Бишкекте “Келечек үчүн жок болгондор” көргөзмөсү өтөт

Ушул жылдын 2-апрелинен 20-майга чейин Бишкектеги «Б’Art» искусство борборунда “Келечек үчүн жок болгондор” көргөзмөсү өтөт. Анда Кыргызстандагы турак-жай курулуш архитектурасынын көркөм сүрөттөрү коюлат. Бул туурасында Кыргызстандагы Кызатташтык боюнча Швейцария бюросунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Турсунай Чотурова маалымдайт.

Маалыматка ылайык, билими боюнча биолог, георграфия илимдеринин доктору жана өз кесиби менен бирге фотосүрөтчүлүктү алып жүргөн Даниель Маселли Борбордук Азия боюнча көп саякаттаган. Ал Кыргызстанга болгон сапарында мурда курулган үйлөрдүн терезе, эшик, чатырларын тартып алган. Д.Маселли ошондой эле Кыргызстанда курулуш тармагындагы өтө тездик менен өзгөрүүлөрдүн болуп жаткандыгына күбө болгон. Көргөзмөдө чет элдик меймандын көзү менен республикадагы турак-жай курулушунун архитектурасын көрүүгө болот.

Көргөзмөнүн башкы максаты советтик мезгилдеги турак-жай курулуштарын учурдагы батыштык үлгүдөгү курулуштар менен карама-каршы коюп, ошол доордун бай архитектуралык мурастарын чагылдыруу болуп саналат. Мындан улам кадимки көз көнгөн буюмдарга мамилени өзгөртүп, алардын баалуулугун көрсөтүү каралат.

М.Ибраева, «Кабар» МА, 31.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.