Бишкекте китеп базарынын орду табылды окшойт

Акыркы кезде китепке кызыгуу күчөп баратканы кубандырбай койбойт. Китеп окуу боюнча жаш балдар ар түрдүү акцияларды уюштура калып жатышат. Жаңы китеп дүкөндөрү да ачылып жатат. Кыргыз адабиятына кызыгуу өскөнүнүн дагы бир белгиси – Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылары” бир нече жолу кайрадан басылып чыкканы, Зайырбек Ажыматовдун жакында эле 1000 нуска менен чыккан китеби да заматта сатылып бүтүп, кайрадан басылып жатканы.

Ошол эле кезде бизде китеп сатылган дүкөндөрдүн саны али да аз. Бул маселенин курчтугун кандайдыр бир деңгээлде ар кайсы жерде уюштурула калып жаткан жайма китеп базарлар азайтып жаткан эле. Бирок жакында эле Бишкекте болгон окуя, мындай “жапайы” китеп базарларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү терс мамиледе экени бакйкалды. Аны түшүнсө болот. Сатуучулар китептерин адам баскан жерлерге жайгаштыра калып, ары-бери баскандарга жолтоо болушат.

Ушундайда Олжобай Шакир менен Садык Шер-Нияздын көтөргөн демилгелери колдоого татый турган нерсе. Олжобай өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында мындай деп жазып жатат:

«Эми Сакем экөөбүз бирдин ичинен чыгалы дедик! “Иштин башы ишемди” деп, ишембиден баштайбыз жаңы долбоорубузду! Ишемби, жекшемби күндөрү борбор калаабыздын “Манас” кинотеатрынын алдында эртеден-кечке китеп жарманкесин уюштурууну кеңештик. “РухЭш” сайты менен “Айтыш” фонду иш баштап беребиз авторлорго. Эми айланайын акын-жазуучулар, урматтуу окурман журту! Ар бир ишемби, жекшемби күндөрү “Манас” кинотеатрынын алдына келе бергиле! Бириң китеп сатып ал, бириң кол тамга коюп берип, айтор китеп сатуудан уялбай, ордуңардан копшолгула эй))))».

Буга кызыккандар, китептери менен бул жерге чыккысы келгендер «РухЭштин» адабий агенттигине чалгыла дейт Олжобай. Телефондору: 0700532585.

Китеп сатууну уюштуруп беребиз, билбегендерге үйрөтөбүз дейт.

Бирок кыш келатат. Суук мезгилде бул жөрөлгө кандай болот экен? Анан да азыр биз маданияты өнүккөн өлкөлөрдөй, авторлордун окурмандары менен жолугуп китеп сатуу жолуна өтсөк жакшы болот эле. Бирок мындай нерсенин эл кайнаган жерде эмес, шашпай, тынч жерде отуруп, баарлашууга мүмкүн болгон жерде уюштурулушу туура болчудай. Бара-бара бул да чечилип калаттыр. Адабият, маданият күжүрмөнү Олжобай болбосо да башкасы бул ишти колго алаар. Эн жакшы болот эле.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.