Акын Манас Осмон уулу: “Жакшы ыр-бул көз жаш, муң, махабат”

Коомдо болуп жаткан көйгөйлөр көкүрөгүндө угуту бар жаштарды акындыктын түйшүгүнөн алаксытып жаткандыр. Антсе да арабыздан таза поэзияны туу туткан жаш акындар өсүп келет. Алардын бири философиялык тереңдикти, сүйүүнүн ыйыктыгын, Исламдын бийиктигин саптарына чебер сыпаттаган акын Манас Осмон уулун маекке тарттык.

– Манас мырза, коом саясатташып, ыр дүйнөсү жаңы табылгалары менен чыга албай жатат. Демек, мындан жакшы акындардын өспөй жатканын түшүнсөк болот да. Негизи эле көңүл ыргагын күүлөгөн ырлардын жаралбай жатышына кимдер күнөөлүү?

Инсан түбөлүктүүлүктөн корккондо, же акыйкатты издөөдөн тажаганда саясат менен алектене баштайт. Анткени, түбөлүктүүлүккө караганда саясат бир топ оңой иш. Чыныгы саясатчылардын жолу башка. Алар акынды окуп, сүрөтчүгө таңданып, архитекторго суктана алышат. Анан да жүргүзгөн саясатын түбөлүктүүлүккө бир аз болсо да жакындатат. Алар нарк-насил, каада-салтта өздөрүн айдыңдатып, эл-журтунун тарыхы менен тереңден таанышып алган. Учурда саясатчы сөрөйлөрдүн тобу коомдо басымдуулук кылат. Алар төрт сап ырдын ичиндеги акыйкатты сезе алышпайт. Ошондуктан ырдын да, акындын да аларга кадыры жок. Эми сиз күнөөлүүнү издеп жатпайсызбы. Жакшы ырдын, чыгарманын жаралбай жатышына ушул эле коомчулуктун, анын ичинде калемгерлердин күнөөсү бар. Жөнөкөй эле нерсе калемгерлер руху ач, жарды көкүрөк менен шедевр жарата албайт. Ошондуктан бүгүн курсак көйгөйүн даңктаган ырлар менен гана чектелип калдык. Ал эми жарык көргөн жыйнактардын сексен пайызы аким-өкүмдүн кошоматына ылайыкташып, кайсы бир колот баатырын даңазалоо аркылуу чыгып жатат.

– Улуу муунду эске албаганда, орто муундан бир топ жакшы акындар бар эмеспи. Алардын чыгармалары “жакшынын” катарына кирбейби?

Орто муун акындары акыркы беш жылдын аралыгында эмне бере алышты? Эч нерсе. Талаш жок, баары тең кыйын. Баарынын аз сандагы жакшы ырлары бар. Бирок, үн салган чыгармалары элдин эсинде жок болуп жатпайбы. Азыр окурмандардан сурасаңар дагы эле Чыңгыз Айтматовду, Төлөгөн Касымбековду, Омор Султановду же Жолон Мамытов менен Турар Кожомбердиевдин чыгармаларын сүйүп окугандарын айтышат. Ошентсе да, адилеттик үчүн белгилеп кетейин, К.Култегин, Ж.Исабаева, Б.Чотурова, С.Акматбекова, А.Акбаров, К.Бакиров өңдүү орто муун акындары көкүрөк каккан бир топ акындарга салыштырмалуу деңгээли бийик.

– Жалпы эле жазмакер калкына кандай баа берүүгө болот?

Саясатчыларга кандай баа берсем, акындарга деле ошондой баа берем. Калкыбыз каржалып жаткан каат заманда “өйдө-ылдый” деп сөз айткандан алысмын. Ар ким дараметине, деңгээлине жараша жашап жатат. Бир нерсени бетиме тутуп, көкүрөк каккан адатым жок. Турмуш деген күзгүдөн өзүмдү каранып жүргөндү жактырам. Ошол күзгүм күңүрттүктү көргөзбөсө болду. Ш.Дүйшеев, А. Өмүрканов, С.Акматбекова, К.Бакиров сыяктуу акындардын чыгармаларын окуйм. Мага жагат. Бирок, кыргыз жазмакерлеринин алдыңкы сабы ушулар деп айталбайм. “Сүйүнчү кыргыз эли. Мен аракты таштадым” деген акындарга салыштырмалуу булардын ырлары кыйла түзүк деп ойлойм.

– Дүйнөлүк адабияттын эшигин кагып, ичине киралбай жүрөсүзбү?

Билесизби, ачыгын айтканда бычакка сап чыгармасы жоктор деле бизде “эл акыны” же “эл жазуучусу” болуп жүрбөйбү. Дүйнөлүк адабияттын өкүлдөрүн атап айтканды, же алардан өрнөк көрсөткөндү көптү билгендиктин далили катары көрсөтүшөт. Дантес минтиптир, Шолохов же Бернард Шоу анткен экен деп калышат. Пушкин, Есенин, Александр Блок поэзиянын туу чокулары экендигинде талаш жок. Арийне, андан да бийик Жами, Фузули, Кефеви, Новои, Саади Ширази сыяктуу улуу чокулар бар эмеспи. Булардын наамы деле жок. Диван адабияты поэзия жанрынын атасы катары калыптанса да, биз негедир ушулар менен тааныша албай жүрөбүз.

– Жакшы ыр деп эмнени түшүнөсүз?

Менимче, бул көз-жаш, муң, махабат, сүйүнүч жана өлүм. Ушунун баары чечилбеген түйүн. Түйүндүн жандырмагын чечсең гана акыйкатты аңдайсың дейт Мевлана.

– Эми өзүңүздөн азыноолак сөз кылсаңыз?

Мактанайынбы?

– Мактанаар жайыңыз барбы?

Алайда туулуп өскөм. Илгеркиче айтканда, кедей-кембагалдын үй-бүлөсүндө. Станбулда жогорку билимдүү болдум. Он эки жылдан бери журналистмин. Үй-бүлөлүүмүн. Кыскача таржымалым ушул. Он үч жашымдан бери ыр жазымыш болуп келатам. 2001-жылы “Азап” аттуу чакан китепчем, 2003-жылы “Көктөнстан”, 2006-жылы “Күтүүнүн биринчи ыры” деген көлөмдүү ырлар жыйнактарым аз санда жарык көрдү. Бүт окурмандарга жеткизе алган жокмун. Тар чөйрөдө окулуп, талкууланып, сындалып, ошол бойдон калган. Мезгилдүү басма-сөздөргө жарык көрүмүш болгон. Жыйырма жылдан бери поэзия чөйрөсүндө жүрүп, жакшы деле акын эмес экендигимди сездим. Ошондуктан ыр кечемди өткөзүп, калп мактоо угуп, жасалма алкыш алгым келген жок.

– Махабат темасына кандайсыз?

Ислам сүйүүнүн дини. Алланы, пайгамбарды, жада калса бүт инсандарды сүйүшүң керек. Бизде сүйүү десе, “үйүңө бардым, терезеңден карадым” сыяктуу мистикалык ойлор эске келет. Махабат улуу тема, улуу тоо. Бул тоого ар ким эле чыгалбайт. Чыгалса, чыдап туралбайт.

– Эмне үчүн ырларыңыз көбүнчө өлүмгө байланышкан?

Өлүм-акыйкаттын акыркы аялдамасы. Ушул аялдамага жеткичекти кайгырабыз, өкүнөбүз, сүйүнөбүз, сүйөбүз, ырдайбыз. Ошон үчүн карып, ошон үчүн жашоодо күрөшөбүз. Өлүм пендеге үч эле суроо менен кайрылат экен. “Кимсиң? Кайдан келдиң? Кайда баратасың?”-деген. Эгер жооп бералсаң, турмуштагы татыктуу адамсың. Жооп бералбасаң өз шоруң ажал.

КАРКЫРАЛАР

Садагасы, мен сүйгөн каркыралар!
Какпадыңар бакыттын коңгуроосун.
Тереземе сөйкөнгөн улуу чынар,
Шуудуратып, тымызын созот доошун.

Каркыралар, ыраңы бозгучтанып,
Көз жаштары шурудай тизмектелген.
Арам дүйнө алкымда кишенделип,
Инсандыктын маанайы киргилденген.

Каркыралар, силерге жолдор жабык,
Дөңсөөлөрдөн ышкырбайт шамал эми.
Дүйнө азыр будуң-чаң, боз-булганык,
Ийилүүдө күн-сайын жердин бели.

Садагасы, мен күткөн каркыралар!
Конгулачы кырына тереземин.
Ак булуттар кайгынын ак-көбүгү,
Ак көбүктө жанчылып эзилемин.

Жаңыл Алиева, «Обон», 24.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.