Кыргыз драма театрынын артисттери кыздар үчүн түрк лицейинде болушат

Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисттери эртең майрамдык программа менен «Айчүрөк» кыздар үчүн кыргыз-түрк лицейинде болушат. Бул туурасында бүгүн «КАБАР» агенттигине театрдын администратору Елена Тараторина билдирди. «Театрдын имараты оңдоодо экендигине карабастан, биздин артисттерибиз дайыма көрүүчүлөр менен баарлашуу процессинде болушат. Алар ар ай сайын көчмө маданий-массалык иш-чараларды уюштурушуп, жаштар, өсүп келатышкан муундар менен жолугушууларды өткөрүшүп, маданий программаларды жайылтып турушат»- деп айтты ал.

Эл артисттери А. Осмонов, Т. Актанов, ошондой эле эмгек сиңирген артисттер К. Абылов, С. Мырсалиева жана башкалар элдик ырларды, кыргыздын элдик чыгармаларынан үзүндүлөрдү, «Манас» жана «Семетей» эпосторунан монологдорду аткарышат.

А. Бенгард, ЖТ, «КАБАР» МА, 19.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.