Англис тили – айылдык окуучуларга

Автор Ш.Назаралиев жетектеген “Discovery – Time” ЖЧК жана “Кутбилим” гезитинин редакциясы биргелешип экинчи жолу элеттик окуучулардын англис тилге болгон кызыгуусун арттыруу, зээндүүлөрдү тандоо, колдоо жана туура багыт берүү максатында, кыргыз жана өзбек тилдүү айыл мектептеринин 7-10-класстарынын арасында “Англис тили жети айда” окуу китебинин негизинде конкурс жарыялайт.

1. Конкурска “Англис тили жети айда” китебин өтүнмө (заявка) аркылуу алган айылдык окуучулар гана катыша алат. Өтүнмөлөр мектеп директоруна берилип, алар аны райондук билим берүү бөлүмүнө тапшырат. Райондук билим берүү бөлүмдөрү өтүнмөлөрдү “Кутбилим” гезитинин редакциясына жөнөтөт. Өтүнмөлөрдө “Англис тили – айылдык окуучуларга” конкурсуна деп жазылып, катышуучулардын аты-жөнү, фамилиясы, окуган мектеби, классы жана ошондой эле мектеп директорунун байланыш телефону көрсөтүлүш керек. Мектептин дарегин (индекс, область, район, айыл, көчө, номер) так жана даана билдирүү абзел.
2. Өтүнмөлөр 15-февралдан 15-мартка чейин кабыл алынат. Китептер түшкөн өтүнмөлөрдүн негизинде 1-апрелге чейин жер-жерлерге уюштуруучулар тарабынан жеткирилип берилет жана анын наркы ошондо алынат. Китеп баасы CD диски менен 257 сом (Китеп биринчи басылышында 100 бет 1 CD диска болсо, учурда кайра иштелип, толукталып, 160 бет 2 CD дискасы менен басмадан чыгуу алдында турат.
3. Конкурс 1-апрелден 1-ноябрга чейин жүргүзүлүп, анан жыйынтыгы КР Билим берүү жана илим министрлигинин тест жүргүзүү боюнча улуттук борбору аркылуу аталган китептин негизинде төмөндөгү эрежеде бир этапта жүргүзүлөт.
– 24 суроодон турган бланк тестирлөө формасында жана жазуу түрүндөгү 10 тапшырма сунушталып, 90 мүнөт иштөө мөөнөтү берилет.
– Конкурстун катышуучулары үчүн тест сынагы райондун борборунда жүргүзүлөт. Катышуучулардын жол киреси, тамагы, жатаканасы жана коопсуздугу катышуучулардын өздөрүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Эгер бир мектептен 20 ашуун окуучу катышса, тест сынагы ошол мектептин өзүндө өткөрүлүшү мүмкүн.
4. Конкурстун жыйынтыгы ноябрь айынын акырында чыгат. Жыйынтык “Кутбилим” гезитине жарыяланат жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо жаңы жыл алдында “Discovery – Time” ЖЧК, редакциянын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда Бишкек шаарында “Кутбилим” гезитинин редакциясында өткөрүлөт.
5. Конкурстун жеңүү-чүлөрү үчүн төмөнкү сыйлыктар каралган.
Ё 7-8-класстын окуучулары арасында:
1-3-орун ээлегендерге – мугалим менен бирге Бишкекке 1 жумалык саякат.
4-5-орун ээлегендерге – компьютер.
Калган 6-50-орунга чыккан окуучуларга чет өлкөдөгү кыргыз жаштары тарабынан уюштурулган белектер тапшырылат.
50-100-орунга чыккандарга ар түрдүү кызыктыруучу белектер берилет.
Ё 9-10-класстын окуучулары арасында:
1-3-орунду ээлегендер Түркияга 4 күндүк саякатка жиберилет.
4-5-орундарга чыккандарга компьютер.
6-50-орунду ээлеген окуучуларга чет өлкөдөгү кыргыз жаштары тарабынан уюштурулган белектер тапшырылат.
50-100-орунга чыккан окуучуларга ар түрдүү кызыктыруучу белектер берилет.

Уюштуруучулардын дареги

720040 Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257,
тел: 62-04-86, 62-04-68, 0550-52-05-55, 0770-27-98-66 0773-28-64-70,

“Кутбилим” гезитинин редакциясы.

Ошентип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият жана маалымат министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин, Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин колдоосу аркасында айылдык окуучулар арасында англис тили боюнча экинчи конкурсту уюштурууга аттанып жатабыз.

Ш.Назаралиевдин “Англис тили 7 айда. Өз алдынча үйрөнүүчүлөр үчүн” (СД дискасы менен) китебинин негизинде айылдык окуучулар арасында англис тили боюнча конкурсту “Кутбилим” гезити 2008-жылы да өткөргөн. Өткөн жылы конкурста жеңип чыккан окуучулар – Кочкор районунун “Кызыл-Дөбө” орто мектебинин 11-классынын окуучусу Улан кызы Багира, англис тил мугалими Жумакеримова Динара чет өлкөгө путевка менен сыйланышты. Экинчи орунга чыккан Адылбек кызы Турсун компьютер менен сыйланды, калган 10 окуучу Туризм агенттигинин чакан белектерин алышты. Ошондой эле алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен окуучуларга Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси К.Мамбеталиевдин каты менен коштолгон белектер тапшырылды.

Бул конкурс элет жериндеги мектептерде, мугалимдер жана окуучулардын, ата-энелердин зор кызыгуусун жаратты. Көптөгөн педагогдор жана ата-энелер мындай конкурсту жаңырган жылда дагы улантып өткөрүүнү суранып кайрылып жатышат.

Айылдык окуучулардын ынтызарланганы, англис тилине кызыгышы, бул тилде кең-кесири сүйлөп калгандыгы бизди кубандырып, жаңы методиканын негизинде англис тилин аралыктан туруп эле эффективдүү, жыйынтыктуу үйрөнсө болот тура деген ишенимди жаратты.

Ага-Хан фондусунун Борбордук Азия университетинин өкүлдөрү англис тили сынагында алдыңкы орундарды алган Кочкор районунун Кызыл-Дөбө орто китебинин окуучуларын, мугалимдерин, ата-энелерин өз каражатынан Нарынга алып барып, губернатор менен акимдердин, коомдук уюмдардын катышуусунда тегерек стол өткөрүп, баалуу белектерди берип, көңүл жылыткан сөздөрдү айтканы бизди да шыктандырып койду.

Билим берүү жана илим, Маданият жана маалымат, Тышкы иштер министрликтери, Туризм жана Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттиктери, КР Улуу Британиядагы элчилиги айылдык окуучуларга англис тилин үйрөтүү максатын көздөгөн конкурсту өткөрүүнү колдоого алып, өз салымын кошорун билдирип жатышат. Мындай колдоолор бир катар коомдук уюмдар, партиялар, айрым депутаттар тарабынан да айтылууда. Ушунун өзү эле биз баштаган иштин тууралыгын жана мааниси чоң экендигин көрсөтүп турат.

Демек биринчи кирпич коюлду. Учуру келгенде ал чоңоюп отуруп, заңгыраган имаратка айланат деген ойдобуз. Жаштарга чет тилдерди үйрөтүп, билимге сугарып бара берсек, жакынкы келечекте Кыргызстанды өнүктүрүп, дүйнөдөгү өркөнү өскөн алдыңкы мамлекеттердин катарына кошууга кылган аракетибиз жемиштүү болот деген ишеничтебиз.

Бул маанилүү сынакты өткөрүүгө билим берүү тармагынын жергиликтүү жетекчилеринин да колдоосу зарыл. Мектеп директорлору, ата-энелер, мугалимдер конкурска катышууну каалаган окуучуларга колдон келген материалдык-моралдык жана уюштуруучулук жардамын көргөзүүгө тийиш.

“Кутбилим”, 27.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.