Бүгүн кино үйүндө “Чыңгыз менен Бүбүсара” фильминин бет ачары болот

Бүгүн Бишкектеги Республикалык кино үйүндө толук метраждуу “Чыңгыз менен Бүбүсара” кинотасмасынын бет ачары болот. Бул жөнүндө “КАБАР” агенттигине кино үйүнүн деректири Паризат Борбиева билдирди.
Режиссер Жаныш Кулманбетов өз фильминде кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен бийчи Бүбүсара Бейшеналиеванын сүйүү тарыхы жөнүндө баяндайт. Башкы ролдорду Махаббат Байгабылова, Азамат Калман жана Темирлан Сманбеков ойношот. Тасманын бет ачары ЭМК өкүлдөрү жана киноишмерлери үчүн өтөт.

А.Бенгард, МТ, «Кабар» МА, 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.