Ааламдын адамы Сагынбайга 150 жыл

“Баарын коюп Манасты айт!” дейт кыргыз баласы, кеп ошондон болсун.

Эмне үчүн Манас “айкөл!” аталып калган, дагы аталып келет? Анткени Манас хан болсо да бийлигине мас болбой, дөөлөтүнө манчыркабай, кара күчүнө чиренбей ачуу болсо да адилет, акылман айтылган сөзгө муюп аны көтөрө билгендигинде. Манас ошол сапаты үчүн айкөл!

Мисал келитирейин. “ Көп чырдын башы болгон Көкөтөйдүн ашында” Үрбү Манаска ачуусуна тийе турган жөнү жок сөз айтып алып башына камчы жейт да абасы Кошойго даттанып келет. Ошондо Кошойдун Манаска айтып турган жери.

Ээ кулунум эр Манас
Не мүнөзүң сен Манас?
Жакшыны жакшы илбейсиң
Жаманды көзгө илбейсиң,
“Бул чапканым бул дейсиң?”
Үрбүнү башка салаарсың,
Колуң көөнүп калаарсың,
Кокусунан иш кылсам,
Кошойду башка салаарсың.
Колдогонуң болсо да,
Андан кийин канкорум,
Кордук көрүп калаарсың.
Кошой минсе каарына
Кокус өлүп калаарсың!

Бабабыз Кошойдун бул сөзүнө хан Манас, хандыгына чиренип, жаштыгына дөөгүрсүп каяша сөз айтпай тим болот. Манастын айкөлдүгү ушунда башталат, айкөл аталат!
Дагы бир белгилөөчү жагдай:

Кошой минсе каарына
Кокус өлүп калаарсың! деп айтылган сөздөрдөн Кошой бир эле акылман болбостон, баатырдык, күч жагынан да теңдешсиз адам болгонун айгинелейт.

Жолдошбек Токоев

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.