2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралган

"Кабар" МАнын сүрөтү
"Кабар" МАнын сүрөтү

2009-жылы китеп чыгаруу багытына бюджеттен 5 млн. сом каралган. Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин сөзү боюнча бүгүнкү күндө республикада китеп басып чыгаруу чоң бизнеске айланган. “Басылмалар китептин сапатына эмес, тиражына көп көңүл бурушат. Таланттуу жаш жазуучулардын эмгектери каражаттын жоктугунан чыкпай келген. Бул көйгөйдү чечүү максатында министрлик астында “Маданият” аттуу басмакана иштей баштайт. Бул жерде жазуучулар союзунан макулдук алган жаш жазуучулардын эмгектери жарык көрөт. Басмакана кыргыз тилиндеги адабий, дүйнөлүк классикалык адабияттын котормолоруна басым жасайт”, – деди ал.

Министрлик астында ачыла турган “Маданият” басмаканасы акыркы технологиядагы Японияда даярдалган басып чыгаруучу техника менен камсыздалган. Бул басмакананын биринчи продукциясы “Доор” атуу кыргыз тилиндеги маданий журнал болмокчу.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 25.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.