Байыркы баалуулуктарды камтыган бал китеп

Жакында Борбордук Азия Университети Кубат Табалдыевдин 20 жылдык изилдөөсүнө негизделген Тянь-Шань тууралуу китебин жарыкка чыгарды. 2012-жылдын 5-мартында Борбордук Азия Университетинде (БАУ) Кыргызстандын археологиялык тарыхына зор салым кошкон “Тянь-Шандын байыркы эстеликтери” аттуу китептин бет ачар аземи өттү. Китептин автору Кубат Табалдыевдин эмгеги Нарын жана Ысык-Көл аймактарындагы жыйырма жылдык археологиялык изилдөөсүнө негизделген. Китеп таш доорунан коло кылымына чейинки мезгилди, алгачкы темир кылымын жана орто кылымдарын камтып, тарыхый эралардын баалуу мурасынын күбөлүктөрүн тартуулайт. Кубат ТАБАЛДЫЕВ китеп тууралуу төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:
– Нарын облусунда 1987-жылдан бери археологиялык казуу-изилдөө иштерин жүргүзөм. Бул басылма жарык көрөрдө элге жеткиликтүү тил менен жазылган китеп болсун деген сунуш болгон. Ушундай мүмкүнчүлүк берилгенден кийин таш доорунан баштап орто кылымга чейин биздин чөлкөмдө кандай маданият өнүккөн, кандай эл жашаган, жашоо шартынын кандай болгону, кыргыз элинин келип чыгышына атайын көңүл бурулду. Ушул табылгалардын кыргызга тиешеси бар-жогун камтып кетүүгө аракеттендик. Буга чейин теңиртоолук кыргыздар менен Эне-Сайдагы кыргыздардын ортосундагы байланыш археологиялык материалдар боюнча жакшы далилденбей келген.

Окумуштуулар Енисей кыргыздары маркумду өрттөп көмүшкөн деп айтышкан. Ал эми Теңир-Тоодогу табылгаларга таянсак ал жерде өрттөлгөн сөөктөр жок дешкен. Биз Нарын шаарына жакын Ала-Мышык деген жердеги эстеликтерден өрттөлгөн сөөктү эмес, анын өзгөргөн түрүн таптык. Себеби, орто кылымдагы жазма булакта кыргыздар мурда маркумду өрттөп көмүшчү, мусулмандарга кошуна болгондон тарта өрттөбөй көмүп калышкан деп айтылат. Мына ушул сөздүн археологиялык далилин таптык. Алар маркумдун сөөгүн өрттөбөсө да ошого байланышкан ырым-жырымдарын аткарып келишкен. Мисалы, кишини көмөөрдүн алдында ошол киши жаткан көрдүн ичин өрттөп, от менен тазартышчу экен. Өрттөлгөн мүрзөнүн ичинде күйгөн жыгачтын калдыктары, көрүстөндүн үстү жагына маркумдун колдонгон буюмдарын баштыкка салып көмүп коюшкан. Бул Х кылымга таандык.

– Тарыхый байыркы табылгалардын Х кылымга туура келерин кантип далилдесе болот, балким башка доорго туш келээр?
– Бизде илимий изилдөө археологиясында эстеликтердин жашын аныктоонун көп жолу бар. Эң жөнөкөй жолу салыштыруу анализи. Кээ бир көрүстөндөрдүн ичинен тыйын чыгат, анда жылы жазылган болот. Экинчи көрүстөндө дагы тыйын табылса анда ошондогу маркумдун көмүү салт-адаттары баары бир комплексти түзөт. Андан тышкары радиоуглероддук ыкма жолу менен да изилдесе болот. Нарын облусунун Кочкор районунда Махмуд Кашкаринин картасына түшүрүлгөн Кочнар Баши деген шаар жазылган. Ал Өзгөн, Баласагын, Барскан шаарлары менен удаа жашаган. Тилекке каршы ошол шаардын үстүнө Кум-Дөбө айылы отурукташып калган. Шаардын көпчүлүк дубалдары талкаланып, чети сакталып калган. Ошол шаардын четин бир мезгилде сел каптап калган. Мындан миң жыл мурунку бышкан кирпичтен салынган күмбөздөр табылган. Ал 1992-жылы кокусунан табылган. Ошол жактан жергиликтүү бир киши бышкан кирпичти көрүп, ал жерден алтын издеп, кыш мезгилинде балдары менен сегиз метрге чейин казган. Ошол жерден табылган бышкан кирпичтерди жергиликтүү эл талап жок кылышкан. Биз байыркы эстеликтерди сакташыбыз керек. Кээ бир жерде биздин картага да түшпөгөн маданий баалуулуктар табылып калат. Археологиялык материалдарга таянсак, мындан 1000-2000 жыл мурда көчмөндөр менен эле удаа отурукташкан турмушта жашаган эл болгон. Отурукташкандар көчмөн элди темир, коло, жезден, жыгачтан жасалган буюмдар менен камсыздап турган. Эстелик казып, илгерки бешик, шимек тапкан учурлар бар. Алтайдагы музда тоңуп калган байыркы эстеликтерден калпактын, кийиздин, шырдактын калдыктары чыккан. Жакында Ысык-Көл облусунун Тоң районунан VIII кылымга таандык тебетейчен балбал таш табылды. Кыргызстандын бардык аймагында байыркы кездин баалуулуктары бар.

Назгүл Калмамбетова, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айыл”), 09.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.