Кут даарыган жыл болсун!

Кудай буюрса, эски жылдан эсен чыгып, жаңы жыл босогосун аманчылыкта аттаганы турабыз.

Узап жаткан жылыбыз журтчулук үчүн жемиштүү жыл болду, ырасында. Эсте калар эчен-түркүн окуялар камтылды. Өлкө Президенти тарабынан Маданият жана тарых жылы аталганы менен, иш жүзүндө Маданият, тарых, тил жылы катары алгылыктуу аракеттер көрүлгөнүн тана албайбыз. Анткени, улуттук маданият менен тарыхты улуттук тилсиз элестетиш мүмкүн эмес.

Өлкөбүз эгемендикке ээ болгон акыркы 25 жыл ичинде ичинде Кыргызстан кылымга тете жол басты. Улуттук тилибиз ургаалдуу өсүш алды. Ырас, эки сөздүн бирине орус тилин аралаштырып, адабий тилибизди айыл тилине айлантып, кеп маданиятынан аксаган жөнүбүз бар. Алты сөздөн алты ката кетирип, орфография жагынан онтогонубуз да оркоюп көрүнүп  турат. Ошого карабастан улут тили өркүндөө үстүндө.

Ал эми мамлекеттик тил жаатында маселе бар. Бул өңүттө ойдогудай өркүндөй албай келебиз. Бирок, Президент А.Атамбаев тарабынан демилгеленип, өлкөнүн Коргоо кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасы көп көйгөйдү чечип, аракетти арбытууда. Маанилүүсү – мамлекетибиздин тил саясаты айкын аныкталды. Болочокто өз эне тилин мыкты билген, расмий жана башка чет тилдеринде эркин сүйлөй алган кыргызстандыктарды тарбиялап өстүрөбүз. Акырындап мамлекеттик тилди билүү муктаждыгы камсыз кылына баштады. Эмдиги жылдан тарта өлкөнүн жогорку бийлик өкүлдөрү менен бирге Өкмөт мүчөлөрүнүн бири калбай мамлекеттик тил боюнча сынактан өтө башташат. Мына ушундай эле талап бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге  таандык.

“Кыргызтест” эми расмий жана чет тилин билүү деңгээлдерин аныктоо боюнча иштерди баштады. Кези келип, ал талап ишке киргенде, “бизде мамлекеттик тил боюнча маселе жок, баарыбыз кыргыз тилин катырабыз” деп ээги ээгине тийбей эбиреген элеттик кыргыз кызматкерлерине  эле кыйын болот. Чет тилин мындай кой, расмий тилде жарытылуу сүйлөй албаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер так ушул элет жеринде эчендеп саналат.

Эмки жылы улутту Улуу Үркүндөн  арачалап алып калган Улуу Октябрь төңкөрүшүнө туп-туура 100 жыл толот экен. Ошол 1917-жыл, ырасында – кут даарыган жыл болгон. Ошондуктан, бир кылым аттап келип жаткан жаңы жылыбыз да Кыргызстан үчүн кут даарыган жыл болсун деп тилек кылалы!

Капар Токтошов,
“Кыргыз тили” гезитинин башкы редактору

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.