Аманбек ЖАПАРОВ, кино режиссер, журналист: “Сүйүү, ачкөздүк, дүнүйөкорлук кимди гана азгырбайт”

“Азаттык” үналгысынын угармандарына Аманбек Делдеңбай деген ысым менен таанылган Аманбек Жапаров чыгармачыл адам. Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” чыгармасын эстрада жанрында сахналаштырып аткан убагы. Ушул туурасында режиссердун өзүнүн кебине көңүл бурсак.

– Аманбек мырза, “Аста секин колукту” спектаклин кайрадан сахналаштырып атыптырсыз, ушул тууралуу, дегеле театрдагы ишиңиз туурасында айтып берсеңиз…
– Бул “Аста секин колукту” чыгармасын он жыл мурда Насыр Давлесовдун 70 жылдыгына карата өзүмдүн демилгем менен койгомун. Анда музыкалык комедия болчу. Мен эстрадалаштырып койсомбу десем Нарын театрында иштеп турганда көркөм кеңеш колдобой койгон. Кийин бул жакка келип Чүй театрында ишке ашыргам. Район борборлорунда, Бишкекте 5-6 жолу коюлду. Ошо менен өчүп калган. Ошондо эл артистти Асыл Набиева, актерлор Мурат Кадыралиев, Назгүл Белекова, Кыял Кулманбетовалар ойногон. Башкы ролду Курал Жандаров окууну жаңыдан бүткөн жигит аткарган. Сапарбайдын образын жаратып, ошонун негизинде кийин “Аза универсал” деген топту түзүштү. Муну айтып атканымдын себеби Насыр Давлесовдун “Аста секин колукту” чыгармасы нукура кыргыз улуттук салттык музыкасынын үлгүсүндө жазылган классикалык чыгарма. Муну оперетто болобу, эстрада жанрында болобу, фольклордо болобу каалагандай нукта колдонсо болот. Бул өчпөс чыгармалардын бири. Мында сүйүү, ачкөздүк, дүнүйөкордук, алдамчылык, келечекке болгон умтулуу, жаштарга болгон тарбиялык насааты, ошондой эле айыл турмушундагы үйбүлөлөрдүн өздөрүнө билинбеген жылуу ыйык сезимдери чагылдырылган. Азыр эстрада жылдыздары менен “Аста секин колуктуга” кайрылганыбыздын себеби 15-мартта Насыр Давлесов 80 жашка толду. Март айында өкмөттүк деңгээлде бу кишинин 80 жылдыгы белгиленмек. Ошого теңтуштарым, чыгармачыл жагынан пикирлештерим, опера-балет театрынын башкы хормейстери Карагул Тиленчиев, композитор-аранжировщик Эрик Кадырбаев демилге көтөрүп, эстрада жылдыздары менен бирге даярдайлык деген. Буюрса 1-апрелде Филармонияда бет ачаарын өткөрөбүз. Андан кийин опера-балет театрында коюлат. Спектакль азыр даярдалып калды. Зыяда – Алина Жетигенова, Сапарбай – Бакыт Мукул жана башка образдарды Жамийла Муратова, Жаныбек Алыкулов, Гүлзат Байзакова, Назира Жетигенова, Токтобек Асаналиев, Мерген Турган ойношот. Ушул тапта репетиция кызуу жүрүп атат. Образ жаратуунун үстүндө иштеп атабыз.

– Театрда образ жаратып, спектакл коюп жүрүп журналистикага кандайча аралашып калдыңыз?
– Көркөм өнөр институтуна элдик аспаптар бөлүмүнө тапшырып, экинчи курста режиссер бөлүмүнө которулуп кеткем. Бала кезден искусствого кызыгып, артист болгум келчү. 1983-жылы окуумду аяктап, Нарын музыкалык драма театрына жолдомо менен барып актер, режиссер катары иштедим. Ал жерде ондогон рольдорду, беш-алты спектаклдерди жараткам. Негизгиси “Эрте жаздагы турналар” спектаклинде Султанмураттын образы. Ушул роль менен Тибилисиде бүткүл Союздук фестивалда экинчиликти алганбыз. Спектаклди ыраматылык Алмаз Сарлыкбеков койгон. Композитору Эсенбек Мааданбеков, сүрөтчүсү Марат Шарапидинов эле. Анда спектакль абдан чоң деңгээлде мактоого татыктуу болгон. Биринчиликти Чынгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” спектакли менен Якут театры алган. Бу спектаклди Москвада ойнодук. Кийин бир топ спектаклдерди коюп, жакшы ийгиликтерге жетиштик. 1989-жылы Ленинграддагы эки жылдык Черкасов атындагы театр музыка жана кино институтунда стажировкада болгом. Аны бүткөн соң Нарын театрында башкы режиссер болуп дайындалдым. 1995-жылы ден соолугума жана турмуш шартка байланыштуу Бишкекке келип, Бакыт Карагулов менен 1996-жылы “Синема” деген жеке киностудия ачып, ал жерден режиссер катары иштедим. Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” тасмасында режиссер катары эмгектенгем. Документалдык фильмдерди тарттык. Эмнеге журналистикага ооп кеткенимдин себеби, бу да кызыктуу окуя. Бала кезимен “Азаттыкты” укчумун. Ал убакта Мюнхенде болчу. 1990-жылдары Ленинградда жүргөндө Мюнхенге кыргыз журналисттери керек экен деп угуп калдым. Ошол убактагы жетекчиси Аким Өзгөнгө кат жолдогом. Ошол кат адреси туура эмес болуп калып, эки айдан кийин кайра өзүмө келген. Ошол боюнча бул жакка келдим. 1996-жылдары бул жакта кыргыз бюросу ачылыптыр. 1998-жылы Тынчтык Чоротегин “маданий жаңылыктардан берип турбайсыңбы” деп сунуштаганынан макул болуп иштешип калдым. Кино, театр жалпы маданият көйгөйлөрүн чагылдырып турдум. Кийин саясат, экөномика ж. б. темаларды өздөштүрүп кеттим. Журналистиканы тез өздөштүргөнүмдүн себеби Ленинградда жүргөндө мамлекеттик университетинде окуган кыргыз балдарга кошулуп алардын лекцияларына катышчумун. Анан алар менен бирге телевидениенин студиясына барып, алардын эмне иштеп, эмне кыларын көрчүмүн. Ошондуктан журналистиканы өздөштүрүүгө ушул түрткү болду. Экинчиден беш-алты пьесаларды жазгам. Жазма жагынан да жеңил болду.

– Журналистикага аралашып кетип жазбай калган жоксузбу?
– Жазмамды калтырган жокмун. Азыр “Ажар” повести боюнча бир кино сценарийим даяр. “Акыркы сапар” деген ичкиликтин жаман таасирлерин чагылдырган кино сценарий жазылды. Ошондой эле “Айлакер айымдар” деп азыркы доордогу акча табууну көздөгөн айымдардын психологиясын ачкан пьеса жазып бүттүм.

– Ушул сценарийлерди тасма кылып тартууга мүмкүнчүлүк барбы?
– Мындан он жыл мурда “Аста секин колуктуну” койгондо өзүм демөөрчү издеп көрбөгөн кордукту көргөм. Азыр акчасы жок айтайын деген оюңду искусстводо чагылдыруу өтө кыйын. Кийин “Ажар” кино сценарийи боюнча кино тартам деп барбаган жерим, кирбеген тешигим калган эмес. Искусствого биздин байлардын кайдыгерлиги жеке менин кызыкчылыгым эмес чыгарма аркылуу элдин психологиясын тарбиялоону түшүнүшпөйбү билбейм. Абдан көп тоскоолдуктарга туш болдум. “Азаттыкта” айта турган оюңду эч ким басмырлабайт. Турмушта болуп аткан маселелерди калыс, так чагылдырсаң, сени эч ким түрткүлөбөйт. Эркиндиги мага абдан жакты. Чыгармачылык жакты калтырган жокмун. Көркөм өнөр институтунда сабак берип, режиссер, актерлорду тарбияладым. Алар азыр аты чыгып, элге таланттарын тартуулап келишет. Айта кетсем режиссер Камат Касенов, Назгүл Бейшебаева, актрисалар Айжан Акылбекова, Мээрим Касаболотова, Альбина Имашева ж. б. Мугалимдик кесипти да Ленинградда стажировкада жүргөндө үйрөнгөм.

Бурул МУСАБЕКОВА, «Айат», 26.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.