Алп талант, залкар адам

Улуу Манасчы Сагымбай Орозбаковдун быйыл 150 жылдык маарекеси белгиленмекчи. Сагымбайдын тегине келсек: Кызарттын алдындагы Ала-Көл, Бурган-Сууну жердеген саяк уруусунан, Мойнок тукумунун ичиндеги Манас уулу деген уруктан. Азыр да Жумгалда Манас уулу аталган урук жашайт. Биздин айылдагы Сагымбай манасчы менен үзөңгү кагыштыра бирге жүргөн Сыдыбай уулу Керим, аны көргөн Оторбаев Бозгунчу, Манас уулунан чыккан Нарын шаарынын тургуну Орозобеков Асанбек, өзүнүн уулу Жамангул сыяктуу инсандардан залкар манасчы тууралуу көп уктум.

Жоокерчилик заманда Суусамырдан Күрүчбек эли келип Манас уругун чаап, Акжол дегендин аялын, жети эркек баласын туткундап кетет. Балдардын улуусу Орозой качып Кочкордогу эжесине келет. Эжеси: “Бул жерде тынч жүрө албайсың. Ниязбектин уулу Ормонго барып баш калкала!” дейт. Орозой Ормонго барып жигит болуп, кылган иши менен жагат. Ормон жигиттери моңолдор Сары Токтор менен Миңназарды Кокон ханына жиберип, керней алдырат. Кернейди жигиттеринин бири да үйлөп, үн чыгара алышпайт. Орозой үйлөгөндө кернейден үн чыгат. Ошентип Орозой Ормондун кернейчи жигитине айланат. Орозойдун иниси Акеше агасынын кабарын угуп качып келет. Ормон: “атың ким?” деп сурайт. “Акеше” дегенде, “Атың жаман экен. Мындан ары Орозойдун иниси Орозбак болгун” деп Орозбак аталып, Ормондун жылкысын багып, кийин жылкычы башы, агасы Орозой өлгөндө, анын ордуна кернейчи болот. Кийин Орозбакты Козубек деген инисин таап, аны бошотуп келген. Калган эки бир тууганы чечектен өлүп, бирөө дайынсыз жоголгон экен. Сагымбай манасчы менен чогуу жүрүп калган Бек, Санташ деген адамдар Ормон хан Кененсары менен согушкандагы жеңишке алып барган опузаларды (Ормон опузаны) Орозбактынын акылы менен жасаган деп айтчу дешет. Орозбактыдан Алишер, Сагымбай, Бакдөөлөт жана дагы бир кыз. Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Кабырга деген жерде төрөлгөн. (Тарыхчы Белек Солтоноевдин айтуусунда 1868-жылы 20-апрелде Ысык-Көлдүн түндүк жагы Саройдо туулган).

1870-жылы Орозбак чүйдүн башы Кертабылгыда өлүп, Сагымбай агасы Алишердин колунда чоңоёт. Алишерден “Манас” айтууну үйрөнөт. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан өзбек молдодон 3-4 жыл окуган. Бирок ал китеп окуган менен жаза алчу эмес. Ал кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчи. Анын айылына белгилүү манасчы Чоңбаш (Нурмантай) келип, “Манас” айтканда ээрчип жүрүп үйрөнүүгө аракеттенген. Кийин Келдибек манасчыдан таалим алган. Сагымбайдын зиректигин байкаган Келдибек манасчы:

Сенин атаң Орозбак,
Сурнай тартып боздоткон.
Үнү мукам чыксын деп,
Керней менен коштоткон.
Сурнайы менен Орозбак,
Жан сактады кор болбой,
Аркасы менен Ормондун,
Эркин жашоо өткөрдү
Баскан жолу торолбой.
Эми балам Сагымбай,
“Манасты” терең билип ал,
Акыл насаат мен айткан,
Көңүлүңө түйүп ал
,- деп кеңешин айткан. Ошентип белгилүү манасчылар Тыныбек, Чоңбаш, Найманбай, Акылбектердин таалимин алып, он алты жашында чоң манасчы атыгат.

Залкар манасчы Сагымбай Орозбаков, башында айтканыбыздай, жеке эле “Манас” айтпастан, чоң ырчы да болгон. Анын “Жолбун ит”, “Замана”, “Сагымбайдын зары”, “Отоо чөпкө арнаган ыры”, “Шабданды кошкону” бүгүнкү күндө архивде сакталып турат. Аларды 150 жылдык маарекесине карата китеп кылып чыгарса болмок. 1988-жылы Бозгунчу Оторбаев деген аксакалдан Сагымбайдын жарамазанын жазып алган элем. Тилекке каршы, аны таба албай жатам. Улуу манасчыны көрүп жүргөн Сыдыбаев Керим аксакал менен көп маектештим. Ал: “Сагымбай “Манастан” көрө “Семетейге” жакынмын деп айтчу эле. Бирок, тилекке каршы, анын “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү жазылып элге жетпей калды. Анын оозунан Ыбырай Абдрахманов тарабынан жазылган “Манастын” китеп дептери бар эле. Аны Каныбек Жунушовго бергемин. Санжыраны да жакшы айтчу” деп, бир топ ырларын айтып берген. Ошондон баян этели:

“Алгыр болсо тайганың,
Алтындан чаап каргы так.
Алалбаса тайганың,
Айлансын аштан, башка чап.
Күмүш ээр атка чак,
Атка чагы болбосо,
Күмүшүн алып отко жак.
Күйүшөөр тууган болбосо,
Күлө багып жатка жак.
Алтын ээр атка чак,
Атка чагы болбосо,
Алтынын алып отко жак.
Ага-иниң жаман болгон соң,
Арсаңдап күлүп жатка жак”.

Сагымбайдын ырынан насаат сөздөр билинип, акылмандуулуктун жыты сезилип, анын мыкты талант экени көрүнүп турат. Сагымбай “Манасты” кандай айтса, ырды да ошондой эле нөшөр төккөндөй сабалатып жиберчү экен. Ал көбүнчө насаат сөз түрүндө айтчу дешет.

“Аргымак аттын жакшысы,
Азыраак оттоп көп жуушайт.
Азамат эрдин жакшысы,
Азыраак сүйлөп көп тыңшайт”
, же болбосо:

“Сыймык деген эмине?
Сен, сылык болгун деги эле.
Сыймык сынган чегедек,
Ал сынса кирбейт эбине.
Дөөлөт деген бир байлык,
Дөөрүп сүйлөйт наадандык.
Акылмандын бир сөзү,
Айткан сайын бир тайлык”.

Манасчынын бул саптары адамдарды кыйла ойго салып, адептүүлүккө, сыйчылдыкка үгүттөйт.

“Күркүрөгөн кара нар,
Күчү пилге барабар.
Соно соолуп караса,
Сопсубу болуп тартылаар.
Зуулдап учкан ак шумкар,
Ал, тоодакты тоют көрбөгөн.
Колго түшүп кор болсо,
Ал, таранчыга талпынаар”.

Керим аксакал Сагымбай “Манастан” башка да ар кандай жомокторду айтып, уруулардын санжырасын жакшы билгендигин белгилейт. Ал:

“Үч жүздү үйрүп бүт билип,
Жалайыр чыккан Жаныштан.
Оңду-солду башкарып,
Жанкороз чыккан Багыштан”
,- деп санжыраны жорго сөз менен айткан. Санжыра айтканда кыргыз тарыхын Түрктөн баштап, Уруз кан, Байгур, Алачтан өз дооруна чейин тараткан. Дин, шариятты да жакшы билгендиктен, “Манас” айтканда санжыраны, динди кошуп, төгүлтүп айта берээр эле. Сагымбай аш-тойлордо жарчылык кылып, кыз-келиндерге кошок үйрөтүп, ыгы келгенде бирөөлөрдү мактап, жыйылган топто ырчы-комузчуларга баш болуп турган. Ошондуктан, Токтогул ырчы “Мен Сагымбайдын ырчылыгына башымды ийдим” деген. Ал акындар менен айтышкан эмес. Себеби, белгилүү акын-ырчылар аны сыйлап, айтыша алышпаган. Кадыр барктуу адамдар Сагымбайдын “оозу шок” деп, андан жалтанып, сыйлап турушкан. Белгилүү адамдар өлгөндө же алардын ашында, тойлордо атайы киши жиберип чакыртышкан. Бул Сагымбайдын канчалык баркы бар экенин түшүндүрөт эмеспи. Алсак, Тыныстан, Байтерек, Бекчоро сыяктуу атактуу адамдардын ашында анын жар чакырганы белгилүү. Жарды “Сагымбай чакырды” деген сөз аркылуу байлар башкалардын алдында сыймыктанышкан.

1922-26-жылдары Ыбырай Абдырахманов “Манасты” Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазып алган. Жазуу иштери жүрүп жатканда манасчы ооруга чалдыгып, жакшы боло албай, “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү кагазга түшпөдү.

Ал Манастын жети муунун Алымсарык, Кулансарык, Кенен, Чынтемир жана башка дастандарды кошуп айтчу эле дешет аны көргөндөр. 1929-жылдары айылдык активдер манасчыга ыгым-чыгымды көп сала башташат. Ал каяша айтпастан, аны төлөп турган. Аны “эки аял алгансың, бай-манаптын ырчысысың” деген жөнү-жок кодулоолор көп болгон. Аргасыз Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү карындашынын жанына көчүп барып, Тору-Айгырдагы көл жээгинде, токой арасында, боз үйгө кыштайт. Эл жакшы кабыл алгандыктан оорусунан бир аз тыңып, “Манасты” аз-аздап айта баштаган. Жазга маал оорусу кайра күч алганда, аялы Мария туугандарына кабар айттырат. Беш күндөн кийин Кочкордон туугандары барып, ал жактагы элдин каршы болгонуна карабай арабага салып жөнөшөт. Аңыртынын суусуна келгенде, суудан ичип алып жан берет. Ошентип, 1930- жылы май айында залкар манасчы дүйнө салып, Кош-Дөбөдөгү Аймамбеттин коктусуна коюлат. Мүрзөсүнө эл кыш куюп, чоң коргон салат. Сагымбайдын коргонунун тегерегинде башка мүрзө жок.

1992-жылы залкардын 125 жылдык мааракесине арнап, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал учаскасына күмбөз тургузулуп, ал жерде маараке тою республикалык деңгээлде белгиленди. Ошондон бери манасчыга куран окуймун дегендер Айгыр-Жалдагы күмбөзгө зыярат кылышып, сөөгү жаткан өз коргону унутта калып баратат. Эми быйылкы жылы, 150 жылдык маарекесинде Аймамбеттеги өзүнүн коргонуна барчу жолду оңдоп, коргон, бейитинин тегерегин гүлзарга айландырып, туристтер барчу, элдер зыярат кылчу жайга айландырбасак, башка элге уят болобуз. Ошону менен бирге, манасчынын архивдеги ырлары китеп болуп, окурмандарга тартууланса жакшы болоор эле.

Майрамбек Деркенбаев, журналист. Кочкор району,
«Кыргыз тили», 21.02.2017-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий