Дооронбек САДЫРБАЕВ: “Кашык каным калганча элге кызмат кылам”

Өткөн жумада КР эл артисти, белгилүү коомдук ишмер маркум Дооронбек Садырбаев 70 жашка толмок. Көзү өткөнүнө жыл айлана элек, улуу-кичүү үчүн бирдей Докенин жок экендиги аны жакшы билгендер үчүн кадимкидей сезилип келет. Жубайы Сонунбүбү Көлбаева Доке экөөнүн жаш кези, чогуу өмүр кечирген жашоосу жөнүндө эскерип отурду.

Дон жуан эмес, жөн жуан экен

Мектепти жакшы бүтүп, мединститутка өттүм. Окуу аябай оор, ага карабай бизди ар кандай кружокко катышкыла деп комсомолдук уюм кыйнайт. Болуптур деп драмкружокко келсем, жетекчиси ушундай сулуу жигит экен, аны артист деп ойлопмун. Кийими аябай жарашыктуу, чачы тармал, капкара. Ал көзүмө укмуш көрүнүп, сүрдөп кеттим. Кийин билсем Дорош экен, ошогезде ал үчүнчү курста болчу. Бир жыл жөн эле тааныш болуп жүрдүк. Ал байкушумду бала кезинен эле түрдүү сөз ээрчиди. Кыздардын арасында сөз жалаң Дооронбек жөнүндө болор эле. Менменсинген, сулуу кыздардын бардыгы аны жакшы көрүшчү. “Бул донжуан, жүрбөгөн кызы жок” деген сөздү айтып жүрүшчү. Мен да ошондой кыздардын бири болуп калбайын деп, аны алыстан көргөндө эле качып жүрдүм. Чакырганда эле барам. Райкан Шүкүрбековдун “Менин айылым” деген пьесасында жалаң студенттер ойнодук. Жетекчибиз Дооронбек эле. Мединституттун студенттери драмтеатрга койдук, укмуш аншлаг болду. Бир киши ошондо “Дооронбек, кандай врач болосуң билбейм, бирок студенттерди ушундай ойнотсоң сенден кийин жакшы режиссер чыгат. Алдагы окууңду таштасаңчы” деди. Ошо оюн менен айылдарды кыдырып чыктык. Атам чынчыл, чыныгы коммунист эле. Дорош өзү коммунист болбосо да, коммунисттик устав боюнча жашаган адам эле. Өмүрүмдө эки эркекти жакшы көрдүм, бири – атам, экинчиси – Дорош болду.

“Аны менен бир күн жашаганга да макул элем”

Дооронбек жаш кезинен эле ичимдикти ооз тийген жок. Ушу кезге чейин кээ бир адамдар “ой, мен аны менен минтип ичишкем” деп мага айтып калышат. Экөөбүз жакындан сүйлөшө баштагандан тарта көп адамдар мага аны жамандашты, “сени баарыбир таштап кетет, ал донжуан, жүрбөгөн кызы жок” дешти. Мен “мейли, аны менен бир күн жашаганга да макулмун” деп тигилердин айтканына көнбөдүм. Тобокелге салып ата-энеме айтпай турмушка чыктым. Бир жолу атам, мен, сиңдим үчөөбүз “Тахир менен Зухра” деген кинону көрүп чыгып келатабыз. Сиңдим “ата, Сокин эжекем сүйгөнүнө тием десе сен дагы кинодогудай өлтүрүп коесуңбу?” деп сурап калды. Атам “жок, антпейм, сүйгөнүнө чыга берсин” деген. Мен да ошонүчүн сүйгөнүмө тием деп ойлочумун. Дорошко жолугушууга барганда чын эле башым тегеренип кетер эле. Себеби аны ушунчалык жакшы көрчүмүн. Бир жыл жашасак деле мейли деп жүрдүм. Биз жашаган ижара ээси бир жолу “загсыңар барбы?” деп сурады. “Жок” десем, “дароо загска тур, антпесең сени таштап кетет” деди. “Таштаса мейли” десем, “сен эмне, жинди болдуңбу?” деп таңгалды. Биз 1961-жылдын 29-августунда үйлөнүп, 1962-жылы загска турдук. Октябрь айында той бердик. Ошо өзүбүз жашаган ижарага экөөбүз чогуу окугандарды чакырып, рагу, палоо бышырып, “Вермут” деген винодон кенен алдык. Бирок көпчүлүк булар качан ажырашат болду экен деп күтүп жүрүштү. Кыздар “сенин аны сүйөрүң көзүңөн эле билинип турат” дешет. Мен Дооронбекке айтсам “алар сенин бактылуу болуп турганыңды көралбай жатышат, айта беришсин” деп койду. Ал окууну таштап “Кыргызтелефильмге” кетти. Кийин искусство өзүнө тартып кетти деп айтышты. Ал жөн эле кеп, чындыгында акчабыз жок, оокат өтпөй калган.

Дооронбек он төртүндө атасынан жетим калып, апасы алты баланы жалгыз багып, эжелери турмушка чыгып, жашоолору начар эле экен. Үйлөнбөй кое туралы десем, “сени алакачып кетет” деп, болбой үйлөнгөн. Ошентип айла жок, иштеш керек болуп, телеге кетти. Жумуштан калуу, кечигүү деген болгон эмес. Бир жылдан кийин мотоцикл сатып алдык. Мен аябай сүйүндүм, себеби, Дорош троллейбуска түшсө эле мушташып чыкчу. Ошогезде орустар кыргыздарды абдан басынтып турган кез эле. Троллейбуска түшкөндө тияк башынан орустун “баран” дегенин угуп калса эле болду, Дооронбек элди тебелеп баягы оруска жетип, “где баран, кто баран” деп аны менен мушташып бүтүп, “баран” аталган кыргызга “сен эмне баран десе унчукпайсың, же эмне барансыңбы?” деп аны менен урушат. Ошонүчүн мотоцикл алып, мен ага учкашып жүрдүк. Кийин жер алып үй салдык. 1965-жылы мен институтту бүтүп атканда “Тула” деген мотороллер алдык. Ошону менен экөөбүз аны менен түштүккө барып келдик. Экөөбүздү Сосновкадан ары “ящур болуп атат” деп өткөрбөй коюшту. Дооронбек аябай намыскөй эле, “сени жөө жетелесем да, Ташкент аркылуу болсо да алып барам” деп, экөөбүз мотороллер менен Ташкент аркылуу түштүккө араң жетпедикпи, миң километр жол басып. Мен мотороллерго учкашып алгам. Анын үнү коңур, жакшы ырдар эле. Ырдаган боюнча кетип баратабыз. Караңгы кирип, уйкубуз келди. Казакстандан мурутун серпип отурган бир кишиникине конгону кирип бардык. Уктайлы десек, үйү толтура бүргө экен, түнкү саат үчтө чыдай албай, экөөбүз кетип калдык. Ахангаран ашуусун ашып, Чуст шаарына келдик. Дагы уйкум келип, араң эле баратам, Дорош “уктаба, экөөбүз тең өлүп калабыз” дейт, кайда-ан, болбой эле уйку келет. Аңгыча астыбыздан төшү түктүү жыйырмадай жигит чыкты. Ошо жерде сарай куруп жүргөн чечендер экен. Мейманкана сурасак, “аны эмне кыласыңар, биз мектепти ремонттоп бүтүрдүк, анын бир бөлмөсүнө керебет коюп берели, аялың экөөң ошого жатып алгыла” дешти. Дорош байкуш таңаткыча колуна атасынан калган бычагын кармап, мени кайтарып отуруптур. Көрсө, ал тигилер мени талашканы келет деп ойлоптур.

“Кыргызга ийинимди тосом”

Кайненем Алма эрки күчтүү, кыйын аял эле. Күйөөсү Садырбай башкарма болуп жүргөн киши экен, өлөрүндө аялына “Сен Дооронбекке Жамалканды алып берем деп айылга алып калып, багын байлаба” деп, Дооронбекке болсо “сен бир окууну бүтүрүп адам болмоюн биякка келбе” деген экен. Жамалкан деген коңшу айылдык кызга небак куда түшүп, калыңын да берип коюшуптур. Негизи менин эки кайненем бар эле. Биринчисинен эки кыз, бир уул, экинчисинен да эки кыз, бир уулу бар экен. Азыр бир эжеси өтүп кетип, беш биртууганы калды. Энеси жаңгак, бадам терип сатып жүрүп Дооронбекти окутуптур. Өзү да жаны тынбай иштечү. Радиого барып, дубляжга катышып, отура калып жазып калчу. Кийин Ленинградда кинематография, телевидения жана музыка институту ачылып, Дорош ошого өтүп, сырттан алты жыл окуду. 1988-жылы ишсиз калып, Чеченстанга президенти Дудаев чакырып, кино тартканга үйрөт, бардык шарт түзүп беребиз деп, жашай турган особнягын да көрсөтүшүптүр. Мен болбой койдум. Кийин Кадыралы Конкобаев түрктөр менен тааныштырып, алардын “Ихлас” деген киностудиясына ишке кирди. Биз дагы Түркияга барабыз деп, ага чейин балам экөө барып келип, даярдана баштадык. Квартира бергенде Түркияга бардым. Төрт бөлмө үй, машине, үч миң доллар айлык коюп бериптир. Ошогезде атасынын өлгөнүнө кырк жыл болуп, айылга жылкы союп куран окутту. Ошондо айылдын абалын көрүп зээни кейиди. “Мен Түркияга барбайм, кайра келем” деп чыкты. “Келбе” десем болбойт. Негизи түрктөрдү билимсиз эл деп көп жактыра бербейт эле. “Кыргыздар айлампага түшүп бараткан турбайбы, мен биякка келип, ошо кыргыздарга ийинимди тосом” деп калды. “Сен да алар менен айлампага түшүп кетесиң” десем, “мейли, түшсөм түшөөрмүн, кашык каным калганча элге жардам берем, бир кезде тарых изилдеген бирөө чыгат. Ошондо камчы сап боло тургандардын бардыгы кара жанын багып кетиптир, Айтматов Бельгияда, Океев, Садырбаев Түркияда жүрүп алышыптыр деп айтпайбы” деп болбой келип алды. Биртоп иштеп, ырларды жазды, кийин депутат болбосоң сөз өтпөйт экен деп депутаттыкка койду. Чын эле кашык каны калганча элдин байлыгын жегендер менен кармашты.

Уулануу

Дооронбек дегеле көчөдөн тамак жечү эмес. Жогорку Кеңештин жанында тамак, кымыз саткан таластыктар бар экен. Ал кээде ошо жерге барып кымыз ичер эле. “Докеме өзүм куям” деп, абышкасы болсо абышкасы, кемпири болсо кемпири кымыз куюп берчү экен. Бир күнү Таластан ончакты бала келиптир, ошолорго тамак алып берейин деп, баягы жерге алып барат. Ошондо ал жердин ээлери жок, чоочун эки кыз киргендерди тейлеп жүрүшүптүр. Балдарга лагман заказ берип, аларга алып берип өзүм кантип жебей коеюн деп, эки жолу ооз тийиптир. Бирок ошо замат жаман сезип, Жогорку Кеңешке келип, суу менен ашказанын жакшы эле жууган экен. Өзү деле медик да, эмне болгонун сезиптир. Үйгө келип да ичин жууду. Кусуптур. Ошогезде менин жездем өтүп кетип, ошоякка кеткем. Уулумдан сурасам, “атам жаман болуп атат” деди. Мен ошо замат шаарга келдим. Келсем, жуурканды аркасына жөлөп, токсикалык пневмония болуп атыптыр. “Тез жардамды” чакырса, спецтен бардык врачтар келип, болушунча жардам кылып кетишиптир. Тамекини көп чегип, жөтөлүп ооруп калчу. Өпкөсү бирдеме болбосун деп кан кеткенден аябай коркчу элем, ошо кан кеткенден кетпедиби. Байкушум кашык каны калбай кетти. Дорош кудай сүйгөн киши болчу, ата-энесине да беш кыздан кийин белек сымал берилген бала эле. Көзү өтөр-өткөнчө сүйгөнүм үчүн сылап-сыйпап бактым. Анын чындыкты айтканын жактырбагандар курал менен атпаса да, беш жыл мурда уулантышты. Ага чейин денсоолугу жакшы эле, биринчи жолу ичинен кан кетти. Ошогезге чейин бир жерим ооруду деген эмес. Ооруканадан чыккандан кийин дароо эле жыйырма жылга карып, таяк таянып чыкты. Эки-үч айда бир жолудан ооруканага жатып, дары куйдуруп, ички органдарын тазалатып турчу. Акыркы кезде да ооруканага барчы десем, болбой небереси Шерболоттун 30-майда мектептеги кечеси өтсүн, анан ооруканага жатам деп болбой койгон. 27-майда жыгылбадыбы.

Мен кийин ууландыруучу дарылардын бардыгын окуп чыктым, Дооронбекке уу коргошун беришкен. Анткени ал ооругандагы симптомдор ошого ылайык келет. Бирок ага ууланган деген диагноз коюлган жок да. Уу коргошунду абдан майдалап, тамакка кошуп беришкен. Анын жыты да, даамы да жок. Бирок бир жылдан кийин ички органдарды бүт өлтүрөт. Чынында чыр чыкпасын деп, эч ким көңүлдөнүп, анын эмнеден ууланганын терең казышпады. Спецоорукананын башкы врачы “акемди дарылап атабыз, бирок эмнеден дарылап атканыбызды билбейбиз” деп келип калат, мен “уу коргошундан, аны ошо менен ууландырышкан” десем, күлүп чыгып кетет. Токсиколог чакыргыла десек, ал келип, ар кайсыны айтып кетип калды. Ошондо мен Дорошко айттым, “сага тамак куюп берген эки кызды карматса болот го” десем, “кереги жок, атып кеткендер табылбай атса, ошо кыздар табылмак беле. Ал эки кыз бая эле жок. Аларды жумшагандар бир жакка кетирди, же өлтүрүп салды. Ошонүчүн тим кой” деп койду.

Туулган күн

Дооронбек туулган күн өткөргөндү жаман көрчү, ошонүчүн анын туулган күнүн өтө жакын иштегендер эле билчү. Жакында Өмүрбек Текебаев чалды, “биз теннис боюнча Докенин мааракесине карата турнир уюштуруп атабыз” деди. 13-февраль туулган күнүндө УТРК Дооронбек жөнүндө жаңы тасмасын көрсөтүштү. Ага-тууган, куда-сөөктөр, жакын санаалаштар куран окуттук. Дооронбек өлгөндөн кийин менин да өлгүм келип жүрдү. Мага да дары ичирип, жанына барып жат десе, дароо барып жатат элем. Азыр эми биртике кайратыма келдим. Менин жашоом куран окуткан бейшемби күндөн бейшембиге, демалыш сайын мүрзөсүнө баруу менен эле өтүп калды. Көзүм өтөр-өткүчө барып турам, шаарга сөөгү мен бар үчүн эле коюлду, болбосо өз жерине деле коюлмак.

Ал көп жылдап жыйнап жүргөн үн жазуулары, өзүнүн кол жазмалары да бар эле. Кадыралы Конкобаев ” Садырбаевдин борборун ачабыз, Түркия менен сүйлөшүп атам” деп, алардын бардыгын алып кеткен. Мени да мемуар жаз деп атат. Жазмак турсун, сүрөтүн түз карай албайм, карасам эле ыйлагым келет. Мен деле алтымыш алтыга кеттим.

Аскер САКЫБАЕВА, “Агым” (20.02.2009-ж.)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.