“Өз мекенинде пайгамбар болбойт”

Кыргыздын кыраан уулу Салижан Жигитов 17-мартта жарык дүйнөгө келген

Кыргыздын чыгаан уулу Салижан Жигитовдун бейнесине сүртүмдөр

Өз доорунун өзгөчө перзенти
Доордун агымы, айрыкча турмуштун чукул бурулушу жеке адамды эле эмес, бүкүлү калкты да мурда болуп-болбогон өлчөмдөгү зор сыноого тушуктурат. Ошондо заманга тете даярдыгыбыз, рухий кайратыбыз, ишке жарамдуулугубуз, жаңыча акыл калчап, түз жолго түшө билген жөндөмүбүз, илгеркилер айткандай, керетибиз тескелет, абалдын оң-тетири жактары назарга даана илинет. Дал ушундай учурда кимдин ким экени да даана билинип калат. Омоктуу ой, өнүмдүү аракет, өрнөктүү жүрүш-туруш – булар өзүнчө бир катмарда турат, ага жанаша башка ылай тилке бар – курулай сөз, көңдөй көкүрөк, напсиси араандай ачылган, адал менен арамдын айырмасын билбеген пастык. Сыноодо ушул сапаттар даана көрүнө баштайт. “Элге кезек бир келет” демекчи, өлкөнүн өсүшүнө түрткү бере турган ички “дүрмөтү”, намысты ойгото турган угуту болгон жерде эл да чыйралып, көп нерсеге көзү ачылып, ыкшалбай кадам таштап, өргө көтөрүлө баштайт. Анын тездиги коомдук аң-сезимге, аны калыптаган элитанын үлгүсүнө жараша болот.
Кийинки үч-төрт жыл элибизге кыйын болду. Дегеним – сыймыгыбыз болгон көп адамдар катуу бороондо кулаган зор дарактардай биринин артынан бири арабыздан кете беришти. Ошол залкарлардын бири Салижан Жигитов эле.

Адамга ыйгарылган өмүр көз ачып жумганча өтүп кетет турбайбы, Сакемдин о дүйнө салганына үч жыл болуп кетиптир, көзү тирүү болгондо бүгүн араң 73 жашка келмек экен, ал бүгүн арабызда жок, бирок аны дайыма эстейбиз, ордун жоктойбуз. Турмуштун өйдө-ылдый кубулуштарына ушунчалык байланышып калган экен, ар бир окуя аны аргасыздан эске салат. Себеби да түшүнүктүү – анын пикири, атайылап же капилеттен айтып койгон сөздөрү бүгүн да өзүнчө бир комментарий, баа, сын, ирония же сарказм. Алар түркүн суроо-жоопторго түртөт. Сакемди эскерүү ушунусу менен баалуу.

Салижан өз доорунун перзенти, жөн эле эмес, өзгөчө перзенти. Жараткан сүйгүнчүгүнө акыл-парасатты да, талантты да башкалардан арбыныраак берет деп коюшат эмеспи. Эгеси бу кишиден мээримин аябаптыр. Суктанаар келбетке сараңдык кылганы менен дайыма ой, ажайып сөз, образ, фантазия чыгарып турган булактай пенде жаратып койгон экен. Бирок табият берген асыл казынаны кастарлап, кемелине келтире тийиштүү шекил берүү адамдын өзүнөн, чөйрөсүнөн, тарбия-таалиминен, анан да турмуштун талабынан болот эмеспи. Сакемдин өмүрү буга күбө.

Тектүү тукумдан экен, көңүлү ток, абийири таза жүрүп өттү. Адам баласынын бул дүйнөдөгү миссиясы дайыма түз жолдон тайбаш керек деген ишенимден тайган жок. Дээринде бар экен, мектепте жүргөндө эле ыр жаза койчу. Турмуш өзү, кудурети зор махабат аны акын кылды. Көркөм өнөрдүн артынан түшүп жүрүп, оболу биз жашаган турмуш, бүгүнкү дүйнө деген эмне, андагы адам баласынын орду кайда, ал эмне кылыш керек деген суроолорго сүңгүп кирип кетип, акыйкат менен адилетчилик проблемаларына барып такалды. Тартынчаак, назик көңүлдүү бала бара-бара ачылып, мүнөзү курчуп, ойлогон оюн батыл айта баштады. Илимге багыт алды, а илим деген бүгүнкү күндө коомдук проблемалардан четтеп кете албайт да. Ошентип жүрүп кругозору кеңейди, акыл-парасаты менен таланты көп кырдуу багытта жаркырап чыга келди.

Жөндөмү жетишсиз тууганыңды жооптуу кызматка коюу – татыктуунун ордун тартып алуу менен барабар, мамлекеттин илдети ошондон башталат
Анын турмушка көз карашы жаштайынан калыптанды көрүнөт. Жаштайынан жетим калып, балапан бөбөктөрүнүн камын көрдү. Аздыгына карабай тапкандарынын бир бөлүгүн “жетимдериме” деп арнап койчу. Баарын окутту. Өз ден соолугуна кайыл болуп жүрүп сыркоолоп калды. Кийинчерээк ошол кезди эске салып айтып калчу: “Чыгыш элдеринде ата-энесине, бир туугандарына жардам бериш – парз делет. Ал парзымды колдон келишинче аткардым окшойт”. Жасаган иштерин угуп отуруп, тамаша аралаш сурап койдум: “Сенин туугандарың өзүңдү тартып баары эле таланттуу болбой калган көрүнөт. Эгер болсо, далай эле таасирлүү кызматта жүрдүң, чоңдор менен мамилең жылуу болду, баарын болбосо да бир-экөөнү чоңойтуп жиберет элең да”, – десем, каткырып күлдү да: “Ой, мен ошого бара албадым. Бир туугандар өз бооруң да, алар таланттуу өңдөнө берет. Чоңойтуп жиберүү мүмкүн, бирок ишин ойдогудай аткара албай калса, өзүң да уят болосуң, анан да бүт өлкөгө зыяны тиет да. Мында, молдоке, сенин да күнөөң бар. “Жөндөмү жетишсиз тууганыңды жооптуу кызматка коюш башка татыктуу адамдын ордун тартып алган менен барабар, мамлекеттин илдети ошондон башталат” дейсиң го. Ошол туура. Жакын туугандарым жөнүндө бир неме айтканга ооз барбайт экен, бирок идиреги бар, ушул ишке жарайт деп ишенгендерди тартынбай эле колдоп жүрдүм, кудай жалгап ошолор ишеничимди актап жүрүшөт”.

…Булардын баасы болгону бир козу
Сакем аркасынан түрткүлөгөн же ортомчу ролун аткарган таянычы жок эле өз күчү менен өстү. Чоңдорун үйүнө чакырып сыйлап, белек берип, кызматка келгендерди айтып күлчү, күлкүсүндө жийиркенич сезилип турчу. “Булардын баасы болгону бир козу” деп койчу. Ошондон улам болсо керек “оңой оокаттын даамы болбойт, берекети да болбойт, адамды адам кылган анын эмгеги” маанисинде жаштарга насаат айтып калаар эле. Аны өзү да далилдеди. Бир ишке киришкенде тышкы дүйнөнү унуткансып баш учу менен кирип кетчү. Дүйнөлүк классиканы, орус адабиятын, дегеле жылт этип сөзгө алынган чыгармаларды андан көп окуган адам сейрек болушу мүмкүн. Ошондон улам анын көркөм өнөргө калыптанган табити өтө бийик болчу. Көп окугандан эле эмес, өзү да ошол дүйнөнүн перзенти болгондуктан башкаларга да, өзүнө да талапты катуу койгондуктан сөз издөө азабына тутулуп жүрдү. Айта турган ой жеткиликтүү да, көркөм да болушу үчүн жазганын кайра-кайра көшөрүп түн бою оңдой берчү. Эртеси столдун үстүндө бир барак ырдын бир нече варианты жатканын көрчүмүн. Салыштырып көрсөм, улам кийинкиси мурдагыдан тереңирээк, көркөмдүүрөөк болуп отуруп, эң акыркысы жибек жипке уздун колу менен тизилген берметтердей жаркырап, ажайып көрккө бөлөнгөнү даана сезилчү. Сөз зергери деген ушул. Чын эле оболу сөз болгон экен да. Сөздөн кийин ой, образ, кыял жаралып, устаттын уз колу менен тизилгенде алардын ар биринин көркү ачылып, мааниси тереңдеп, өзүнчө бир сыйкыр камтып, окурмандын сезимин алоолонтуп жиберет тура. Ошондуктан, алсак, “шуулдаба теректер, теректерим…” өңдүү саптардан көз алдыңа көркөм сүрөт тартылып, кулагыңа муңдуу музыка угулат окшобойбу. Ошондон уламбы, айтор, ой менен форма айкалышканга чейин сөздөрдү кынаптап, көңүлүнө толгуча алектене бергени бекеринен эмес экен.

Кылт эткен кыймыл – өзүнчө белги, үнсүз тил
Сакем менен бирге жүрүп өзүм да адабият дүйнөсүнө аздыр-көптүр кызыга баштадым көрүнөт. Адистигим башка болгондуктан, анын мага кереги не дегендей суроо деле болгон жок. Өкүнбөйм, анын убайын кийинчерээк элчилик фронтунда жүргөндө көрдүм – ал чөйрөдө сөз бар: дипломатия деген илим, билим жана да искусстводон турат делет. Бир жактуу адам өксүк болот деген корутундудан улам болсо керек, биздин заманда көркөм өнөргө көп көңүл бурулчу. Көп кырдуу билими бар эрудит адамдар жогору бааланчу. Себеби дипломатиялык миссияга эзелтен бери элита катмары тартылчу. Дипломаттын кругозоруна, жүрүш-турушуна, кыраакылыгына карай өзү эле эмес анын эли, өлкөсү жөнүндө пикир жаралат. Өлкөсү жөнүндө жылуу ой түзө албаса, жүргөн жериндеги алдыңкы ийгиликтерди өз жергесине таратууга кубаты жетпесе, көргөн-билгенин, уккандары менен сезгендерин жыйынтыктап, өкмөтүнө алгылыктуу сунуш бере албаса, андай элчиликтер өзүн актабайт, эл төлөгөн салыкты бекер короткон десе да болот.

Бул бир эле жагы. Экинчиси – айрым учурда тышкары дүйнөгө себеби ачык айтылбаган өкүмдар кезигет. Анын сыры информациялар аркылуу ачылат. Көп адамдар менен сүйлөшүү, түз же кыйыр түрдө тамырын тартууга туура келет. Ошол учурда унчукпай отурса да жүзүндөгү кылт эткен кыймыл өзүнчө белги, ал – үнсүз тил. Кээде ооздон чыккан сөздү ошо боюнча түздөн-түз түшүнбөш керек, себеби анын артында башка ой кылтыйып жашынып жатышы мүмкүн. Кыскасы, адамдын ички сыры үнсүз тил, катмарлашкан тил, ачык айтылган тил аркылуу туюндурулушу мүмкүн, ошолордун нактасын сууруп чыгыш оңой-олтоң иш эмес. Көркөм өнөр, дүйнөлүк адабият ошондуктан баасыз сабак десе болот.

Жаттаганды билип, ойлонгонду билбейт экенбиз
Кичинчерээк, барган сайын көркөм чыгармачылыктан четтей баштады. Биринчиден, илим багытына ооп, университетте дарс окугандыктан убактысы да чектелип калды көрүнөт. “Азыр адабий чыгарма окуганга да убакыт жок. Илимий изилдөөгө керектүү китептерди айласыздан кайрадан окуйм. Чынын айтсам көбү эле шакел экен. Илгери идеологияга жараша жасалма чыгармачылык өөрчүдү эле, бүгүн бардык нерсе акчага байланып калбадыбы. Эми нукура адабият деле чөгүп кетет окшойт” деп калчу. Экинчиден, анын кызыкчылыгы саясый тарапка өтө баштагансыды. “Өлкө өзүнүн өсүү жолун туура таап, эл байымайынча интеллигенция деле жарыбайт. Ачыккан адам маданият жөнүндө ойлонобу? Ал бирөөнүн көзүн карап калат да. Бүгүн баарын жыйыштырып коюп, өлкөнү өнүктүрүү жолун издеш керек окшойт” деп калаар эле. Ушуга байланыштуу оригинал ойлорун ортого салчу. Билбеген же толук ишене элек маселелер болсо тартынбай сурачу. “Биз батыштын өнүгүү себептерин терең түшүнбөй турабыз. Билимибиз чала болуп калыптыр. Социализмибиз эле жакшы дешет. Айрым жактары чын эле жакшы болгон. Бирок өзөгүндө мандем бар тура, болбосо кан төгүлгөн согушта жеңип чыгып, тынч кезде омкорулуп кулап калат беле? Совет бийлигинин улуттук саясаты бизди багып жүрдү. Бүгүн эгемендикке ээ болгон кезде өзүбүзгө тик карап, эл жөнүндө кам көрө тургандар аз турбайбы. Ачкүсөндөй ар кайсы ийинден чыга калышты го кечээги эле элге мораль үйрөтүп жүргөндөр. Эми элдин аң-сезимин өзгөртүш үчүн канча убакыт кетет? Биз жаттаганды билип, ойлонгонду билбейт экенбиз” – деп калды. Ушул сөзүнөн улам кеңеш айтымыш болдум: “Сенин айткандарыңа каршылыгым жок, бирок прессага саал жумшагыраак айтып жүрчү. Өгүнү “кыргыз интеллигенциясынын көзү кежигесинде” дегениңе кээ бирлер нааразы болуп жүрөт”. Чындыгында ал айрым ойлорун формуладай кыска, куйкумдуу, курч айтчу эле да. Аны ишеничтүү аргументтен башка эч нерсе токтото албайт эле. Менин “кеңешиме” дароо жооп берди: “кежигесинде эмес, маңдайында экенин далилдесинчи бири. Ал эмес мени кыргыздын душманы деп чыгышты. Өзүң билесиң, мен күйгөнүмдөн айтып жүрөм го. Калпак кийип алса эле патриот болуп калабы? Кыргыздын тагдыры татаал болгон, эмгиче улут боло албай жүргөнүбүзгө карабай уруу-урууга бөлө башташты.”

Менин да көзүм ачылды, сен чоң жулик турбайсыңбы…
“Бирөөгө жамандык кылбагыла, алдабагыла, мүлкүнө кыянаттык жасабагыла, үнөмдүү жашагыла, ысыраптыкка барбагыла, байлыгың менен башкаларды кемсинтпегиле” өңдүү бизге ылайыктуу осуяттар бар. Ошолорду калк ичинде тарбия катары тараткандын ордуна ритуалдык алкактан чыга албай отурушат. Сабырдуулуктун ордуна башка диндерге каршы үндөө күчөдү. Ушундай абалда биздин интеллигенция добушун бийигирээк чыгарып, элге, айрыкча жаштарга илим, билим, маданияттын, жакшы пейилдердин үрөнүн кеңири сээп, элди алдыга жылдыра турган аракет көрүнбөй жатпайбы… Көзү ачык дегендер көбөйдү. Сага бир кызык нерсе айтып берейин. Жакында көчөдө келатсам ак топу менен чепкен жамынган бирөө учурады. Мени тааныйт экен. “Салижан аке, колуңузду бериңиз, Кудайдын кудурети менен көзүм ачылды, айта турган сөзүм бар” дейт. Эмне кыларымды билбей, алаканымды көрсөттүм. “Суф”, – деди да айта баштады.

Аа, мына, оомат өзү келатат, аккула атка минип турасыз, оң жагыңызда арстан, сол жагыңызда жолборс жолдоп жүрөт…” деп, кап-кайдагыны айтып бүттү да, бир неме үмтөтүп турат. Чөнтөгүмдө элүү сомчо бар экен, ошону берип, кутулганыма сүйүндүм. Бир жума кийин ошол дагы келатат мени көздөй. “Колуңузду бериңиз дегенде эле мен айттым: “Сен да берчи колуңду, жакындан бери менин да көзүм ачылып кетти. Тактап көрсөм, сен чоң жулик турбайсыңбы” десем эле качып жөнөдү.

Кыргыздын туулушу да, өлүшү да чоң чыгымга айланып кетти
Бүт дүйнө удургуп алдыга жылып баратат. Жаныбыздагы кытай жакын арада ордунан жыла албайт, эски салт менен жашаган эл дешчү эле кээ бир билермандар, мына бүгүн дүйнөдөгү алгылыктуу тажрыйбаны топтоп, дүр этип көтөрүлө баштады го. Ушундай гигант козголсо дүйнө солкулдайт экен. Беш миллион калкы бар биздин өлкө ыкчамыраак кыймылдаса болбойт беле? Жаңы багыт алып, келечекке көз салгандын ордуна, биздин интеллигенция өтүп кеткен, кайрылгыс үрп-адатты идеал тутуп, мифке азгырыла баштаганы жакшыбы? Көчмөн турмуш бизди жомокко жакын кылып койгон. Мейли, миф деле болсун. Мына, еврейлер миф чыгарып алып, ошого ишенип биз өзгөчө элбиз дешет. Бирок алар өзгөчөлүгүн мээнеткечтиги, илим-билимди культ катары карап, өжөрлүгү менен бөлүнүп турат деп өзүң деле айтып жүрөсүң. Япония да ошондой эл экен. Ошолордун тажрыйбасын эске алып өзүбүз үчүн жыйынтык жасаш керек да. Биз болсо тарыхты санжырага айлантып жибердик. Ар бир уруу өзүнүн баатырларын чыгарышты. Ошолорго юбилей, той берип, кошумча сурап, ансыз деле кедей элди ысырапка түртүп жүрүшөт. Кыргыздын туулушу да, өлүшү да чоң чыгым болуп кетти. Сарамжалдуу болгула десең угушпайт. “Айткандын оозу жаман” демекчи.

Мына динге эркиндик берилди эле, мектептердин абалы начарлап, мечиттер көбөйө баштады. Мейли, мечиттеги тарбия болсун. Бирок, өлкөдө ууру кылгандар, кылмышкерлер азайдыбы? Ислам элди билимге умтулгула деп чакырат, рухий кулчулуктан кутулгула дейт. Салижан атеист болгон эмес. Динге анын өзүнчө көз карашы бар эле. Илгери Сулайман тоосундагы Бабурдун хужрасын бузуп коюшканда абдан нааразы болуп, дин менен мындай күрөшүү пайдасыз, диндин бизге адеп-ахлакка керектүү жагын алып, элге билим берүүнү күчөтсө, акырындап тең салмактуулук калыптанат, диндин коркунучтуу жагы фанатизмде, а фанатизм болсо сабат кыртышы жука же жок жерде өсүп чыгат деген ойдо болчу. Акыйкатчылык менен адилетчилик боюнча анын түшүнүгү динге үндөш болгон десем деле жаңылышпайм го. Себеби анын өмүрү ушул нарктуулуктан тайыбады. Чынчыл адамдарга таазим кылчу. Адилеттүүлүк болбогон жерде эл тынчыбайт деп ишенчү. Ак эмгеги менен жашаган адамдын маңдайы жарык болот, бейиш чын болсо, ошолор барат дээр эле.

О дүйнөгө кетээрде алсыз болуп, балдак таянып калды. Университеттин жетекчилери айлыгын сактап, сакайып кетер, дарылана берсин десе болбой, “алган акымды актабасам уят” деп, акыркы күчүн жыйнап лекцияларын окуп жүрдү. Өлүмгө да сабырдуу карады. “Биздин тукумда менин жашыма жеткендер болбоптур. Ушуга да каниет. Колдон келишинче иштедим, арам иштен алыс болдум, эми кете берсем болот” дегенин угуп, рухунун бийиктигине суктангам.

Эркиндигине макул болуп, жоопкерчилигин унуттук
Салижан саясатка кызыкчу, бирок ага сүңгүп кирип кеткен деле жок. Өлкөнүн келечеги бийлик менен коомдун ортосундагы мамилеге тыгыз байланыштуу экенин жакшы түшүнчү, ошондуктан сая-сый процесстерге көз салып жүрчү, айрым ойлорун ортого салчу. Көңүлүнө жакпаган окуяларга кейичү. Бир жолу тамаша-чындыгын аралаштыра, өзүнүн стилинде айтып калды: “Молдоке, ойлоп отурсам, бизге деги эч нерсе жукпайт көрүнөт. Дин да, коммунисттик идеялар да, демократия да жукпайт экен. Марксты тереңирээк түшүнбөй туруп коммунист болуп алдык. Ал система кулап келатканда аны коргоого бир киши чыкпады. Динге кайрылдык эле уурулук, коррупция, каракчылык күчөдү. Демократия жакшы жол деп аны куруп баштай электе тескери кеттик. Президент деген элге кызмат кылсын деп айлыгын төлөп берип шайлаган адамды ажобуз, падышабыз деп маанисин теңирден тескери бура баштадык. Демократияны бир тараптуу түшүндүк, эркиндигине макул болуп, жоопкерчилигин унутуп койдук. Билимге, тартипке, эмгекке басым койбой өткөн заманды көксөй баштады кээ бири. Чын эле шумдук эл экенбиз” деп калчу.

Чиновниктин тили кызматтан кеткенден кийин чыгат
Аркы-беркини калчап отуруп, биздеги саясый абалдын мүчүлүш жактарын моюнга алчубуз. Биринчиден, элибиз демократия эмне экенин, бийликтин нукура жаратылышын, миссиясын, милдетин даана түшүнө элек. Ага бийлик өзү да жете элек. Бийликте жүргөндөрдүн көбү өзүн элдин кызматкери эмес, кожоюну катары сезет. Ошондон улам бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиле цивилизациялуу деңгээлге жете элек. Бийлик мыйзамды өзүнө ылайыктап чечмелейт. Оппозицияны саясый партнер катары кабыл албайт. Мамлекеттик кызматта отургандар өз убагында өлкөдөгү абалга калыс пикир айтуудан тартынат. Кызматтан кеткен соң тили чыга баштайт деген өңдүү корутундулар боюнча оюбуз бирдей чыкчу. Кээде юморго салып айтып калаар эле: “Чиновниктин тили кызматтан кеткенден кийин чыгат” деп.

Жеке өзү бир тарапка берилип кеткен жок. Болгону – өзүнүн ойлогон оюн, позициясын хандан-бектен тартынбай, ачык айтып жүрдү. “Чындыкты кемпайга айтсаң жаман көрүнөсүң, акылманга айтсаң алкыш аласың, анткени андай инсан туура жыйынтык жасап, өз пайдасына чегерет” деген накыл сөздүн жөнү бар. Анын ачык айткан пикирлерине териккендер көп болду. “Өз мекенинде пайгамбар болбойт” эмеспи. Пайгамбар деп даанышманды да түшүнсөк, андайлар чыкпай койбойт, бирок аларды өз эли тааныбай коёт. Себеби андай инсандын өзгөчөлүгүн байкабайт, өзү жеткен деңгээлинен карап, билген өлчөмү менен ченейт. Көзү тирүү кезинде Сакемди да көбү даана көрө албады. А бүгүн болсо ордун толтура албай “кайран Сакем болгондо эмне дейт эле?” деп, анын ойлорун, учкул сөздөрүн, устарадай курч кайратын жоктоп отурабыз. Бул биринчи жолу болуп жаткан жери жок, акыркысы да эмес. Адам баласы колунда турган нукура асылзатты баалай албагандыктан рухий казынасын арбыта албай, кечээги жаңылыштыгын бүгүн да кайталап келет, турмуштун муштумуна кайра-кайра тушугат. Ушуну түшүнүш анчалык кыйын деле эмес, бирок негедир өтө эле создугуп келатат.

Эми Сакемди эскерип эле тим болбой, анын өмүрүндөгү, чыгармачылыгындагы, жарандык позициясындагы өрнөктүү мурастарын жаштарга жеткирип, өткөндөн сабак алсак, ал өзү күйүп-бышып коргоп жүргөн элине кызмат деген ошол болоор.

“Кыргыз Туусу”, 17.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.