Кыргыз адабиятынын маалыматтамасы жарык көрдү

«Айат» басмасынан алынган кабарга караганда «Кыргыз адабияты: маалыматтама» аттуу китеп жарык көрдү.

Китеп кыргыз адабияты предметин тереңирээк үйрөнүү үчүн адабият таануу терминдеринин түшүндүрмө сөздүгүн, мектеп программасына кирген манасчылардын, акын-жазуучулардын өмүр баяндык маалыматтарын, улуттук адабияттын урунттуу учурлары тууралуу окуялардын хроникасын, класста жана класстан тышкаркы учурда өткөрүлүүчү иш-чаралар тууралуу жалпы кеңештерди ичине камтыган төрт баптан турат жана алар бири-бири менен байланышып, мектеп окуучуларына, филологиялык-педагогикалык багытта билим берип жаткан окуу жайларынын студенттерине, жалпы эле адабиятты сүйүүчүлөргө арналат.

Эмгек мектептеги адабий билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүнө ылайыкталган жана окуучулар бардык материалдарды бир китептен табууга ыңгайлаштырылган. Китептин ар бир бабынан алдынан ошол бап тууралуу түшүндүрмө – киришүү берилген.

Маалыматтама (спровочник) Абдыкерим Муратов, Жээналы Шериев, Каныбек Исаков – үч профессордун көп жылдык эмгегинин үзүрү. «Айат» басмасынан 1000 нускада чыккан бул басылма мектеп окуучулары жана студенттер үчүн колдонмо катары мектеп практикасына кошулган чоң салым болуп калды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.