Бакма “жазуучу” мойнунан байлаган итке тең

Быйылкы кыштын бир күнү таң эрте бапестеген жазмакерим Айгүл Шаршендин бир китебин басмадан чыгарып, “Вечерний Бишкектин” жанындагы китеп-гезит базарынын китеп сатуу боюнча анабашы Ороз мырзага жетип бардым. Барсам аерде Жылкычы Жапиев деген жазуучу да жүргөн экен, жалпылдап дегеле сонун учураштык. А киши “Киотого барган жол” беле, же “Киотого кеткен жолбу”, айтор болжолу 400-500 беттей килтейген китебинен үчтүбү, же бештиби, Ороз мырзага өткөрүп жаткан экен.

– Ой, мунуң Япония жөнүндөбү? – деп сурап калдым.

– Жок. Мурза Гапаровдун ошондой бир чыгармасы бар эмес беле. Анан да бир топ башка чыгармалар кошулган…

– Ай ким билет, ар кошкон чыгарманы бир китепке тыкканда окурман акең алар бекен…

Ошону менен ортодон бир жарым-эки айча өтүп кетти. Дагы бир жолу таң ата Ороз мырзага ошол эле Айгүл Шаршендин дагы бир жаңы китебин өткөргөнү барып калсам, Жолдошбек журналист жазмакчы, кезинде “чоң журналда иштеген, ар кайсыдан бирди чокуган Жылкычы Жапиев” да ошол жерде жүрүптүр. Тамашага чалып:

– Ээ Жыке, сен эки айдан бери эки китебиңди өткөргүчө муногу катын үч китебин бүтүрүп таштап, үч миң нускасы сатылып кетти, – деп күлүп калдым.

А-ал анан көрүп ал! Муштумдай болгон каратору Жапиев жазуучу жапырып киргенде китеп базарындагылар “мушташып кетпегей эле” дегенсип, бизди жалдырай карап калышты. Анан ал:
– А сенчи сен! Сени ким окуйт азыр?! Сенин желиң эчак чыккан! Сенин колуңдан азыр бок да келбейт! Бир сүйлөм жазалбайсың, сен бу түрүң менен…

…Бечара “кадровый” жазуучулар. Социализм түгөнүп, Жазуучулар Союзунун жем акыры чын эле куржалак калды. Ырас, Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин деле, базар чарба нугуна бурулганыбыз менен деле баштапкы президентибиз буларга атайылап килтейген көп кабаттуу үй салдырып берип, Чыңгыз акебиздин кадыры менен жазуучуларга “өздөрү аракет кылып басмакана ачып, китеп чыгарып жандарын багышсын” деген тейде 60 миллион бекен ай, сом карматса деле анысын жарытылуу иштете алышпай, Асан аке Жакшылыковдун “жардамы” менен ал каражаттын түбүнө жетишип, Төлөгөн аке Касымбеков, Казат аке Акматов сыяктуу нукуралар гана бирин-экиндеп өз алдынча кетип, чыгармаларын өздөрү жазып, өздөрү чыгарып, ал эми ыраматылык Жапар аке Кенчиев, Эрнис аке Турсунов сыяктуу атка жеңил, тайга чак жазуучуларыбыз жаңыбайлардын капчыктарын аңтара чаап, кыргыз журтун өрөөн-өрөөндөтө жыл санап түгөнгүс баатырларга бөлөп жатышты.

Бирок мурда-кийин мындай алааматты көрбөгөн “асыл тукум” бакма жазуучулардын басымдуу бөлүгү базар дүйнөсүндө бозоруп отуруп беришти.

Буларга салыштырмалуу мурда Жазуучулар Союзунан өздөрүнүн эмгектери ат чабым алыс кармалган Чолпонбек Абыкеевдин базар чарбасына бап келген “Бриллиант жылан” баштаган шумдуктуу чыгармалары байма-бай басылып, ыраматылык Бекмырза Рахман уулунун “Министрдин кызынын махабаты” нукура элдик тасманын жаралышына негиз болуп, Саадатбек Мырзакуловдун “Кара чүмбөтү”, Капарбек Сөлпиевдин жан кейитип-кубанткан прозасы, ыраматылык Мелис Макенбаевдин түрмө жашоону сүрөттөгөн боздомолору асти кыргыз окурманын зериктирбей, ал эми Назгүл Калмамбетованын “Өгөй кыз” деген сериал чыгармасы китеп базарын чаң ызгытып кетти.

Бара-бара заман талабына жараша китеп-гезит базары калыптанып чыкты. Анын жаралышына өкмөт аке, же болбосо Жазуучулар Союзу кенедей да салым кошкон жери жок. Базар мамиле жаратты мындай “мекемени”. Мынакей, ондон ашык жылдан бери жанаша иштеп жүрүшүп, биердегилер атүгүл өз ара шерине түзүп алышкан, кып эле кыргызча. Жаманбы-жакшыбы, кыргыз жазуучуларынын жаңы катмарынын, кыргыз тилдүү китептерди басып чыгаруучу мен сыяктуу жаңы басмачылардын калыптанышына так ушул базардын салымы зор. Так ушул базар бүгүнкү күндө кыргыз басмасөзүн, кыргыз китептерин түгөл Кыргызстанга жайылтууга, а демек, кыргыз тилинин жок болбой жашап келишине тикелей салымын кошууда. Андыктан жанагы чалажан “бакма тоокторго” Терентьевдин үйүн берип алчаңдаткандан көрө, өкмөт аке так ушул китеп-гезит базарын колдон келсе кеңейтип-чоңойтуп, базардагыларга туруктуу павильондорду ачууга уруксат берип, колдоо көрсөтсө жаман болбос эле го дейм.

Бүгүнкү күндө “элибиз теле, видео, DVD дегендерге ооп, басма китептер окулбай калды” дегендей наалыма сөздөр улам көбүртүлүп айтыла баштады. Бул бир эсе чындыкка жакындашып кетет, себеби, бүгүнкү күндө Бишкек шаарында теле, видео, DVD сатуу орундары миңдеп саналса, кыргыз тилиндеги китептер бир гана дүкөндөн – “Нускадан” сатылат. Анысы да шаардык аялдамалардан алыс, тээ түпкүрдө жайгашкан. Бу жагдай кыргыз тилине жасалган карасанатайлык десек да болот. Эмне үчүн бу дүкөнгө, мисалы, шаар ортолоп орун берүүгө болбосун?!

Эми авторлордон келсек, текеберсинген жылкычыжапиевдер өз эмгектерин шедевр көрүп, өзгө жазмакерлердикин жийиркене карап мурчуйгандары кызык. Ырас, Айгүл Шаршен жараткан чыгармалар көркөм жасалгасы жагынан дүйнөлүк стандарттарга жетпеши мүмкүн, бирок окуяны чагылдыруу жагынан, адамдагы сезимдерди козгоо жагынан, адамды турмуш чындыгына тике кароого мажбурлоо жагынан Бальзактын чырмалышкан сюжеттеринен кем калышпайт. Так ушул жөпжөнөкөй сөздөрдөн, эки кемпирдин эзилген маегиндей куралган аңгеме чалыш баяндардан кээде жандүйнөң эңшерилип, алда-кайда калган күндөрүң кадимкидей көз алдыңа тартылат. Маселенин ушул жагынан алганда, бүгүнкү күндүн жогоруда мен атап өткөн авторлору алиги “асыл тукум” бакма тооктордун жаланып-жукталган, шилекейлеп түздөлгөн саптарынан түбөлүк эсе жогору тургансыйт. Анан калса менин мындай божомолумду базар баасы жана базар мамилеси кашкайта далилдейт – жылкычыжапиевдердин үч китеби өткүчө, Айгүл Шаршендин үч миң китеби сатылып жатканы бул айткандарыма айкын далил. Баса, алиги текеберлер ошол үч китебин да акелеп-жакелеп, “ар кайсыдан бирди чокуган” кадимки кезеңин кадыр-колко кылып жатып араң өткөрүшөт. Түй иттики, бу шумдуктар ошол “шедеврлерин” көрүнгөн байдын эшигин кайырчыдан бетер сагалап жатып жадатып, эптеп-септеп басмадан чыгарып алышкандарын кантесиң, капырай!

Менимче, мамлекет мындай эргулдарды каржылап колдоо жагын кан буугандай токтотууга тийиш жана баардык чыгармачыл адамдарга алардын “мүчөлүгүнө” карабай бирдей мамиле кылышы керек. Ошол эле жазуучу жылкычыжапиевдерге караганда жазгандары миң дааналап өтүп жаткан жазмакер айгүлшаршендер кыргыз тукумуна, кыргыз тилине түбөлүк эсе жогору кызмат кылып жатканын унутпашыбыз керек. Мамлекетибиз ойдүйнөсү биротоло бечелдеп, куучирен менсинүүдөн көтөрүлбөй калган өткөн кылым калдыктарына допинг берип демитпей, өз күчүнө таянган чыгармачыл инсандарга салык жеңилдиктерин байкаштырып, шарт түзүп берүү жагын ойлонуштурганы дурус. Ириде так ошол кыргыз тилиндеги чыгармалар Кыргыз мамлекетинин жерпайын түзөөрүн унутпаганыбыз жөндүр, урматтуу кыргыз жакшылары.

Биз, менимче, улуттук адабиятыбызды Жазуучулар Союзуна жана анын анабашы Омор Султановго каражат бөлүү менен эмес, кыргыз адабиятын басмадан басып чыгарууда, басылган китептерди сатып-таратууда тыкыр иштелип чыккан экономикалык жеңилдиктер аркылуу гана кескин күчөтө алабыз. А иш жүзүндө Омокенин колунан кокон тыйын келбей калды. Мисалы, даяр китептерди жалпы Кыргызстанга таратуу жагына Кыргызбасмасөз бирикмесин, Кыргызпочтасын тикелей тартуу сөзсүз түрдө өзүнүн оң натыйжасын бермек. Себеби, биерде китептин сатык баасы демейкиге караганда бир нече ондогон сомго арзаныраак болмок.

Ал эми кыргыз тилиндеги адабияттын кескин көбөйтүлүшү аркылуу, биз сөзсүз сапаттык жогорулоого да умтулмакпыз, себеби, мында алармандын тандоо эркиндиги жазуучуларды жана басмачыларды китептин тышкы көркөмдүк жана ички мазмундук сапатын жогорулатууга жана тематикалык багыттарынын кеңейтилишине мажбурламак. Бул айтканыбызга бүгүнкү күндө сатылып жаткан орус тилдүү адабияттын көп түрдүүлүгү жана көп багыттуулугу айкын күбө.

Кыргызча китептердин сандык жана сапаттык жагы канчалык өөрчүгөн сайын, алармандардын да катары жана табити ошончолук тез өнүксө керек.

Ал эми кыргыз тилдүү китеп алармандардын саны канчалык көбөйгөн сайын, биздин мамлекетибизде кыргыз тили ошончолук бекемдейт. Бу демек, кыргыз тили жакынкы кылымдарда өз ордун бекем сактап калат деген ишеним да ошончолук күчтүү болот.

Жаныбек ЖАНЫЗАК, басмачы, Семетейдин жарчысы

Сөз кудурети

Азыр чыгып жаткан майда-барат китептер нукура кыргыз тилин бурмалоодо дегенге оюңуз кандай?

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ, акын-жазуучу, журналист: “Атасы башкарма болгондун баары эле китеп жазып атат”
-Нукура кыргыз тилин бурмалоо китептерге гана эмес, азыркы чыгып жаткан обон, сүрөт, кинолорго да тиешелүү. Азыр союз учурунда атасы башкарма болгон Иттин уулу Байгаралары деле китеп жазып атат. Чөнтөгүндө бир аз акчасы ашыкча болуп калса эле китеп чыгармай модага айланып кетти. Ал эми эл ошол китепке муктажбы, аны сатып алып окуйбу, жаштарга тарбия боло турган жактары барбы (?) деген суроо менен эч кимиси баш ооруткан жок. Мурда көркөм кеңеш деген бар болчу. Жамандыр-жакшыдыр ар бир чыккан чыгарманы электен өткөрүп турчу. Анан ошол электен өтүп кеткен китепке эл ишенип окучу. Азыр болсо бирөө өзүн-өзү билип чыгарып койгон китепти эл окугусу келбейт. “Нускага” барсаң андай китептерден баш айланат. Ошолордун арасынан өтсө, айына он гана китеп өтөт экен. Так ошол мен айтып аткан көркөм кеңеш азыр керек болуп турат. Муну мен эмес, мезгил өзү айтып аткандай.

Кален СЫДЫКОВА, публицист:
“Көркөм кеңеш керек”
-Профессионалдык жактан тапталбаган, мурда-кийин китеп жазып көрбөгөн адамдар азыр китеп жазабыз деп, чынында эле кыргыз тилине бир топ залакасын тийгизип атышат. Азыркы заманда ансыз да жабыркап аткан адабий тилибизди өнүктүрүп, көтөрмөлөөнүн ордуна, аны бурмалагандар көп. Анан мамлекеттикпи, жекеби, айтор, баардык басма сөз менен алектенген ишканаларда сөзсүз көркөм кеңеш болуш керек. Ар ким өзүм билемдик менен иш кыла берген болбойт да. Бир мамлекетте жашап тургандан кийин, анын кызыкчылыгын коргошубуз зарыл.

Казат АКМАТОВ, жазуучу: “Мен азыркы чыгып аткан майда-барат китептерди окубайм”
-Азыркы чыгып аткан китептер нукура кыргыз тилин бузуп, бурмалап атат дегенге мен кошулам. Бул туура айтылган. Аларды жазып аткан авторлордун кыргыз тили боюнча терең билими, түшүнүгү жок экени дароо байкалат. Андай китептерди мен барактап гана көрөм. Кээ бирөөнүн аталышынан эле маанисиз экени билинип калат. Мен бул китептен мындай ката көрдүм деп мисал келтире албайм, анткени, мен аларды окубайм дагы. Анүстүнө аларды окуганга убакыт дагы жок.

Алтынбек ИСМАИЛОВ, жаш акын:
“Айрым кетептерди окуганда чийки ботко жегендей болом”
-Учурда чыгып жаткан көркөм адабияттардын көбү мени канааттандырбайт. Себеби, азыр кимде акча болсо, өзү каалагандай китеп жаза бермей заман болду. Ал китебин эл окуйбу, тарыхта калабы, калбайбы эч кимдин иши жок. Бул китептерди окуган чийки ботко жегендей, же күздүн күнү дырдай жылаңач болуп алып уйгакты аралай чуркаганга эле барабар. Көпчүлүк авторлор кыргыздын керемет сөздөрүн колдонбой, көчөдөгү ашмалтайы чыккан сөз уйкаштарын, же абакта отурган адамдардын киши түшүнгүс терминдерин кошуп эле жаза беришет. Муну окуганда адамдын кулагы сүйүнүп, кумары канмак турсун, тескерисинче, кыжыры келет. Анан, албетте, андай адабиятты окуган жаштар ошол жерде жазылган келегей, чукак сөздөрдү күнүмдүк жашоодо колдонуп, эне тилин бурмаламак тургай, жок кылып салганга деле даяр болуп атышат.

Бегимай БАКАШЕВА, «Учур», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.