Ж. Жусубалиева: Жусуп Мамайдын сөзүндө улуу күч, сүйүү жана тунук магия бар

jusup_mamai_2013Кыргызстандын Улуттук китепканасында Кытайда жашаган кыргыздар жөнүндө сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө журналист Жамбы Жусубалиева Кытайдын алыскы жерлеринде жашаган кыргыздарды изилдеп жүргөндө тарткан сүрөтөрүн койду. Жамбы Жусубалиева атасы Кубат Жусубалиев менен бирге Кытайга болгон сапарындагы урунттуу учурлар жөнүндө Би-Би-Сидеги маегинде айтып берди.

Жамбы Жусубалиева: Эң эле биринчи, бул сапар илимий максатта болду. Мен Кыргызстандагы буддизм деген темада көптөгөн бери илимий изилдөө жүргүзүп жатам. Кытайда жашаган кыргыздардын арасында буддисттер бар экенин билип, алар менен кезигип сүйлөшкүм келди.

Экинчи жагы, мен үчүн дагы бир маанилүү бир тема бар. Ал кыргыздардын оозеки чыгармачылыгынын булагын изилдөө. Бул жөн эле изилдөө эмес, бүткүл дүйнөлүк философиялык акыл-ойдун контекстинде болгон изилдөө болуп эсептелет. Биздин Кытайга болгон саякатыбыз ушул эки маселенин тегерегинде жүрдү. Изилдөө ишимди кыскача мындай айтса болот: бир канаты тарых, бир канаты – философия.

Кытайлык кыргыздардын көпчүлүгү Какшаал өрөөнүндө жашайт. Кызыл-суулук кыргыздардын анча-мынча биз менен тарых жагынын болсун, адабият жагынан болсун, тиричилик жагынан болсун, катнашы бар. Илимий изилдөө жагынан дагы катнашы жакшы. Бирок, Кытайдын жери уулу, чексиз мейкиндик болот экен. Ошол үчүн Тарбагатайдагы кыргыздар, Фуюдагы, же Хейлунцзяндагы кыргыздар, жана Тибетдеги кыргыздар жөнүндө маалымат аз, илимий изилдөөлөр эми гана башталды.

Биздин Борбордук Азиядагы Америкалык Университеттин алдында Орто Азияны изилдөө боюнча жаңы институт ачылды, ал окумуштууларга грант жарыялады. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттин окутуучусу, тарыхчы Гулзада Абдалиева экөөбүз бул грантты утуп алдык. Бизге жол ачылды. Анан атам кошулду. Үчөбүз бардык.

Би-Би-Си: Кытайга барган сапарыңыздын бир өзгөчөлүгү Кубат Жусубалиев менен Жусуп Мамайдын жолугушун тасмага тартканыңыз болду. Ал жолугушу кандай өттү, Жусуп Мамай сиздерге кандай таасир калтырды?
Жамбы Жусубалиева: Жусуп Мамай атам экөөбүзгө аябай жакты. Кишини сынап, кыйынсынып карабайт экен. Жер карап сүйлөйт экен. Токсон алтыга чыгып, карыган бүркүткө окшоп калса дагы кайраты мол, акылы тунук экен.

Ал атамдын жөнөкөй эмес суроолоруна акырын жөп-жөнөкөй сөздөр менен жооп берди, бул анын акылман адам экендигин ого бетер көрсөттү.

Айрыкча, Жусуп Мамайдын мага берген батасы мени өтө таң калдырды, акылымды оодарды. Кыргызда «суу менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» деген сөздөгү уулу чындыкты мен ушунда сездим. Манасчынын сөз менен болгон сырын-ырын сездим.

Жусуп Мамай мага берген ак батанын сөздөрүндө байыртан берки келаткан күч, сүйүү, үмүт, жана тунук таза магия бар экендигин жүрөгүм менен сездим.

Биз манасчыларды изилдейт турган эң чоң сыр ушул экен. Манасчынын сөз менен болгон мамилеси, адамдын Кудай менен болгон мамилесине окшош.

Жусуп Мамай жөнүндө айта берсе сөз көп. Бирок бир нерсе жөнүндө айтпаса болбойт. Мисалы, Үрүмчүдөн, Артыштан бир топ акындар, жазуучулар, мугалимдер Акчийге атайын биз менен кошо келишти.

Жусуп Мамай азыркы бир гана кытай кыргыздарынын арасында эмес, биздин жалпы кыргыз элибиздин рухий адабиятына, тарыхына, рух-духуна, маданиятына, жан киргизген, кан куйган, аны бириктирген, уюштурган киши экендигин биз байкап билдик.

Би-Би-Си: Бир нече жыл мурун Жусуп Мамай айткан «Манас» эпосунун версиясы Кытайдын атынан ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурас казынасына киргизилди. Кыргызстанда Кытай «Манасты» бизден тартып алды деген талкуулар ой-пикирлер болуп жатпайбы. Ошол маселеге сиздин ой пикириңиз кандай?
Жамбы Жусубалиева: Бул маселеге келгенде Кыргызстанда ал тизмеге кириш үчүн эмне керек экени унутулуп калат Ага татыктуу болуш үчүн өлкөдөн каржылоо болуш керек.

Кыргыздарда “улуу болсон, кичик бол” деген макал бар. Уулу элдин кичүү элге болгон саясаты ушундай “кичик” болсо керек.

Какшаалда болобу, Тарбагатайда же Фуюда болобу, биз уулу Кытайдын майда элдерге болгон саясаты ушундай экендигин көрдүк .

Мисалы, биз көргөн фактыларды айта кетейин. Акчийдеги Жусуп Мамайга арналган музей-көргөзмө, Манас-эпосуна арналган фестиваль ар жылы ар кандай жерлерде өтөт. Бул жолу алыскы Памирдеги Муздак-Атадагы Актоодо өттү. Булуң-Көл кыштагында Манас баатырга эстелик өкмөт тарабынан атайын салынган. Тарбагатайдагы малчыларга салынган үйлөр, жолдор, малканалар, айрыкча алыскы Фуюдагы үч-төрт гектар жерге курулган атайын Манас эпосуна, уулу манасчыларга арналган этнографиялык, адабий, тарых музейи – булардын баары Кытай мамлекетинин сөз менен эмес, иш менен кылган саясатына күбө болот экен.

Биздин жүрөгүбүзгө Кытай өкмөтүнүн бүркүтчүлөргө, комузчуларга кылган камкордугу абдан жакты. Аларга кошумча ай сайын акча берип турат экен.

Би-Би-Си: Сиз айтып өткөндөй Кытайда жашаган кыргыздардын арасында буддизм динине ишенгендер дагы бар экен. Алардын жашоо-турмушу кандай экен?
Жамбы Жусубалиева: Буддизм акыкайтка эң жакын диндин бири болуп эсептелет. Экинчиден, биздин Кыргызстандын археология боюнча изилдөөлөрүндө, ташка жазылган жазууларда жана элдик эмдөө салттарында буддизмдин таасирлери көп, издери көп.

Тарбагатайдагы кыргыздардын 80 пайызы Будда дининде жашашат. Биз ошолордун Ламасы (молдосу) менен жолуктук. Өзү сарыбагыш уруусунан, кыргызча аты Жаркын экен, Буддача аты – Сультим Жамцо, өзү 20 жашта экен, тартайган, узун бойлуу, сонун жигит экен. Биз барсак телевизор көрүп отуруптур… Өзү Кытайдын Ламаларынын бир монастырында беш жылдык окууну бүтүрүп келиптир.

Адам өлгөндө, ооруганда биздин кыргыздар молдолорду чакыргандай, алар Ламаны чакырат экен. Балдарды, чоңдорду дарылайт экен. Бизге абдан жакканы – Жаркын өзүнүн ламачылыгын абдан жакшы көрөт экен, чын жүрөктөн берилип иштейт экен. Мисалы, биз беш айлык баланы кантип эмдегенин көрүп турдук.

Би-Би-Си: Ушул сапарды аяктаган кийин Кытайда жашаган кыргыздар жөнүндө кандай жыйынтык кыла аласыз?
Жамбы Жусубалиева: Эң акырында Пекиндеги профессор Ху Чжен Хуанын бир сөзү эске келет. “Кыргыздардын бир сонун сапаты мага абдан жагат, башка элде, башка жерде жашап жүрүп, бир-эки кылым өтүп кетсе дагы, өзү кытайча сүйлөсө дагы өзүн мен кыргызмын деп, кыргыз экендигин унутпаган сапаты мага абдан жагат”,- деп айткан эле ал. Сексен жаштагы кытайлык профессордун бул сөзү чындык экендигин, биз бул сапарда өз көзүбүз менен көрдүк, өз кулагыбыз менен уктук.

Маекти уюштурган эркин журналист Наргиза Рыскулова,
“ВВС” Кыргыз кызматы,
25.02.2013-ж..

Соц тармактар:

One thought on “Ж. Жусубалиева: Жусуп Мамайдын сөзүндө улуу күч, сүйүү жана тунук магия бар

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.