Садык Шер-Нияз продюсерлик кылган төрт тасманын бет ачары өттү

Бүгүн Кыргызстан кинематографисттер союзунун Кино үйүндө “Айтыш фильм” киностудиясы Кыргызстандын белгилүү жазуучу, кино режиссерлору жана журналисттердин катышуусунда төрт жаңы кыска метраждуу тасмалардын бет ачарын өткөрдү. Алар – “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү, кино режиссер жана продюсер Садык Шер-Нияздын “Аян” жана “Форс-мажор”, ошондой эле Россиянын Эмгек сиңирген артисткасы Марина Ильинанын “Струна”, жаш режиссерлор Юрий Чирковский менен Владимир Шахкельдян-Захаряндын “Карусель” фильмдери болду.

Аталган фильмдердин бардыгына Садык Шер-Нияз продюсерлик кылган. Мында “Струна” жана “Карусель” тасмалары Москвада тартылып, алар келечекте эл аралык фестивалдарда Кыргызстан менен Россиянын орток фильми катары сунушталат.

“Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мындай чыгармачылык шериктештик келечекте эки өлкөнүн продюсер, кинематографитсттеринин тыгыз кызматташуусуна жасалган алгачкы кадамдардан болмокчу”, – деп белгилешет “Айтыш фильм” киностудиясынан.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 31.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.