Кайыркүл САРТБАЕВА, СССРдин эл артисти: “Үйдө да, жумушта да, азыр дагы, дайыма… музыкасыз жашай албайм”

СССРдин жана КРнын эл артисти Кайыркүл Сартбаева дүйнөлүкклассикалык жана улуттук опералардагы негизги партиялардын чебер аткаруучусу. Ал жараткан образдар: Татьяна, Лиза (П.Чайковский, «Евгений Онегин» «Карганын маткеси»), Микоэла (Ж.Бизе, «Кармен»), Дездемона (Ж.Верди, «Отелло», Маргарита (Ш.Гуно, «Фауст»), Баттерфляй (Ж.Пуччини, «Чио-Чио-сан», Айчүрөк, Калыйман, Каныкей, Зулайка (А.Малдыбаев, В.Власов жана В.Фере, «Айчүрөк», «Манас», «Ажал ордуна») жана башка. Ошондой эле «Токтогул», «Жамыйла», «Олжобай менен Кишимжан», «Аста, секин колукту», «Алтын кыз», «Аршин мал алан» операларында башкы каармандардын образын түзгөн. Москвадагы Чоң театрда Баттерфляй, Маргарита, Татьянанын партияларын аткарган. К.Сартбаева кыргыз, орус композиторлорунун ырларын, романстарын чебер аткаруучу катары белгилүү.

– Кайыркүл апа, 80 жыл бир караганда узактай, бир караганда көз ирмемдей сезилет. Мына ушул куракта басып өткөн өмүр жолуңузга кылчайып, саресеп салып жатсаңыз керек?

– Адам өмүргө тойбойт эмеспи, анын сыңарындай, 80 жашка чоң жүк, изденүү менен келдим. Чыгармачылыгым да, жеке жашоом да жалаң гана ачык асман алдында, көгөргөн чөптүн үстүндө өттү дей албайм. Кээде буркурап боздоп ыйлаган да, асманга көкөлөп учуп, бактылуу болгон учурлар да болду. 80 жылдык өмүр жолумда. Академиялык опера жана балет театрында элүү беш жыл эмгектендим. Кыргыздын залкар композиторлору А.Малдыбаев,Н.Давлесов, К.Молдобасанов, дүйнөлүк композиторлордон П.И.Чайковский, В.Моцарт, Д.Верди, С.Рахманинов ж.б. улуу классиктер менен бирге иштешүү мен үчүн ары кызык, ары бактылуу учур эле. Алар менен чоң ийгиликтерди жараттым. Алардан үйрөндүм, менден үйрөнүштү дегендей, айтор элүү беш жыл ичинде элүүдөн ашуун композиторлордун чыгармаларын аткаруу менен ырчылык өмүрүм өттү.

– Чыгармачылыктагы негиздүү ийгиликтериңиз?

– Эң негиздүүсү, Москва консерваториясын аяктагандан кийин белгилүү композитор Дж.Пуччининин спектаклин Кремлде алты жолу, СССРдин чоң-чоң театрларында он беш жолу, мындан сырткары Д.К.Вердинин, М.С.Бойтонун, П.И.Чайковскийдин спектаклдерин аткарган учурларым менин чыгармачылыгымдагы эң негиздүү учурларым деп эсептейм. Ошону менен катар, отуздан ашуун мамлекеттерде эл аралык сынактарга катышып, кыргыздын желегин көтөрүп, даңалазалап жүрдүм. Андан сырткары, элүү жылдан ашуун К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда педагогикалык кесипти аркалап, жаш муундарга ырчылык өнөрдү үйрөтүп, сабак берип келем. Мына ушулардын бардыгы 80 жылдык жашоомдогу көз ирмемдер. Ошолордун ичинен жакшылыгын да, кыйынчылыгын да көтөрүп, мына быйыл 80 жашка толуп олтурам.

– Педагогикалык ишмердүүлүгүңүз тууралуу азын-оолак кеп кылсак. Шыбагасына билим алуу туш болгон болочок ырчылар кандай бактылуу…

– Менин мугалимдик кесибим да байсалдуу болду. Элүү жылдык педагогикалык эмгектенүүмдө Чайковский атындагы консерваториядан алган тогуз жылдык билимим, ошол кездеги устаттарымдын, анын ичинде профессор В.Ф.Рожденственскаянын берген ырчылык дүйнөдөгү чоң сабактары мага ушул кезге чейин жардам берүүдө. Ал эми чоң театрлардагы улуу дирижерлордун, режиссерлордун сабактары чыгармачылыгымда өмүр бою сабак болду. Алардан эмнени үйрөнгөн болсом, өзүмдүн шакирттериме, окуткан окуучуларыма ошону үйрөтүп келе жатам. Педагогикалык тажрыйбамда шакирттериме эбегейсиз чоң эмгек менен ырчылык өнөрдүн түмөн сырларын үйрөттүм. Элүүгө жакын вокалдык искусство боюнча диплом берип, mколумдан кыргыздын эл артисттери, дүйнөлүк деңгээлдеги лауреаттары өсүп чыгышты. Алардын ичинен Т.Ромер, З.Мавлянова ( КРнын эмгек сиңирген артисти), С.Балтаева (КРнын эл артисти), Э.Самарбекова (А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисткасы) ж.б.

– Эки доордун жашоосун көргөн инсан катары азыркы учурдагы кыргыз маданиятынын деңгээлине көз карашыңыз?

– Кыргыз эли эгемендүүлүккө жеткенибизге жыйырма беш жылдын жүзү болду. Ошондон бери Советтер союзундагы маданий алакалар үзүлүп, маданиятка анчейин көңүл бурулбай келет. Өзгөчө профессионалдык искусство солгундап калды.

– Кеп нугун үй-бүлөңүзгө бурсак. Чыгармачылык менен үй-бүлө түйшүгүн алып кетүү оор болгон жокпу?

– Чыгармачылыгымдагы кыйынчылыктарды балдарым дагы чогуу көтөрдү. Кичинекей балдарымды отургучка отургузуп коюп, өзүм сахнага даярданар элем. Эл аралык фестивалдарга да көп катышчумун. Ошондой учурларда балдарымды кароого жетише албай, театралдык бала бакчада калышчу. Гастролдоп Москвадан, Щвецариядан ж.б. жактан келген учурларда, үйгө балдарым жесин деп көтөрүнүп келчүмүн. Мына ошентип, менин чыгармачылыгым менен чогуу өскөн балдарым да чыгармачыл чөйрөгө аралашып калды.

Үй-бүлөнү сөзсүз күтүү керек, багыш керек, баркташ керек. Мен баарынан мурда – энемин. Кадимки аялдар сыяктуу мен да үйдө энелик милдетимди аткарып, аялзатына тиешелүү жумуштарды жасайм. Балдарыма түрдүү тамактарды жасап берем. Өзүм жетим чоңойгондуктан, мен көргөн кыйынчылыктарды балдарым көрбөсүн деп аракеттенчүмүн. Кызым – Айгүл экономика илимдеринин кандидаты, уулум – Искендер атасынын жолун жолдоп, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында башкы режиссер болуп эмгектенет. Азыркы учурда алты неберем, алты чөбөрөм бар.

– Алдыда 80 жылдык маараке… ага карата канчалаган түйшүктөр, ак тилектер, толкундануулар, аткарылчу иштер күтүп жаткандыр?

– 24-июнда Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын чоң залында 80 жылдык мааракеме карата окуучуларым менен чоң концерт уюштуруп жатабыз. Мына ошондо жогоруда айтып кеткен окуучуларым – эл артисттери, лауреат окуучучуларым, аспиранттарым келишет. Бул менин ушуга чейин кандай эмгек жасаганымдын, артыма канчалык из калтырганымдын, эмгегимдин жемиши эмеспи.

Жыпар ИСАБАЕВА, Сабира САТИЕВА, “Кыргыз Туусу”

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.