Быйыл “Ысык-Көл” форумунун өткөнүнө 30 жыл толот

Кыргызстандын чыгармачыл союздарынын Конфедерациясы 12-декабрдагы Адабият күнүндө «Ысык-Көл» форумуна 30 жыл толгондугун белгилешет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Улуттук жазуулар союзунун төрагасы, Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов билдирди.

“Аталган форумдун Кыргызстандын тарыхындагы жана саясый турмушундагы орду өзгөчө. Президенттин жарлыгы менен “Тарых жана маданият жылы” белгиленип жаткан учурда Кыргызстандын чыгармачыл уюмдары маанилүү иш-чараларды көрүүдө. Ошентсе да “Ысык-Көл” форумунун 30 жылдыгы Мамлекеттик дирекциянын программасына кирбей калганы бизди өкүндүрөт. Дагы да болсо кеч эмес деп бул тууралуу Мамлекеттик дирекциянын башкы директору С.Раевге кайрылдык”,- деп билдирди ал.

“Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, дүйнөлүк улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен 1986-жылы өткөрүлгөн “Ысык-Көл” форумуна быйыл 30 жыл толот. Форумда анын президенти болуп улуу гуманист – жазуучу Ч.Айтматов шайланган”, -деди А.Рыскулов.

“Ысык-Көл” форуму – Интеллектуалдуу өкмөттүк эмес эл аралык форуму” борборубуз Бишкекте башталып, Чолпон-Ата шаарында өз ишин уланткан. Бул форум СССР мезгилинде дүйнө жүзүндө биринчи жолу Чыгыш менен Батыштын эң көрүнүктүү интеллектуалдарын башын кошкондугу менен зор мааниге ээ болду. Ага Совет өлкөсүнүн искусство, маданият, адабият тармагынын көрүнүктүү ишмерлеринен тышкары, Улуу Британиядан актер жана жазуучу Питер Устинов, АКШдан футуролог-окумуштуулар Олвин жана Хейди Тоффлер, Рим клубунун төрагасы Александр Кинг, Франциядан жазуучу, Нобель сыйлыгынын ээси Клод Симон, ЮНЕСКОнун башкы катчысы Федерико Майор өңдүү атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн аалам акылмандары катышкан”, -деди ал.

“Форумга катышкандар ошол заманга таандык ар түрдүү көйгөйлөрдү, адамзаттын өнүгүүсүндөгү талылуу жагдайларды, цивилизацияны өнүктүрүүнүн жаңыча жолдорун издөө сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги маселелерди талкуулашкан. Бул жолугушуу СССР менен Батыштын ортосундагы “кансыз согуштун” чыңалып турган абалын жеңилдетип, ымалага алып баруучу багытка жол көрсөткөн өтө маанилүү жана таасирлүү окуя эле”, – деп айтты А.Рыскулов.

“Быйыл республикабызда “Тарых жана маданият жылы” белгиленип жаткан шарттарда Кыргызстандын чыгармачыл уюмдарынын Конфедерациясы 12-декабрдагы Адабият күнүндө (Ч.Айтматовдун туулган, А.Осмоновдун өлгөн күнү) «Ысык-Көл» форумуна 30 жыл толгондугун белгилегени турат. Ошондой эле, “Ысык-Көл” форумунун кезектеги жыйыны чет элдик катышуучуларды чакыруу менен эл аралык деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата 2018-жылы өткөрүлсө деген сунуштарды айтып жатабыз”,- деди Кыргызстан Жазуучулар союзунун төрагасы.

«Кабар», 21.10.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.