Кыргызстандын китепканаларындагы китептердин көпчүлүгүн орус тилинде басылган китептер түзөт

Кыргызстандагы айылдык китепканалардагы китептердин 83%ын орусча китептер түзөт. Мындай маалыматты бүгүн КРнын маданият жана маалымат министри Султан Раев таратты, деп билдирет REGNUM маалымат агенттиги.

Султан Раевдин айтымында, 2008-жылы басылып чыккан 525 китептин басымдуу бөлүгү орус тилинде жазылган. 2009-жылы китеп басып чыгаруу үчүн өкмөт бюджеттен 5 млн. сом каражат бөлдү.

“Бул каражатка алгач балдар үчүн китептерди басып чыгарууну пландоодобуз. Мындан тышкары, дүйнөлүк адабияттын классиктеринин китептерин да кыргызчага которуп чыгарабыз”, деди министр С.Раев.

Министрдин маалыматында, ушуга катар эле Бишкекте маданият жана маалымат министрлигинин алдында “Маданият” басма үйүн ачуу пландалып жатканы айтылат. Ал эми ага керектелүүчү жабдыктар Япониядан алынып келинген.

Zpress.kg” МА, 25.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.