Элесиң эстен кетпейт

“Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дегендей, 1985-90-жылдардын аралыгында, Кыргызстандын музыка жаатында саналуу гана жылдыздар боло турган.Мына ошол саналуулардын арасында, терең маанилүү ырлары, обондорунун уккулуктуулугу менен өзгөлөрдөн айрымаланган ырчы, обончу Чубак Сатаев да бар эле. Ажалга айла жок экен, ырчыны арабыздан эрте сууруп кетти. Бирок, анын өлбөс өчпөс чыгармалары өнөрүн улантуучулар тарабынан,кайрадан жаңыланып, эл арасында жашап келет. Бүгүн ошол кыргыздын улуу инсанын эскердик.

Табият ТАРТУУЛАГАН талант
Чубак Сатаев 1960-жылы 13-январда Талас облусунун Бакай Ата районуна караштуу Боо -Терек айылында туулган. “Болоор бала жашынан” дегендей, ата энеге баласынын зээндүү экендиги кичинесинде эле байкалган. Кошунасы музыкага жакын адам болгондуктан аккордеону бар эле. Ага кызыккан кичинекей Чубак эртеден кечке анын үйүндө отунун жарып, суусун ташып жүрө берчү экен. “Качан гана жумуштарын бүткөндөн кийин, аккардеонду тартымыш болуп, кыйчылдатып отурчу”-дейт апасы эскерүүсүндө. Баланын кызыкканынан улам кошунасы аккордеон тартканды үйрөтөт. Андан соң атасынан суранып жүрүп, Бакай-Ата базарынан аккордеон саттырып алат.Ошондон тартып бул буюмдар Чубактын жакын досуна айланган. Күндүзү бошой калганда, кечкисин түн жарымына чейин уктабай алпурушуп өзү менен өзү убара болчу экен. “Үйдөгүлөрдүн уйкусун бузбайын” деген ойдо муздак бөлмөгө же короого чыгып алып тарткан. Албетте, анын аракети текке кеткен эмес. Кийинчерээк аккордеондун коштоосунда ырдаганды үйрөнгөн. А түгүл көңүлүнө куюлушкан кайрыктар келип, “Карындаш” аттуу алгачкы ырын жараткан. Ошол кезде кыяк тарткандар айылда сейрек кездешкендиктен Чубакты мектептеги кароо-сынактан баштап, айылдагы той-тамаша, чабандардын “слётуна” чейин чакырып ырдатышкан.

Ырчынын эң жакын досу, сахналашы Каныбек Мамбетов: “Элим деп күйгөн жигиттердин бири эле…”
“Чубак Сатаевдин чыгармалары хитке айланып, жылдызы жанып турган кезде деле жөнөкөйлүгүнөн жазган эмес” дейт, ошол чынбы?

Катар-катары менен жазган ырларынын бири да супсак болбой баары элге жагып, хитке айланып турган кезде Чубак экөөбүз Улуттук филармонияда жыйырма жети күн концерт бердик. Бир айга үч эле күн жеткен жок. Ар бир күнүбүз аншлаг менен өтүп жатты. Азыркы ырчылар көп дегенде эле үч күн беришет. Анан ошол концерттен кийин эле өздөрүн жылдыз сезип, айрымдары саламдашпай калышат экен. Муну менен айтайын дегеним, ошончолук бийиктикте турса да досум бир ирээт чиренип көтөрүлгөн жок. Тескерисинче, көчөдөн аракеч көрсө “бул деле адам да” деп, ага арак алып берип же акча таштап кетчү.

Ырчынын ырларынын көпчүлүгү кыргыз, өмүр темасында. Себебин билсеңиз керек…

Чубак дайыма элим деп жанып, элим деп күйгөн жигиттердин бири эле. “Патриот болчу” десем жаңылышпайм. Эгерде кыргыз киши чет элдик эмес, жакшыраак эле машина минип жүрсө “Оо кыргыз машина минип жүрөт” деп кадимкидей кубанып калчу. Эл – жер, Ата-Мекен тууралуу ырларды көп жазганынын себеби да патриоттук сезиминин күчтүүлүгүнөн болсо керек. Мисалы:
Эне тилсиз эл болбойт,
Эл сүйбөгөн жер болбойт.
Эне тилин сыйлаган,
Эч нерседен кем болбойт.
Эне тилин билбеген,
Эч нерсеге тең болбойт -деген саптары эле кандай маанилүү да, кандай таасирлүү.

“Келинчегин теңине алчу эмес”-дешет го…

Экөөбүз таанышканда биринчи аялы Айша менен ажырашып, Кенже менен жашап жаткан экен. Ошондуктан мен Чубактын экинчи үй-бүлөлүк турмушун жакшы билем. Бир жылдары чогуу да жашап калдык. Экөө ынтымактуу болчу. Кенжени сыйлачу, ал эмес коркчу. Ушундан улам бир окуя эсиме түшүп жатат. Кээде Чукем үйдө болуп калганда жеңе эч жакка чыгарбай коёт да. Билинбей “жылт” коюш үчүн туфлисин койнуна катып, үйгө кийген тапичкесин кийип алып, ары – бери сейилдемиш болуп эшик алдында басып жүрүп, тээ көчөнүн аягына барганда туфлисин кийип, тапичкесин бир коңулга катып коюп жок болуп кетет. “Тапичкечен кайда бармак эле” деген жеңеден мына ушинтип качып кетчү экен.

Дагы бир күлкүлүү жоругу бир таанышы айыл -чарба институтунун жатаканасынын коменданты болуп иштеп калат. Ал жерден анда-санда достору менен эс алганга Чубак үчүн бөлмө алып берип коёт. Анан бир жолу Чубак жатаканага үч күн түнөп калат. Телефон шыңгыраса эле чуркап барып “Комендант слушает”-деп ала коёт. “Ай Чуке, койсоңчу, аялың издеп чалып калса кармалып калба”-деп эскертсе, “Бул жакты кайдан билмек эле”-деп камырабайт. Аңгыча эле телефон дагы шыңгырап калат. Адатынча “Алло, комендант слушает”-десе аялы экен, үнүн таанып калып “Кайда жүрөсүң, ким менен жүрөсүң?!” деп эле кыйкырып кирет. Анда шашып кеткен Чукем эмне кыларын билбей “Девушка, вы не туда попали” деп трубканы коюп коюптур.

Эгерде келинчегин сыйлабаса, кыйкырып, же башкача кылса болмок да. А Чубак болсо үйүнө барганда чындыгын айтып койчу экен. Мен билем, досум Кенжени аябай сүйчү. Бирок экөө балалуу болушкан эмес.

Балдары жана бактысы
Чубак Сатаевдин биринчи никеси Айшадан Кубаныч, Бакыт, Таалай аттуу үч уулдуу болгон. Ортончусу Бакыт жети жашында каза болуп калган. Чубак ошондон кийин өзүн бир аз таштап койгон. Улуусу Кубаныч азыр атасынын жолун жолдоп ырдап жүргөнү баарыбызга белгилүү. Ал эми кичүүсү Таалай азыр Таласта апасынын колунда. Атасынын көзү өтсө да өгөйлөбөй, өмүрүнүн акырында чогуу түтүн булаткан атасынын жубайы менен балдары байланышып турушат. Ырчынын атасы мындан үч-төрт жыл мурда каза болуп калган. Апасынын көзү тирүү. Бир туугандары, достору, жакындары кудайга шүгүр, Чубактын атын өчүрбөгөнгө аракет кылып келишет. Мисалы, Күмүштак айылынын маданият үйү Чубактын атынан коюлган. Ал эми мурунку борбордук көчөлөрдүн бири Шевченкого азыр ырчынын аты ыйгарылган. Бирок, өкүнүчтүүсү Чубак Сатаев атындагы фонд ачылып, көп өтпөй дайыны жок жоголду. Албетте, бул болсо уюштуруучулардын жөндөп кете албагандыгынын себеби болду.

Уулу Кубаныч Сатаев:
“Атам жөнөкөй адам эле”
– Атаңыз кандай киши эле?

Атам аябай карапайым, жөнөкөй адам эле. Бизге мээримдүү болчу. Сахналаш достору үйгө келгенде эркелетип, мактап, алардын көзүнчө ырдатып калаар эле. Убагында талантын сыйлаган күйөрмандары ушунчалык көп болгондуктан азыркыга чейин менден атамдын ырларын суранып ырдатышат. Ошону менен бирге эле “адамдык сапаты жогору болчу” деп айтышат. Демек, атам жакшы адамдардын гана катарын толуктап келген.

Отуз үч ыр, отуз үч жаш
Отуз үч ыр, отуз үч жаш,
Нооруз менен жаз башталат.
Ак сүйүүгө сөз ташталат,
Куттуу болсун махабатым.
Аман болсун алтын башың,
Нооруз майрам кыргыз майрам.
Бабалардан мурас калган,
Ак калпактуу кыргыз майрам,
Нооруз майрам бул майрам -деп жылына улуу Ноорузда ырдала тургандай каалоо ырын жаратып кеткен Чубак Сатаев өмүрүнүн акырына чейин эл алдына чыккан да, чыкпаган да ырларын кошкондо отуз үч ыр жаратыптыр. Кызыгы, отуз үч жашында мекени Таласка гастролго барып, күтүлбөгөн жерден аялын жесир, балдарын жетим кылып кете берген. Эл ичинде “киши колдуу болду, арактан өлдү”-деген имиштер болгон. Бирок, врачтар “инсульт” деген диагноз коюшту. “Өз ажалы менен эле каза болду. Эч кимдин күнөөсү жок”-деп туугандары, достору аныктама беришет. Эмне деген күндө дагы аз, бирок саз жашаган ырчынын өмүрү түбөлүккө өчпөс из калтырып кетти. Азыр анын күмбөзү Бакай-Ата районунун Күмүштак айылындагы көрүстөндө жайгашкан. Сахналаш достору Рахман Разыков, Күмөндөр Абылов, Мамытбек, Болот (Жими), ж.б. достору бат-баттан куран окутуп барып турушат. Ошондой эле эстелигин тургузууга да салымдары чоң болгон.

Эмне дейбиз, арабызда жок болсо дагы анын өлбөс чыгармалары биз менен жашай берет.

* * *

Эски ырларды эңсейбиз!
“Атам менен энеме”

Ыры, бийи өчпөгөн улуттун учугу узун болот дешкендей, кыргыз эли эл болуп жаралганы ыр менен жашап келет. Ал ырларда жакшынакай ой-кыялдар, үлбүрөгөн үмүт, апакай сүйүү камтылып, мукам обон коштолуп ырдалат. Жазмабыздын жоктугунан ырды жаратуучулардын ким экени белгисиз болуп, жыл тогошуп, кылым алмашканына карабай элдик ыр катары али күнчө ырдалып жүргөндөрү канча! Жакшы ыр жанга жагып, жарпыңды жазат, жакшылыкка үндөйт. Жаркын элеси менен элдин эсинде калган Жолдубай Кайыповдун бул ырын улам бир жаңы муун жаңыртып ырдап, эл алдына алып чыгууда. Ырдын тартылыш тарыхына түздөн-түз тиешеси бар Бейшенбек Мамбетакунов агайга кайрылып, төмөнкүчө жооп алдык.

– 1983-жылы Жолдубай Кайыпов өзү демилге көтөрүп “Атам менен энеме” деген ырына фильм-концерт тартып берүүмдү суранып, сунуш киргизип калды. “Кайсыл жерден тартуу керек?”-деп ботаникалык бакчанын деректирине кайрылдык. Жокем өзү адам менен сүйлөшө билген, жаркын маанай, жароокер жан эмес беле, сүйлөшө келгенде эле деректири макулдугун берди. Ал эле эмес “кабинетиңиздин балконунан да тартсак жакшы болмок” десем, баш тарткан жок. Ырдагы ата-энеңизге болгон сагыныч, кусаңызды жакшы чагылдырып бериш үчүн абышка-кемпир тартылса ырды ачмак дедим. Бакчага жакын жерде жашашкан жеңебиздин туугандарын алып келип, сакал-мурут тагып, гримдедик. Образга кирип алар да жакшы ойноп беришкен. Сүрөтчү балдар болсо Чуйков сүрөт окуу жайынын балдары. Ошол учурдун техникалык каражатынын мүмкүнчүлүгүнө жараша “Атам менен энеме” теле-концерт ушундай тартылган.

Чырмаш Төрөбеков, ырчы:
Жолдубай агайдын аткаруусундагы аталган ыр маани-мазмуну жагынан өзүмө аябай жакчу. Менин үнүмө жарашыктуу, диопозону да туура келгендиктен жаңыртып ырдап чыгууну чечкем. Жаңыча аранжировка жасалып, өз ата-энемдин катышуусундагы клип Оштон тартылган. Көпчүлүктөн “Кайра алып чыкканың жакшы болду”-деген жакшы ой-пикирлерди угуп келем.

«Обон», 24.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.