Башканы коюп “Манасты” айт

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Манас” эпосун изилдөө боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгын чыгарды.

Аталган сынак Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан Тарых жана маданият жылынын алкагында мамлекеттик тилде “Манас” темасында илимий иш жазган жаш илимпоздорго колдоо көрсөтүү максатында алгачкы жолу өткөрүлдү. Сынакка 10 илимий иш келип түшүп, талапка ылайык делген 8и тандалып алынган.

Илимий иштер атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, жыйынтык чыгарылды. Илимий иштерди кароодо комиссия мүчөлөрүнө берилген илимий иштердин авторлорунун аты-жөнү жашырылып, номер менен белгиленип, купуялуулук сакталган. Ошондой эле, берилген ойдун оригиналдуулугуна, маалыматтын тактыгына жана сабаттуулугуна өзгөчө көңүл бурулду. Сынактын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

Баш байге – Усеев Нурдин (“Манас” эпосу жана Орхон-Энесай жазма эстеликтери: тилдик окшоштуктар менен каармандардын параллели”).

1-орун – Качкынбай кызы Айгүл (“Манас” жана манасчылык Ч.Айтматовдун көркөм дүйнөсүндө”).

2-орун – Өмүралиева Жанар (“Манас” эпосунда элдик дарылоонун ыкмалары жана анын мааниси”).

3-орун – Абдимиталип уулу Нурсултан (“Кыргыздарда жана Караханиддерде баланын төрөлүшүнө байланыштуу ырым-жырымдар”)

Аталган эмгектер комиссиянын чечимине ылайык жыйнак болуп чыгарылат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи илимий чөйрөнүн жана массалык-маалымат каражаттарынын катышуусунда Кыргыз Улуттук китепканасында өткөрүлдү. Илимий чөйрөнүн өкүлдөрү мындай иш-чараларды өткөрүүнүн актуалдуулугуна токтолуп, жаш илимпоздорду колдоо керектигин айтышты. Жеңүүчүлөргө Улуттук комиссиянын китептери, атайын дипомдор жана “Саякбай манасчы” эл аралык фондунун “Саякбай энциклопедиясы” китеби тапшырылды.

Нурзат Асанбекова,
Мамлекеттик тил боюнча улуттук
комиссиянын жетектөөчү адиси,
“Кыргыз тили”, 23.12.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.