Сүймөнкул өнөрдү аздектеген

Бишкекте советтик кыргыз актёру, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду эскерүү апталыгы жарыяланды.

Апталык Улуттук көркөм өнөр музейинде Сүймөнкул Чокморовдун сүрөт көргөзмөсү менен башталып, Орус драма театрында “Акыркы чакырык” деп аталган спектакль менен уланат. Кыргыз киносунун өнүгүшүнө зор салым кошкон актердун атын түбөлүккө калтыруу иштери мамлекет тарабынан татыктуу колго алынбай жүргөнү коомчулукта айтылып келет.

Актердун уялаш агасы Сүйөркул Чокморов өзүнөн үч жаш кичүү иниси, таанымал актер Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгына айыл турмушу өзгөчө таасир тийгизгени тууралуу кеп салып отурду:

– Сүймөнкулдун “айылдаштарымдын таасири менен мен ушул даражага жеттим”, – деген сөзү бар. Ал тээ токтоло элек өспүрүм кезинде жеңелерин, агаларын тамашалап туурап, атка минип, кийин өзү тартылган “Улан” деген тасмасындагы каармандай мас болгон балдарды аткарып, жанындагыларды күлдүрүп, айтор, тегерегиндегилерден таасир алып бой жетти. Анын сүрөттөгү каармандары да жалаң айылдыктар. Чоң аталарыбызды, аталарыбызды тартып калган сүрөттөрү көп. Мисалы, “Мергенчи” деген эмгегин айтсак болот. Кийин улут аксакалы Саякбай Каралаевдин сүрөтүн он жылдан ашуун убакыт тартты.

Агасы таанымал актердун кийин ден соолугу начарлап, дарыланып жүргөн учурда да айылга болгон тартылуусу күчөгөнүн айтууда:

– 11 жыл бою жумасына үч жолу үч сааттан диализге отуруп жүрдү. Тамырларын кан тазалоочу аппаратка кошот эмеспи. Ошентип дайыма тамырын чукуй берип ал колтугуна чейин жетип калган. Анан дарыгерлер кан тазалоону такымынан башташты. Сүкө акыркы жылдары шаарды жактырбай айылга эле тартылып турар эле. Бир күн болсо да биздин жаныбызда болгонду эңсечү. Ойлонуп отуруп “мага эч кандай наам, атактын кереги жок, мага болгону ден соолук болсо жетет эле…”, – деп айтканы бар.

Бирок агасы Сүймөнкул Чокморов өмүрүнүн акырына чейин бул дартты жеңүү үчүн күрөшкөнүн, кан тамырларына 56 жолу операция жасатканын, асылган оору 53 жашында алып кеткенин айтты.

Чыгаан сүрөтчү жана актер тууралуу даректүү тасма тарткан режиссер Замир Эралиев Чокморов менен Москвада бөйрөк институтунда дарыланып жаткан кезде, 1985-жылдан баштап иштеше баштаганын эскерди:

– Мен, Мария жеңе, Чыңгыз Төрөкулович болуп Сүймөнкул Чокморовду көргөнгө кирдик. Актер менен бир сааттай сүйлөшүп, оорусун билип чыккандан кийин Чыңгыз Айтматов кызыктай болуп эле сүйлөй албай калды. Чыкебиз ушунчалык эмоционалдуу, боорукер киши экенин ошондо көрдүм. Андан ары иштер менен башка жакка жөнөдүк. Бул учурда Айтматов бир сааттай таптакыр унчуккан жок. Бир маалда гана Сүкөм тууралуу Чыкебиз “бул кандай чыдамкай киши, ооруп, операция болуп жатканын такыр байкаткан жок. Тескерисинче бизди тамашалап, көңүлбүздү көтөрүп отурду” деп таң калганы эсимде.

Эралиев ошол жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен Эльга Лындинанын сценарийинин негизинде “Сүймөнкул Чокморов” деген даректүү тасмасын тартууну баштап, аны 1987-жылы аяктаган. Тасмада Чокморовдун кинематографияга кошкон салымы, жеке турмушу, дарыланып жаткан учуру чагылдырылган.

Сүймөнкул Чокморов “Караш ашуусундагы атыш” тасмасындагы башкы каарман Бактыгулдун ролун аткаруу менен кино дүйнөсүнө кадам таштап, андан соң “Жетинчи ок”, “Дерсу Узала”, “Кызыл алма” ж.б. бир топ советтик тасмаларга тартылган. Ошол эле учурда сүрөтчүлүк өнөрүн да аздектеп өткөн.

Кыргыз Эл сүрөтчүсү Сапарбек Төрөбеков Сүймөнкүл Чокморовактер катары атагы таш жарып турган учурда да өзүн дайыма сүрөтчүмүн деп эсептегенин айтты:

– Сүймөнкул СанктПетербургда, мен Москвада окуп жүргөн кезде майрам сайын катташып турчубуз. 1969-жылы окууну бүтүп келгенден кийин чогуу иштеп калдык. Бир нече көргөзмөлөргө катыштык. Этюддарга бирге чыктык. Сүймөнкул өзүн дайыма сүрөтчү деп эсептечү. Мен да Сүймөнкулду чыныгы сүрөтчү деп эсептейм. Эмгектери чыныгы турмуштан алынган, жасалмасы жок, чыныгы сүрөттөр.

2007-жылы Бишкек мэриясы шаарга Сүймөнкул Чокморовдун айкелин орнотуу боюнча токтом кабыл алган. Бирок ал буга чейин ишке ашпай келген. Актердун агасы Сүйөркул Чокморов акыркы жылдары маркумдун жакындары, күйөрмандары каражат топтоп, учурда Бишкек, Ош шаарларына айкел тургузуу маселеси чечилгенин айтты:

– Бул аракет өкмөттө акча каражаты жок болуп токтоп калган эле. Жогору жактан өзүңөр акча топтогула, анан көрөбүздеген ишарат болгон. Анан биз үч жылдай Кыргызстанды кыдырып марафон өткөрдүк. Чынында эле кыргызда Сүкөбүздү жакшы көргөндөр көп экен. Айрыкча Ош, Талас облустарындагы пенсионерлер, мектеп окуучулары беш сомдон болсо да салым кошту. Азыр акча бар, эстелик тургузуу иштери башталды.

Кыргыздын чыгаан таланты Сүймөнкүл Чокморовдун бүтүн тулкусун камтыган айкели Бишкектин “Ала-Тоо” кинотеатрынын жанына, ал эми тасмада жараткан образдарындагыдай ат менен байланыштуу айкели Ош шаарына коюлат.

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. 1992-жылы узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайткан.

Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 23.11.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.