Улутту туңгуюкка, жакырчылыкка батырган ысырапкорчулукпу?

Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Досбол Нур уулунун төрагалыгында өлкөнүн вице-премьер-министри Өктөмхан Абдуллаеванын катышуусунда ысык-суук маарекелердеги ашыкча ысырапкорчулукту чектөө жөнүндө айрым депутаттардын, коомчулуктун кеңири катмардагы өкүлдөрүнүн катышуусунда Кереге кеңеш өткөрүлгөндүгүн мурда маалымдаганбыз. Мында сиздерге Кереге кеңештин отурумунан даярдалган материалды сунуш кылабыз.

Ысырапкорчулукка каршы жалпы эл көтөрүлүүдө

Отурумду Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу ачып, төмөндөгүлөргө токтолду:
– “Кыргыз Туусу” гезитине салт-санаалар, ашыкча чыгымдарды талап кылган үрп-адаттарды чектөө маселесин көтөргөн макалалар жарыяланды. Биз андай макалаларга түз карап, эмне кылсак, маселени мамлекеттик масштабда карасак, элдин ишине кийлигишкен болуп калбайбызбы деп көп ойлондук. Акыры кеңешип, Кереге кеңеш уюштурууну туура көрдүк. Бул маселенин демилгечиси – макаланын автору Б.Мурзубраимов. Депутат кезинде да мындай демилгени көтөрүп жүргөн. Бул кишинин маалыматы боюнча аш-тойлорго жылына 2 млрд. доллардай сарпталат экен.

Бул маселе парламенттик угууга даярдалса, угуу күз айларында болсо, ага чейин биз элдин пикирлерин билип, ушундай талкууларды уюштуруп турсак. Телевидение, радиодо басма сөз аркылуу элдин үнүн угуп, ошого жараша чечим кабыл алсак. Балким Тажикстандагыдай мыйзам кабыл аларбыз. Бирок, алар өтө катуу чектеген мыйзам кабыл алышыптыр. Той-маарекелерге канча адам, канча автоунаа келүүсү керектигине чейин көрсөтүлгөн.

2005-жылдагы Элдик револю-цияга чейин той-топур, үйлөнүү үлпөттөрү кыскарып калган болчу. Азыр үйлөнүү үлпөттөрүн лимузиндер менен өткөрүп калышты. Бечаралар 150 миң сомго чейин коротушса, байлар 2,5 млн. сом акча сарпташат экен. Акыркы сапарга узатуу каадасындагы чыгымдар аябай күчөп кетти. Кээ бир жерлерде үчтөн жылкы союлса, андан көп союлган жерлер да бар. Бул биринчи Кереге кеңеш болуп жатат. Алгачкы сөздү маселени “Кыргыз Туусу” гезити аркылуу көтөрүп чыккан академик Бектемир Мурзубраимовго берсек.

Бектемир МУРЗУБРАИМОВ, академик:
– Ысырапкорчулукту чектеп, сарамжалдуу болуу жөнүндөгү маселе бүгүн эле көтөрүлүп жаткан жок. Окумуштуулар, журналисттер бул маселе боюнча ондогон макалаларды жазышты. Тарыхты карасак, 20-30-жылдары эле көтөрүлгөн. Советтер союзунун гүлдөп турган убагында да ашыкча той-топурларга чектөө коюлуп, аны аткарбаган жетекчилер кызматтарынан алынган. Биз он жыл мурда депутаттар облустук, райондук жетекчилер менен биргеликте Өкмөттүн токтомун кабыл алдырууга жетишкенбиз. Бирок, чындыгын айтканда ал токтом элден чоочулагандыктан өтө жумшак, үстүртөн болуп калган. Ошентсе да жер-жерлерде бир топ иштер аткарылган, бирок акыркы мезгилде унутта калган. Азыркы учур элибизден сарамжалдуу жашоону, ашыкча чыгымдарды токтотууну талап кылып жатат. Бүгүн бул маселе өтө актуалдуу деп эсептейм. Дүйнөлүк финансы кризисин, ааламдашуу процессин эске алсак, азыр үнөмдүү жашоо өтө зарыл.

Сырткы карызыбыз 2 млрд. долларга жакындыгын, экономикабыздын чабалдыгын эске алганда маселенин өтө актуалдуу экени даана көрүнөт. Басма сөздө бул боюнча көп пикирлер, көз караштар айтылды. Менин айтарым, буга төмөнкү звенодогу, эң жогорку звенодогу чиновниктер, интеллигенция катмары күнөөлүү болуп жатат. Эгерде өзүбүз “эл эмне дейт, уят болом, элдин бетин кантип карайм” деген сыяктуу куру намыстан арылбасак, минтип кете берерибиз бышык.

Кыргыздын салттары, ата-бабабыздан келатат, эмнеге жеришибиз керек? – деп жүрө берсек, чыгымдарга туш болуп, элибиздин турмушу кыйындай берет. Буга байланыштуу мыйзамды тез кабыл алуунун зарылчылыгы жок. Маселе боюнча кандай чечим кабыл алынса да, ал борбордо эле калбай, өлкөнүн бардык айыл өкмөттөрүнө жеткирилип, элге маалымдалышы керек. Телевизордон көрсөтүп, радиодон уктуруу зарыл. Элди буга акырындап көндүрүү керек. Элибиз ислам динин тутунгандыктан шариятта ысырапкорчулук жок экендигин билип, ынанышса. Чындыгын айтканда, карапайым эл бул боюнча оң чечим кабыл алынуусун күтүп жатат. Орто жашагандар үчүн да той-топур өткөрүп, салтанаттарга катышуу оңойго турбайт. Той-топур, салтанаттарга барганда ашыкча чыгымга учурашат. Сөзсүз бир нерсе кошууга туура келет.

Эгерде мыйзам кабыл ала турган болсок, өлүм-житим учурундагы каадаларды, эстелик тургузуу маселесин эске алышыбыз керек. Эстеликтер өтө кымбатка тургузулуп жатат. Эки кабат үйдүн бийиктигине барабар, эки жагында килейген арстандар отурган эстеликтер бар. Куранда айтылгандай, адамдар көмүлгөн жерлер акыркы сөөк коюлгандан 25-30 жылдан кийин тегизделип, кайрадан пайдаланылышы зарыл. Бул жерде айтайын дегеним, акыркы убакта сугат, айдоо жерлер азайып баратат. Элдин саны болсо көбөйүп жатат. Ушул маселени кароо зарыл. Айдоо жерлер азайган сайын айыл чарба продукцияларын өндүрүү мүмкүнчүлүгүбүз да төмөндөөдө. Чоң аянтты ээлеген, узак жылдар турчу эстеликтерди орнотуу менен келечек урпактарыбызды ойлобой жатабыз. Көпчүлүк чет өлкөлөрдө айдоо, сугат жерлерин үй куруу, көрүстөн үчүн пайдаланышпайт.

Экинчи маселе, жубайлардын ЗАГСка катталуу салтанаты. Кымбат баалуу машиналардын ээрчишип көчөдө жүргөндөрү да ашыкча опурталдуулуктарды пайда кылууда. Мектеп окуучуларынын бүтүрүү кечелери да өтө эле шаан-шөкөттөлүп баратат. Кафелерде, же атайын жайларда оңбогондой акчалар жумшалып өткөрүлүүдө. Мисалы, быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү кафе, ресторандарды эмитен ээлеп коюшканы маалым. Мындай кечелерге окуучулар, ата-энелер, мугалимдер аралашат. Ушуларды жөнөкөйлөтсөк. Мектепте мугалимдердин туулган күндөрү, мааракелери болсо, анүчүн ата-энелерден акча чогулткан учурлар болууда. Буга да чек коюш керек. Өнүккөн, эли бай жашаган өлкөлөрдө деле салтанаттар болот. Бирок, биздегидей чектен чыгып, аша чаап кетишпейт.

Биз өзбектердин, дунгандардын, уйгурлардын сарамжалдуулугун мисал кылабыз. Алардыкын көчүрүп алуу максат эмес. Бирок, алардын айрым жакшы жактарын алышыбыз керек. Той-аш, мааракелерде айтылып жүргөн сөздөр кайрадан айтылып, ырдап, бийлешип убакытты өткөрүшөт. Эң аз дегени 4-5 саат, узагы бир суткага жетет. Ал эми убакыт акчадан кымбат эмеспи. Убакытты туура пайдалана албай келебиз. Ушуга байланыштуу мыйзам менен өкмөттүк автоунааларды каалагандай пайдаланууга чек коюшубуз керек.

Тажикстанда акыркы бир жарым жылда экономикалык алга жылуу байкалды. Сарамжалдуулукка байланыштуу мыйзам кабыл алынгандан кийин 2008-жылы 350 млн. долларды үнөмдөшүптүр. Бул мыйзамга чейин Тажикстанда жылына 400 млн. доллардай каражат чыгымдалчу экен. Алардын кабыл алган мыйзамы төмөндөгүдөй: “Салттарды, салтанаттарды жана ырым-жырымдарды тартипке келтирүү жөнүндө”. Бизге да ушундай мыйзам керек болуп турат. Өзбекстанда бул маселе Президенттин көрсөтмөсү, айтуусу менен эле чечилген. Биз Тажикстанды туурайлы дегенден алыспыз. Ылайыктуу жерлерин гана алсак болот.

Жыйынтыктап айтсам, бизге атайын мыйзам керек. Парламенттик угууга чейин ар бир айыл өкмөтүндө бул маселе такталышы керек. Мыйзамда аны аткарбагандарга көрүлүүчү чара, алардын жоопкерчилиги көрсөтүлүшү зарыл. Анан ал мыйзамдын аткарылышы жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу үзбөй берилип, чагылдырылып турса. Жакшы көрүнүштөр бар, мисалы, Ак-Суу районунун акими өзү демилгени колго алып, ашыкча ыгым-чыгымдарга чек коюу иштерин жүргүзүп жатыптыр. Натыйжада мурда эки-үч жылкы союлуп жүргөн жерлерде эки-үчтөн кой союлуп калыптыр.

“Каргага теңелем деп каздын буту сыныптыр” болбойлу

Досбол НУР уулу:
– Биздин ысык-суук мааракелердеги ыгым-чыгымдарыбыз өзбектердикин, тажиктердикин бириктирип алгандан да ашып кетет. Бул жагынан казактар менен бирдейбиз. Сөөк узатылып жаткан жерде бизде өлгөн адам эмес, союлуп жаткан жылкылардын арыгы, семиздиги кызыктырат. Жылкынын баасы 100 миң сомго чыкты эле. Азыр бир аз түштү. Андай баалардагы жылкыны соёбуз деп канчалаган үй-бүлөлөр өлүктү узаткандан кийин отуруп калып жатышат. Кыргызда кошумча деген жакшы нерсе бар. Бирок, кошумча деген акча деле чет өлкөдөн келген жок да. Ошондуктан, мында айтылган сөздөрдү элге жеткирсек. Кандайдыр мыйзамдар менен чыгымдарды чектеп, үнөмдөй алабызбы, жокпу ушуну карап көрсөк. Кереге кеңештин максаты – элдин оорун колдон, жеңилин жерден алуу. Жакшы шарт-жагдайларын түзүп берсек. Чет өлкөлөрдөгү миллиардер, миллионерлер деле 200-300 кишини чакырып, маараке өткөрүшөт. Болгондо да жупуну өткөрүп коюшат. Ал эми бизде бечаралар ошончо адамды чакырышат. Бул акылга сыярлык иш эмес.

Кусеин ИСАЕВ, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, социолог:
– Мындай актуалдуу маселени караган талкуу акыркы он беш жылда Мамкатчынын, Өкмөттүн жетекчисинин орун басарынын катышуусунда алгачкы жолу өтүп жатат. Менимче, мында биз жалгыз эле ысырапкорчулукту эмес, көп нерселерди чогуу карашыбыз зарыл. Сарамжалдуулук маселесин эгемендикке келгенден бери ойлонуп келатабыз. Аны каада-салт маселесине кошуп кеңири, комплекстүү, концептуалдуу карообуз керек. Мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо, бекемдөө маселесин алдыга коюубуз кажет. Биз буга чейин кошуналардын, башкалардын мыйзамдарын көчүрүп жүрдүк, өзүбүзчө оригиналдуу мыйзам жарата элекпиз.

Улуттук адеп-ахлак, каада-салт, үрп-адат Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдардын негизин түзүш керек. Улуттун адеп-ахлагы, идеясы, баалуулуктары адеп, акыл-эс, абийирдин жакырланып, улуттук идеянын жоголуп баратканын эске алып, мыйзамдуулуктун негизине коюш керек. Андай мыйзам биринчи жолу болуп жаткандан кийин талкуулап, кабыл алуу Жогорку Кеңешке оңойго турбайт. Ошон үчүн Жогору Кеңештин алдында кыргыз элинин тарыхын, философиясын, менталитетин билген, келечекке көз чаптыра билген республиканын мыкты адамдарынан эксперттик кеңеш түзүп, ар бир мыйзамды, токтомду эксперттик кеңештин баалоосунан өткөрүшү керек.

Ушуга байланыштуу жаштардын кесиптик билим алуусун, энелердин бала багып үйдө отуруу маселелерин карашыбыз керек. Себеби, бул маселе аябай курч болуп турат. Биздин мамлекет ачкөздөр менен тойбостордун кызыкчылыгын канааттандыруу максатында түзүлгөндөй пикир калтырат. Мамлекетти бекемдөө адеп-абийирди калыбына келтирүү, мамлекеттин коопсуздук маселеси боюнча бышып жетилди. Жогорку бийликтеги чиновниктер тартипке келишип, биринчи кезекте ошолор ысырапкорчулукка каршы күрөшсө, ошондо гана натыйжа болот.

“Кыргыз Туусу” гезити кыргыз элинин көйгөйлүү маселелерин көтөрө берет

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ, “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору:
– Биз Бектемир Мурзубраимовдун макаласын жарыялагандан бери окурмандардан көптөгөн пикирлерди, сунуштарды, каттарды алып жатабыз. Авторлордун арасында окумуштуулар да, карапайым адамдар да бар. Бүгүн эле акыркы маалыматты алсак, Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө ысырапкорчулукка жол бергендерди 100 миң сом айып менен жазалоо маселеси көтөрүлүп жатыптыр. Жер-жерлерде маселе бышып-жетилгендигин бизге келген каттардан билип жатабыз.

Айрыкча Ысык-Көлдүн юстиция башкармалыгы тарабынан “Айыл мыйзамы” деген документ кабыл алынып, ысырапкорчулукка кантип бөгөт коюш керек деген маселе менен облустун губернатору өзү элге кайрылуу кылды. Ош облусунда губернатордун орун басары атайын аялдар кеңешин уюштуруп, ошолор аркылуу ысырапкорчулукка көзөмөл жүргүзүүнү колго алыптыр. Мисалы, аялдар кеңеши бул маселени талкуулап, облустук коомчулукка кайрылуу менен чыгышыптыр. Бул маселенин бышып-жетилгендиги, эл тарабынан колдоого алынып жаткандыгы чындык болуп турат. Ал эми бул жерде интеллигенциянын өкүлдөрү чогулуп, оң жагына чечели деп жатканы жакшы көрүнүш.

“Кыргыз Туусунда” буга байланышкан ондогон каттар жатат. Буюрса аларды кезеги менен жарыялай беребиз. Эртерээк ашыкча чыгымдарга барууну токтотуп сарамжалдуу болбосок, кыргыз эли өзүнө-өзү балта чаап жатат. Өз ырыскыларын өздөрү чачышууда. Ошондуктан муну мыйзам менен бышыктап койсок, эл дагы туура кабыл алчудай. Каада-салт, ырым-жырымдарды оңдоп-түзөп, тартипке салып алчу мезгил келди. Ал эми улуттун тунгуч гезити “Кыргыз Туусу” кыргыз элинин көйгөйлүү маселелерин ар дайым көтөрө бермекчи.

Бүмайрам МЕНСЕИТОВА, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Мэр болуп иштеп турганымда бул маселени көтөргөн элем. Бирок, анда абал азыркыдай курч эмес болчу. Эл да даяр эмес эле. Бүгүн эл даяр. Биз гана кандай кыларды билбей жатабыз. Тажикстандын мыйзамчылары менен сүйлөшкөнүбүздө алар бул маселенин үстүнөн бир жылдан ашык иштегендигин айтышты. Биз дагы “жети өлчөп, бир кесип” дегендей мыйзам кабыл алышыбыз керек. Бүгүнкү мезгил ошону талап кылып жатат.

Салт-санаада аша чапкандар байлар, аны ооздуктоого эл даяр

Роза АБДЫРАИМОВА, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Мен жакында эле Баткен, Жалал-Абад облустарына барып келдим. Ошондо карапайым эл ушуга байланыштуу “Парламентте бир топ эле аялдар отурасыңар, ысырапкорчулукка каршы күрөшпөйсүңөрбү, кабыл алынган токтомдор деле бар” деп айтышты. Ысырапкорчулуктун айынан эл кыйналып бүттү, буга каршы мыйзам кабыл алынса жакшы болот эле дешти. Бул жерде Кусеин Исаевичтин айтканы абдан туура. Биздин салт-санааны көбөйткөндөр байлар, чоң чиновниктер болуп жатпайбы. Ушул адамдар өз кылып жаткандарына сын көз караш менен карашса, жакшы болот эле.

Эгерде мыйзам кабыл ала турган болсок, биринчи кезекте күрөштү чиновниктерден башташыбыз керек. Биз чын эле үй-бүлөдө балдарды тарбиялоого көңүл бурбай калдык. Ата-эненин жоопкерчилиги жоголду. Бул жерде муфтияттын өкүлү отурат. Сөөк коюу маселесинде муфтият да жобо иштеп чыгып, шаан-шөкөткө каршы күрөшсө болор эле. Парламенттик угуу болушу зарыл. Муну таштап койбой, мыйзам кабыл алууга жетишсек.

Аскар САЛЫМБЕКОВ, Жогорку Кеңештин депутаты:
– Урматтуу кесиптештер, бул маселе элдин үнү болуп калды. Каерде сөөк коюлса, маселе козголот. Маркумду акыркы сапарга узатууда сөөк унутулуп эле малдын арык, семиздиги алдыга чыгат. Ушул жагынан айрым региондор өтө эле аша чаап кетишти. Ошолорду тартипке келтирүү зарыл. Туулган күн, үйлөнүү үлпөттөрү ж.б. салтанаттар ашыкча чыгымдар менен өтө баштады. Кубаныч, жакшылык нерселердин өткөрүлүшүнө каршы эмесмин, бирок чектен аша чапканды токтотсок. Чиновник, аткаминерлерге Президент катуу айтып койсо, алар тыйылып калышмак.

Досбол НУР уулу:
– Аскар Мааткабылович, биз Куловдун тушунда аткаминерлерге айттык, токтом кабыл алынды. Бирок, ошондогу финансы министри чиновниктерди чогултуп, шаан-шөкөтсүз өткөрдү. Экинчиси чыкты, “Оштон туугандарды, куда-сөөктөрдү чакырышым керек” деп “Дасмияда” чоң той өткөрдү.

Аскар САЛЫМБЕКОВ:
– Ошол чиновниктерди жоопко тартыш керек болчу…

Досбол НУР уулу:
– Биздин бардык жашообуз мыйзамга түшүшү керек. Элибиз да мыйзамды сыйлап, жашоого үйрөнүүлөрү зарыл.

Аскар САЛЫМБЕКОВ:
– Чиновниктерге азыртан эскертүү берилип, укпагандарды жоопко тарта башташ керек. Ушуну ойлонуп көрсөңөр. Президентпи, Өкмөт башчыбы, же өзүңүз айтсаңыз.

Кусеин ИСАЕВ:
– Кайрылуу кабыл алып гезитке жарыялабайлыбы, кандай реакция болоор экен…

Аскар САЛЫМБЕКОВ:
– Кусеин Исаевич туура айтат, коомчулуктун реакциясын байкап көргөнгө неге болбосун. Түпкүлүгүндө мыйзам кабыл алганды колдойм. Бирок, күзгө чейин чиновниктерди ооздуктоо, чектөө ишин жүргүзө беришибиз керек. Муну эртеңден баштоо зарыл. Күзгө чейин мыйзамдын долбоорун даярдап, аны жер-жерлерге жөнөтүп, элди тааныштыра бериш керек. Ар бир айыл өкмөттүн эли талкууга алуусу зарыл.

Досбол НУР уулу:
– Сиз туура айтып жатасыз. Бүгүн эле жумушчу топ түзөлү. Каада-салттарды тартипке келтирүүгө комплекстүү карап, айыл өкмөттөрүн кандайдыр чечим кабыл алууга милдеттендирсек. Гезитке “Кереге кеңеш” деген рубриканын астында ушул маселени талкууга ала берсек. Ушул эле рубриканы радиодо, теледе жандандырсак. Жумушчу топко интеллигенциянын бардык өкүлдөрүн тартсак.
Маселе бышып жетилди, аны атка минерлер билеби?

Осмон ТОГУСАКОВ, КУИАнын философия жана укук институтунун директору, философия илимдеринин доктору:
– Мен да өз оюмду айтсам. Маселени карап жатканда элибиздин менталитетин эске алышыбыз керек. Бул эртең эле чечилчү маселе эмес. Ошондуктан үгүт иштерине көбүрөөк басым жасоо керек. Мыйзам кабыл алсак, аны биринчи кезекте аткаруу бийлигиндегилер аткарышы керек. Атайын жумушчу топ түзүлсө, ал көзөмөлдөө менен эле чектелбей үгүт ишин да жүргүзүшү керек. Каада-салт, үрп-адаттарды аткаруунун тартип, эрежесин көрсөткөн жоболорду иштеп чыксак. Мисалы, жыртыш берүү деген өзүнөн-өзү жоголуп кетти. Үгүт иштери туура жүргүзүлсө каадалардагы терс, ашыкча нерселерди элибиз акырындап четке кагат эле.

Мында муфтияттын ролу чоң. Муфтияттагылар сөөк коюу каадаларын туура кылууну караган жобо иштеп чыгышса. Эки млрд. доллар деген астрономиялык сумма. Минтип жүрүп отурсак, абалыбыз оорлойт, оңолбойт. Маселе көтөрүлдү. Эми Кусеин Исаевич айткандай, кайрылуу кабыл алсак. Ага кандайдыр резонанс болсо маселеде натыйжа болот эле. КТРде атайын көрсөтүү ачып, анда бул маселе бонча талкууларды уюштуруп, элди сарамжалдуулукка чакырсак. Үгүт иштери жүргүзүлсө. Жаңылыкты бат кабыл алган жаныбыз мындай үгүт, чакырыктарды да бат кабылдап, тиешелүү жыйынтык чыгармакпыз.

Мамбетасан ИБРАЕВ, Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийинин орун басары:
– Досбол Нуриевич, көп сөздөр айтылды. Муфтият менен Дин иштери боюнча агенттик биргеликте жобо иштеп чыгуу маселеси коюлду. Элибиз ысырапкорчулук, шаан-шөкөт деген нерселердин шариятта жоктугун эң жакшы билишет. Бирок, намаз окубай жаткандай эле шарияттын көп талаптарын аткарбай жатышпайбы. Эгерде, биз мыйзамды кабыл алсак, кудайга жаккан иш кылабыз. Анткени, шарият ысырапкорчулукка, шаан-шөкөткө каршы турат. Маселени тездетиш үчүн мыйзамдын алгачкы долбоорун түзүп, элге таратыш керек. Акырындап алымча, кошумча боло берет.

Ташбоо ЖУМАГУЛОВ, Президентке караштуу Улуттук тил комиссиясынын төрагасы:
– Бардыгыңыздардын сөзүңүздөрдү угуп отуруп, практик катары бир нерсени айткым келип турат. Биз кыргыз болгондон кийин кыргыздай жашашыбыз керек. Тажикти, өзбекти же түркмөндөрдү туураганыбыз туура эмес. Кыргыз эч качан 500 киши чакырып ресторанга той берген эмес. Мындан баш тартыш керек. Жумушчу топ атайын жоболорду, же мыйзам долбоорун даярдап, өлкөнү түрө кыдырып үгүт кербенин уюштурсак. Биз тил кербенин уюштурганда натыйжасы жакшы болгон. Стадион, театр, атайын жайларда эл менен жолуксак, алар эң сонун, баалуу сунуштарын беришет. Алардын сунуштарын алсак. Натыйжада мыйзамды элдин басымдуу көпчүлүгү жактырган болор эле. Ушул кадамга барсак.

Материалдык ысырапкорчулуктан рухий жоготуубуз ашып кетүүдө.

Үмүт КУЛТАЕВА, КУУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, профессор:
– Бир-эки сунуш кошуп кетсем. Бектемир агайдын бир оюн улагым келип турат. Материалдык ысырапкорчулук болуп жатат. Бирок, рухий ысырапкорчулукту да унутпасак. Убакытты айтып жатам. Өткөндө “Алтын казынада” той болду эле. Коноктор бир жарым саат эшикте күтүп турушту. Той ээси бир жарым саат кечигип келди. Эртеси карасаң, андагылардын баары жумушка жараксыз, ишке жөндөмсүз. Бул нерсе бир эле күнгө эмес, бир нече күнгө созулушу мүмкүн.

Конфуцийдин “Элди салт менен башкарса адептүүлүк көбөйөт, мыйзам менен башкарса мыкаачылык көбөйөт” деген сөзү бар. Кызыгы тойдон түнкү 12де чыксаң, көчөлөрдө тыгын. Анткени, бир нече кафелерден элдер чыгышкан. Сунушум, убакытка да маани берсек. Мыйзам аркылуу айып салынса, кафе, ресторан ээсине салынышы керек. Убакыт үч сааттан ашпаса жакшы болот эле. Экинчи сунушум, сөөктү үч күнгө чейин кармоого байланыштуу. Бул убакытта бүт айыл эли эзилип, кыйналып бүтөт. Үч күн уктабай чыгышат. Ушуга дин өкүлдөрү өз жоопторун беришсе.

Үчүнчү, тост деген балээ жөнүндө. Азыр небересине чейин тост берилет. Бул жеткен адепсиздик. Анткени, бизде сүйлөө маданиятына караганда, угуу маданияты жогору турат. “Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт” деп кыргызда бекер айтылбаган. Угуу маданияты бизде аябай төмөндөп кетти. Адеп эмне экенин түшүнбөй калдык. Кайталанма тосттор андагыларды жадатат. Айтайын дегеним, той-топурдун атрибуттары да мыйзамга киргизилсе. Таласта килем көтөрүп жүрүшсө, түштүктө себет деген нерсени көтөрүп эле жүрүшөт экен. Маселени ысырапкорчулук менен чектебей, теориялык жактан интеллигенттик деңгээлде иштеп чыгыш керек.

Казат АКМАТОВ, жазуучу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты:
– Эл даяр болуп калды деп жатабыз. Эгерде чын эле даяр болсо, маселе оң жагына чечилет. Арак маселесин алалы. Эл мыйзамсыз эле чечип алышты. Ысырапкорчулукту да чечкенге аракет кылып жатышат. Карапайым эл даяр экен. Бирок, аткаминерлер, чиновниктер даяр эмес, чечкилери келишпейт. Ошолор маселеге тоскоолдук кылышат. Байлар, бизнесмендер, колунда барлар даяр эмес. Эл даяр болсо, бул маселени чечкенге неге болбосун. Ал эми чиновниктердин ысырапкорчулуктарына каршы бийликтин күчүн колдонуш керек. Мында Президенттин, Өкмөттүн эрки керек. Мисалы, Казакстанда казак тилине байланыштуу Президенти зор эркин көрсөттү. Азыр казак тили гүлдөп, өнүгүп жатат.

Менде бир сунуш бар. Биздин мамлекеттин жаманбы, жакшыбы демократиялуу өлкө деген имиджи бар. Биз мыйзам эмес кодекс кабыл алсак. Ар бир маселеге байланыштуу жоболордун токтому кодексти түзсө, аны Жогорку Кеңеш бекитсе.

Куру намыс, атаандашуудан арылуунун механизми иштелип чыкса

Акунжан АБДРАШЕВ, Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы:
– Албетте, биз мыйзам же кодексти кабыл алышыбыз зарыл. Мезгил муну талап кылып жатат, эл даяр. Азыр чиновниктер жөнүндө сөз болду. Алар даярбы, даяр эмеспи деген. Мында эки маселе бар. Биринчиси, ар-намыс, экинчиси, атаандашуу. Чиновниктердин көбү психологиялык жактан даяр эле. Эгерде, азыркыдай мыйзам кабыл алынса, мажбурлооочу шарттар болсо, чиновниктер деле тез эле көнүшөт. Убакыт жөнүндө сөз болду. Жалал-Абаддын мисалында айтайын. Ал жакта атайын комиссия түзүлүп, бул маселени чечип коюшуптур. Той-мааракелер саат 11де толугу менен аяктап, эл үйлөрүнө таркап кетет экен. Кыяс Сатарович Сузак районунун Кызыл-Туу айылын мисал кылды. Туура, Сузакта ысырапкорчулукка каршы күрөш он жыл мурда башталган. Башында жакшы колдоого алынып, жылкы союулар токтотулуп, анын ордуна торпок, кой соё башташкан. Бирок, баягы эле атаандашуу процесси маселени кайра күчөтүп жиберди. Эл дале куру намыска алдырып жатышат. Мыйзам кабыл алсак, натыйжасы болот деп ойлойм.

Мамбетасан ИБРАЕВ:
– Ислам дини башынан ысырапкорчулукка каршы күрөшүп келет. 2007-жылы муфтий Муратаалы ажы Жуманов элге кайрылуу жасап, бул маселе боюнча облустук казыяттар, райондук имамдар менен иштегенбиз. Бирок, ачыгын айтыш керек, көп молдолор мындай аракетти жакшы кабыл албай, кайдыгерлик кылып коюшту. Ошондуктан, Өкмөт атайын нормативдик документ кабыл алып, муфтият менен иш алып барса маселе чечилет. Бул жерде туура сөздөр көп айтылды. Биз, дин өкүлдөрү, башка терс көрүнүштөргө байланыштуу ой-пикирлерибизди жазып берсек, мыйзам кабыл алынып жатканда, алар эске алынса. Анан жалпы комплекстүү түрдө, жергиликтүү бийлик органдары, жер-жерлердеги диний өкүлдөр менен биргеликте иш алып барсак, маселени чече алабыз.

Нуркемел КУЛМАТОВ, философия илимдеринин кандидаты, каада-салттарды изилдөөчү окумуштуу:
– Советтер Союзунун убагына караганда азыр жаштарыбыз, карыларыбыз мусулманчылыкка кыйла ооп баратабыз. Мындай мезгилде элдин аң-сезимин, көз карашын пайдаланып калуубуз чоң маселе болуп турат. Андай болгон соң эмнеге исламдын, шариаттын принциптерин сактай албайт. Эмнеге ушуну айтпайсыңар? Молдокелердин таасири өзгөчө жаманчылыкта болот. Жаманчылык иштерде эл арасында көп болосуңар. Айтайын дегеним, молдокелер өздөрү шариаттын принциптерин кармашпайт. Мисалы, үч күн түтүн чыгарбоо талабын деги айтпайсыңар. Мен бир молдого ушул боюнча айтсам, “жок, кантип айтам, мага пайда болуп жатпайбы, мага ичик жаап жатышат” дейт.

Экинчиден, рынок агымында баратабыз. Мен 1963-жылы бир кызык нерсеге туш келгем. Жолдошум экөөбүз стипендия алып, Москвадагы Ленин китепканасынын жанындагы ашканага кирсек, официанттар чуркап жүрүшөт. Бизге келип “шорулдатпай” ичкиле деди. Бизди тамак ичкенди билбейт деп шылдыңдап жатышабы деп ачууланып калдык. Бир топтон кийин келишип кечирим сурашты. Көрсө, ал жерге Рокфеллер небереси менен келиптир. Анан кара икра, кызыл икра заказ кылыптыр. Өзүнө кымбатын, небересине арзанын заказ кылыптыр. Рокфеллер болуп туруп, арзанына качырат деп таңкалышса, “кечиресиздер, кичинекей бала арзан, кымбатын билмек беле” деп айтыптыр. Рокфеллер ушинтип үнөмдөп жатса, анан биздин ысырапкорчулугубузга жол болсун.

Өктөмхан АБДУЛЛАЕВА, КРнын вице-премьер-министри:
– Элдин арасында көп жүрөбүз. Аш-тойлордогу ашыкча чыгымдар карапайым элди бир топ азапка салып, кыйнап жибергендигин көрүп, угуп жатабыз. Эл кандайдыр мыйзамдык чечим кабыл алынып, ысырапкорчулукка каршы күрөштүн башталышын күтүп жатат. Чечкиндүү кадамдарга эл даяр.

Досбол НУР уулу:
– Бул жерде отургандардын бардыгын ар кандай тойлорго чакырышат. Барып жүрөсүздөр. Азыр чиновниктер тойго 100 долларсыз барбайт. Барып той ээсинин чөнтөгүнө салат. 300 киши келгенде эле канча акча топтолорун эсептеп көргүлө. А бирок, ошол акча кайдан табылып, кайда кетип жатат? Эгемендүүлүккө келгени, жаман салт күч алды. Тойго барганда куру кетпей түйүнчөктү түйүп кетмей. Аны “паспорт” дешип алыптыр. Үйгө “паспорт” ала кетели дешет. Ушундай тескери салттар көбөйүп баратат.

Акыркы убактарда мектептин балдары такыр башкача тарбияланып, чоңоюп жатышат. “Манасты” түшүнүшпөйт, Чыңгызды билбегендер бар. Өткөндө Токтогулдун эстелигинин жанында туруп алып, окуучулардан сурашса, 90%ы Токтогулдун ким экендигин билбей коюшту. Ушуга окшогон маселелердин бардыгы каада-салт, үрп-адаттарга такалат. Президент макал-лакаптарга маани берели деп туура айтты.

Жыйынтыктап айтканда, мындай кылсак. Жумушчу топ түзүп, мыйзамдын долбоорун бир айдын ичинде карап чыкса. Чек койбосок болбойт. Анан дагы бир айдын ичинде таанышып, аны талкууласак. Анан теледен элге көрсөтүп, долбоор боюнча элдин сунуш-пикирлерин билсек. Үгүт кербенин уюштуруп, айыл өкмөттөргө жеткирип берсек. Жер-жерлердеги мечиттер, диний өкүлдөр менен биргеликте иштерди жүргүзүшүбүз керек.

Менин биринчи сунушум, жумушчу топко Бектемир Мурзубаримовдун өзүн төрага кылсак. Анан бул жерде отургандар, депутаттар, билим берүү тармагынын, муфтияттын өкүлдөрүнөн курамга киргизилсе.

Папан ДҮЙШӨНБАЕВ, “Кыргыз Туусу”, 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.