган майда улуттардын салт-санаасын, маданиятын, тилин үйрөнүп, жазуучулукка ынтызарлыгы күчөп жүрүп кайра эле киндик каны тамган жерин карай бет алган кыргыздардын акыркы толкуну менен кытай маданияты боюнча баа жеткис кадр болуп 1962-жылы кайтып келген. Анда эмесе Аман агайдын өмүр таржымалы жөнүндө өзүнүн эскерүүлөрүнөн окуп көрөлүк.

 

Түгөлбай Сыдыкбеков экөөбүз аталаш бир тууганбыз

“Мен Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында 1929-жылы туулгам. Туулган күнүм так эмес, паспортумда 15-октябрь деп жазылган. Энем «орок бүтүп калган кезде төрөлгөнсүң» деп айтар эле. Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков экөөбүз аталаш тууганбыз. Энем «13-14 бала төрөдүм, көбү чарчап калды» деп калчу. Эжем экөөбүз гана аман-эсен чоңойгонбуз.

Чоң аталарыбыз байдын тукумунан болушкан, кийин атам каза болуп калган экен. Жесир калган энем эжем экөөбүздү жетелеп алып төркүнүнө барат. Кыйынчылыктын баары ошол жерден башталды. Апамды байдын келини, бизди манаптын тукуму деп колхозго жумушка албай койду. Кыйынчылыктан улам энем Имаш Мергенбаев деген кишиге турмушка чыкты. Ошол кезде Кытайга ооп кеткен туугандарыбыз бар эле. Алар «Кытайга келгиле, жок дегенде курсагыңар тоёт» деп калышты. Апам эки чыны талканды баштыкка салып, үй-бүлөбүз менен Кытайга жөө бет алдык. Кытайга барчу жолду билбейбиз. Айтор, кете бердик. «Талкан же көйнөк берсеңер, жолду көрсөтүп берем» дегендер четтен табылды. Алар талкандарды алып, биз уктап калганда качып кетишчү.

Акыры Кытайдагы Кулжа шаарына бардык. Алгач курсагыбыз тоюп, туугандарыбыз менен чогуу жашап калдык. Бирок төрт киши аларга салмагыбызды салып отура албадык. Ал жактан кытай үй-бүлөсүнө жалданып иштеп, өгөй атам алардын чөбүн чабат, малын багат. Энем болсо кирин жууйт, нанын жасайт. Балалыгым ошентип өттү.

 

Жазуучулукту тандап алып бир топ кыйналдым

7-8 жашымда аз да болсо тамга таанып, гезит көрсөм баса калып кызыгып окучумун. 4-класска кирип, окуумду уйгурча уланттым. Эжем турмушка чыгып, Кулжа шаарында жашап калды. Окусун деген үмүт менен ата-энем мени да Кулжага жөнөтүштү. Тез эле казак, уйгур тилдерин жакшы өздөштүрүп алдым. Гимназияны бүткөндө 30 баланын ичинен кайра ошол окуу жайга мени мугалим кылып алып калышты. Ал кезде азыркыдай атайын адистер жок. Кээде физикадан, казак адабиятынан, биологиядан сабак берем. Кийин уйгурча, казакча гезиттерге кабар жазчу болдум. Эң алгач «Тагамдын үйүндө бир күн» деген аталышта уйгур тилинде прозам жарык көргөн. 1954-жылы Кытай академиясы майда улуттардын лексикасын чогултабыз деп калышты. Ага мүчө кылып мени киргизип коюшуптур. Бир күнү иштерим менен Үрүмчү шаарына барсам, казак, монгол, уйгурлардын басмаканасы бар экен. Ошондо менде бир ой пайда болду. «Кытайларга казак тилин үйрөтүп эмне кылам, андан көрө басмаканага келип кыргыз балдарына китеп чыгарайын» деген ойго келдим.

Ал кезде кыргыз тилинде эч бир китеп жок эле. Үрүмчүгө басмаканага келип, кыргызча бөлүм ачтык. Жетекчиликке кирип жүрүп «Тоо гүлү» деген адабий журнал чыгарууга макулдашып, материалдарды жыйнап бүткөнүбүздө улуттук кадрлар арасында «Стилди түзөө» деген саясий кампаниянын иши башталды. Ал кытайдын улуттук саясатына байланышкан кыймыл. Саясаттан канчалык оолак жүрсөм да, ошол кампанияга кокусунан кабылып, туура эмес көз караштагы адам болуп чыга келдим. Басмаканадагы иштерим калып, мени жер астындагы жумуштарга салышты, ар кандай оор иштерди иштетишти. 1960-жылы басмаканадагы кыргыз сектору жабылып, бизди Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусуна көчүрүштү. Анан Кытайда жазуучу боло албастыгыма көзүм жетти да, өз мекениме кетсем деген тилегим күч алды. 1962-жылы октябрь айында жергиликтүү өкмөт мекениме кетүүгө уруксат берди. Ата-энем ошол жерде каза болуп, эжем бала-чакасы менен калган. Мен 30 жаштан ашканда кытай кызына баш кошуп, бир уулдуу болдук. Кыргызстанга үй-бүлөм менен келдим.

Согушта каза болгон аталаш агамдын үйү бош турган экен, аны оңдоп-түзөп кирип алдык. Анда дагы аңгеме жазуумду таштаган жокмун. «Шейшеп», «Кара май» деген кыска аңгемелер ошол кезде чыккан. Аларды Кең-Суудан жазып, Түгөлбай агама почта аркылуу салып жиберем. Ал китептерге бастырып коёт. Анан акырындап оозго алына баштадым.

1965-жылы «Гүлкайыр» деген алгачкы китебим жарыкка чыкты. 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болдум. Анан Ысык-Көл облусундагы жаш жазуучуларга кеңешчи болуп иштедим. «Сарала ит» деген чыгарманы жазгандан кийин эле мени «антисоветтик адам» деп Аалы Токомбаев баш болгон бир топ жазуучулар айыптап киришти. 5 жылга чейин эч кандай чыгармам жарык көрбөй калды. Кайсы гезитке барсам эле «Саспаев, сиз тууралуу бизге кагаз келген» деп ырларымды алышпайт.

«Сарала ит» деген аңгеме кыргыз жазуучуларын экиге бөлүп таштады. Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбековдор «Сарала итти» жактап, Аалы Токомбаев жана башкалар антисоветтик деп чыгышты. Жалил Садыков болсо «ирандык жазуучунун чыгармасын көчүрүп алган окшойт» деди. Кийин Москва шаарынан «Рыжая собака» деп орус тилине которулуп, китептерге чыгып кетти. Ошондо гана кыргыз жазуучулары «Сарала ит» аңгемеси тууралуу унчукпай калышты.

Биз Кытайдан келерибиз менен аталаш агам өз үйүнө көчүрүп алган. Мен эртеден кечке кагаз жазам. Агам аны жактырбайт. Көрсө, ал мени өзүнө койчу кылайын деп алып келген экен. «Тууган» деген чыгармамдын жаралышына ошол агам түрткү болгон.

Эс алайын деп пенсияга чыгып алдым. Тез эле боштуктан тажап, үйдө жата албадым. Чыгармаларды машинкага басып, почта аркылуу Түгөлбай агама жиберип турдум. 1995-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетине чакырып, «кытай тилинен мугалим болуп бериңиз» деп суранышты. Мен макул болуп, ошол убактан бери кытай кафедрасында иштеп келе жатам. 20дан ашык китебим бар. Кээ бир аңгемелерим ар кайсы тилге которулду.

Азыр баары эле жазуучу болуп кетти. Өкүнүчтүүсү, китеп окуп отуруп «бул жакшы экен» деп астын чийип койчу нерсе таппайсың. Алдыма оор кесипти тандап, жазуучулуктун азабын көп тарттым. Азыр балдарым чыгарма жазам десе, мен каршы болмокмун”, – деген нары кызыктуу, нары маанилүү эскерүүсү жаш муунду патриоттулукка, гумандуулукка жана да башка адамдык асыл сапаттарды жетиштирүүгө тарбиялайт. Аман агай өзүнүн 86 жылдык өмүрүндө маанилүү жашап, өмүрүн жазуучулук менен катар мугалимдик кесипке арнап, аркасында көөнөрбөс мурас калтырып кетти.

Талгат Деркембаев, “Саресеп”, 24.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.