Касиеттүү Ахмет Ясавинин керемети

Сүрөттө Кул Кожо Ахмет Ясавинин күмбөзү. (Кимсанбай Абдыразак уулунун китеби)

Ахмет Ясавинин түрк дүйнөсү, айрыкча Борбор Азиянын калкы үчүн мааниси аябагандай зор.

Мындан миң жыл баштагы Дешти-Кыпчак… Ак мөңгүлүү тоолор жана учу-кыйырсыз талаалар. Ислам дини менен шаманизмдин, отурукташкан турмуш менен көчмөндүктүн ортосунда каалгыган Борбор Азия.

Жер кезген дубаналар, биринен бири өтүп жер үстүндөгү ар кыл жаңылыктар, кереметтер жана укмуштар тууралуу кабарларды тараткан дербиштер. Ошолордун арасында токтогон жеринде жонундагы куржундан ыйык китептерди алып чыгып, андан үзүндү окуп, элди динге жыккан, ар кыл маданияттар менен диндерди бири-бирине жакындаштырган инсандар…

Ошолордун бири, болгондо да эң эле улуусу жана ыйыгы биз үчүн, түрк калктары үчүн өтө жакыны, кереметтүү өмүрү жана жанда жок пакизалыгы, адалдыкка жана тазалыкка чакырган ырлары менен «ыйык», «касиеттүү», «кереметтүү» деген атка конгон Ахмет Ясави эле. Баса белгилей кетейин: Ясавинин эл арасында бир эмес, бир нече аты болгон. Кээ бирлер аны Кожо Ахмет Ясеви дешсе, кээ бирлер Кул Кожахмет Ясави, дагы бир Шайык Ахмет Ясави, кээде кыска эле Азирети Султан дешчү экен. Кыргызда аны Кул Кожо Акмат деп жазып жүрүшөт.

Ахмет Ясавинин түрк дүйнөсү, айрыкча Борбор Азиянын калкы үчүн мааниси аябагандай зор. Эң негизгиси бизге ислам динин, анын ичиндеги эң жакшы тарикатты – суфизмди же сопулукту, такыбалыкты араб же фарси тилинде эмес, өзүбүздүн эне тилибизде, түрк тилинде түшүндүргөнү жана таратканы болгон.

Ясави 1105-жылы азыркы Казакстандын Сайрам деген жеринде туулган, бирок түпкү теги кайсы улуттан экенин так айтуу кыйын. Кээ бир уламыштарга караганда, Ясавинин түпкү аталары Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы, дагы тагыраак айтсак, азирети Аалинин тукумдарынан экен.

Ясавинин пайгамбар менен байланышы бар экенинин дагы бир далили төмөндөгүчө. Мухаммед пайгамбар шакирттери менен даам сызып отурганда колунан жеп отурган курманын данеги жерге түшүп кеткен дешет. Ошондо пайгамбарга көкө теңирден аян болуп, бул курманын данеги пайгамбардын 400 жылдан кийин келчү бир шакиртине буюрат деген экен. Айткандай эле ошол данек 400 жылдан кийин Азирети Ясавинин колуна тийип, пайгамбар даам сызган курманын данеги дал ошол Ахмет Ясавинин шыбагасына буюрган деген аңыз кеп бар.

Ясави жаштайынан илимге, билимге, деле руханий дөөлөттөргө абдан кызыккан киши экен. Ислам негиздерин Бухарадагы медреседе окуп, ал жерде жан дили менен диндин сырларын ачып, маанисин аңдап, тереңине сүңгүп, акыры аң-сезимдүү түрдө суфизм тарабына оогону белгилүү. Бухарадан кайра кайрылып келген соң ал Кул Кожо Ахмет Ясави атыгып, шайык деген атка конуп, казактын кең талаасындагы Яссы деген жерге медресе ачкан. Ошол жерде ислам динин жайылтып, аты алыска угулуп, шакирттери көбөйүп, кийин анын жолун жолдогон 90 миңге жакын мюриддери же мураттары пайда болгон. Анын мураттары тоолор менен талааларды кыдырып, Ясави негиздеген тарикатты, башкача айтканда, сопулуктун, такыбалыктын маани-мазмунун Сибирден баштап Анатолия жарым аралына чейин, Волга же Эдил боюнан тартып Улуу Кытай дубалына чейин жеткирген экен.

Ошону менен бирге касиеттүү Кул Кожо Ахмет Ясави жеке өзү мусулманчылыктын чыныгы үлгүсүн көрсөткөн инсан болгон. Маселен, өмүр бою момундук менен тазалыктын, дин кереметине терең ишенген сопулуктун жолунда жашаган. Ал эми суфизм же сопулук деген – бул дин кереметин таанып-билүүнүн өзгөчө жолу болуп эсептелет. Ал үчүн сопулар ыйык Куранды кайра-кайра окуйт, түшүнүүгө аракетин жасайт, тереңине сүңгүйт, кудай менен, жараткан менен ой-пикиринде, санаасы менен кыялында жанашуу аракетин жасайт. Ар нерсеге сабырдуу кароо, руханий тазалануу, кудай таала кудуреттин эркине толугу менен баш ийүү – бул суфизмдин, анын ичинде азирети Ахмет Ясавинин тарикатынын негизги догмасы болуп саналат. Ошон үчүн жалгыз уулу Ибрагим күтүлбөгөн жерден каза болгонун укканда да Ясави «бул да болсо кудайдын буйругу, кудайым өзү берди эле, кайра өзү алып кетти, жараткандын ушунусуна тобо» деп дубасын кайра-кайра окуп, кудайга миң мертебе жалынып, ал гана эмес кабар айткан пендеге минген атын берген экен. Мага жамандык жасаганды ар дайым кечирем, керек болсо ага кызымды күйөөгө берем деп айткан да ушул Кул Кожо Акмат болгон. Ушундан улам «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген кыргыз-казак макалы да ушул диний көз караштан келип чыккан го деген ой кетет.

63 жашка келгенде Кул Кожо Акмат атабыз Мухаммед пайгамбар жеткен жашка жеттим, пайгамбардан узак жашаганга эч бир акым жок деп санап, өзү негиздеген медресинин ичине жертөлө каздырып, анда он жылдан ашуун тынбай зикир чалып, Курандын сүрөөлөрүн миң кайталап окуп, чилтен болуп жүрүп өмүр өткөргөн экен.

Ахмет Ясавинин эски түрк тилинде мындан тогуз жүз жылдай башта жазган ырлары «хикметтер», бизче экметтер деген ат менен белгилүү. Деле Жусуп Баласагуни менен Ахмет Ясави – эң биринчилерден болуп түрк тилинде адабий чыгарма жазган, философиялык ой жүгүрткөн, жашоодогу бийик материялар тууралуу тексттерди жазган алгачкылар. Баса, «ата» жана «баба» деген түрк сөздөрүнө кошумча «олуя», «ыйык» же «пир» деген маанини кошкон ошо Кожо Ахмет атабыз болгон. Ошондон кийин Коркут-Ата, Олуя-Ата, Чолпон-Ата, Алма-Ата, Кочкор-Ата, Падыша-Ата, Ысык-Ата сыяктуу жер аттары, адам аттары пайда болгон. Деле касиеттүү Ясавини илгертен эле жалпы түрк калктарынын пири деп аталып келгенин баса белгилей кетели.

Ахмет Ясави тирүү кезинде эле ыйык инсан деп саналган. Ага себеп анын тазалыгы, сопулугу, кылга кара санабаган такыбалыгы болгон. Ясави 85 жашка чыгып каза тапкан. Бирок ал негиздеген медресе анын көзү тирүү кезинде эле Орто Азиялык түрктөрдүн, сопулардын зыярат жасаган, конуп-түнөп сыйынган мусулмандардын ыйык мазарына айланган. «Мединада Мухаммед, Түркестанда Кожо Ахмет» деген лакап ошондон калган го.

Касиеттүү Кул Кожо Ахметтин медресесин Чыңгызхандын аскерлери 12-кылымда талкалап кеткени тарыхтан белгилүү. Бирок ал медресе кийин, 14-кылымда, башкача айтканда, Ясави каза болгондон 230 жылдан кийин император Тимурдун же Темирландын буйругу менен кайрадан курулган. Уламышка карганда, Исфахан менен Тебризден, Шираз менен Хорасандан келген чеберлер топуракты элгек менен элеп, жылкынын сүтүнө ылай жууруп, Ясавинин мавзолейин жаңыдан тургузушкан экен. Казакстандын Түркестан шаарында жайгашкан бул мавзолей ушул тапта ЮНЕСКОнун өзгөчө коругу деп саналат жана дүйнө маданиятынын эң бир ыйык табериктеринин тизмесине кирген.

Акырында айта кете турган дагы бир нерсе мындай: Ясавинин устаты жана окутуучусу Арлан – Баба же Арслан-бап деген шайык болгон экен. Ал эми Ясевинин туулган жери Яссы деген жер экенин жогоруда айтып өттүк. Ошондон улам Өзгөн районундагы Яссы жергеси жана Жалал-Абаддагы кереметтүү Арстанбап (Арсланбаб) ошол Кожо Ахмет атабыздын ысымы менен кандайдыр бир байланыштуу жерлерби деген ой кетет.

2016-2017-жылдар ЮНЕСКО тарабынан «Ахмет Ясави» жылы деп жарыяланды. Буга байланыштуу маданий жана илимий иш-чаралар бүт дүйнөдө, анын ичинде Түркияда, Казакстанда, Кыргызстанда көп өткөрүлдү жана дагы өткөрүлөт.

Анткени касиеттүү Ахмет Ясави же Азирети Султан жалпы түрк дүйнөсүнүн, анын ичинде кыргыз элинин да руханий табериктеринин бири болуп саналат.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 24.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.