Рухий коңгуроо

Эки жылдан бери алатоо аймагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы, коомдук ишмерлиги, сүрөткерлиги жана даанышмандыгы мурдагыдан да өзгөгө оболоп айтылып, эскерилип, даңазалана баштаганына биз күбө болуп, курсантпыз. Азыр да Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылык магиясы, рухий дүйнөсү, кадыр-баркы мага али да айкын ачыла элек сакралдуу сыр сыяктанып кетет. Улутун, анын тарыхын, рухий дүйнөсүн ардактаган инсан залкар жазуучунун өмүрүнө, чыгармаларына кайра-кайра кайрылып окуп, ой жүргүзөт деп ишенемин.

Жакында жазуучу Чыңгыз Айтматов менен жапондун коомдук ишмери, философу Дайсаку Икэданын “Духтун улуулугуна таазим” деген маек китебин окуп чыктым. Эскере кетер өкүнүч… “Ода…” китеби эмгиче кыргызча которулуп басмадан жарык көрө электенби, айтор улуттук басма сөздө маек жөнүндө атайын кеңири пикирлер айтылбагандай байкалат.

Тарыхты барактасак, философиялык адабиятка маек куруу тээ илгерки замандан бери келе жаткан адамзаттын көзүн ачкан сабак катары бааланган өзгөчө жанр. Будда пайгамбардын да өзүнүн шакирттерине калтырган маеги -масилети бизге жетти. Биздин доорго чейинки көөнө Грецияда маекти Сократтын шакирттери өнүктүргөн. Адам жашоосундагы эбактан берки ар түрдүү көрүнүш, түйшүктөр боюнча сөзгө жүйрүк Ксенофонт, Платон, Цицерон ж.б.лар өздөрүнүн философиялык насыйкат маектерин калтырышкан. Байтак убактардан бери XVIII кылымга чейин диний, жашоо, поэзия, искусство, этика, чечендик, тарбия, саякат жөнүндө насыят маекти курган, талкуу жүргүзгөн топтор, ойчулдар, философдор көп болгон. Жапон философу Д. Икэда XX кылымда философиялык маекти кайрадан улантууга аракет жасады десек аша чапкандык болбос.

Эки ойчул – Ч.Айтматов – Д.Икэда, ар кайсы өлкөдө жашаса да аларды делөөрүтүп жакындаткан улуу сөз кудурети, ой керемети болду. “Сөздү бирөөлөр менен бөлүшпөсөң мерт табат” деп бекеринен айтпаган чыгар.

Арийне, турмушта мындайлар да болот: адамдар көбүнчө жөн эле кабар угушка же кур кыялкечтер эрмек үчүн убактысын коротуп, обур-кобур бабырашканды өнөкөт кылып өткөрүшөт. Сөздү тили чыккан баладан баштап, улуу пайгамбарларга чейин сүйлөөрү белгилүү. Ал эми асыл сөздү пир туткандар, аны кандайча пайдаланып, мобереги тирүүлүккө кандай эстелик, мурас курганы ошол эле сөз менен бааланат эмеспи. Жеке адам болобу, коом болобу ыйык сөзгө непадан кайдыгерлик кылса, алардын руху жарды болору, жашоосунан жабыр тартары, өнүгүп-өспөөсү белгилүү.

Жашы тең курбулар Ч.Айтматов менен Д.Икэданын сөздөрү XX кылымда өтө кызык, кундуу, кудурети күчтүү, бийик ойлор. Алардын айткан жана козгогон ойлору-дүйнөлүк проблемалар, адамзаттын рухий дүйнөсү, анын азыркы замандагы кейиштүү абалы жана келечеги жөнүндө нускоолору ушул күндө да алда немедей маанилүү сөөмөт болуп туру. Байыркы классикалык Грек философдорунун маегин кайрадан жандандырган китептен XX кылымда жаңы ойдун, накылдын хору угулуп, симфониясы ойнолуп тургандай кубат, сүрү сезилет.

Ч.Айтматов өзү тил боюнча илимий жайкар болбосо да, “тил-жан чымчыгы” деген бабалардын накылына таянып, эзелтен адамдын ыйык бапестеген энчиси, асыраган байлыгы, мурасы сөз экенин сезип-туйган залкар жазуучу. Анын чыгармачылыгына абай салсак, жашыраак чагында басма сөзгө удама-удаа аянбай эле маек куруп жүрдү. Кийинчерээк жашамал тартканда көркөм чыгарма жазууда убактысы чамалуу болдубу, айтор маекти азайткан эле.

Өмүрүндө сөз менен жашаган, адамдарга накыл айтып, жол көрсөткөн бул эки акылман, бизге чейинки даанышмандардын акыл казынасынан көрөсөн ой курак согуп, азыркыларга, келечектегилерге тартуулап, сөздүн, ойдун кудурет-кусуру жөнүндө маегинде нечен ирет кайталап кеп кылышат. Неси болсо да залкарлардын сөздөрү жүрөктөн сызылып чыккан, акылга уюган, бир эле кыргыз-жапон түйшүгү, энчиси эмес, жалпы адамзатты, кайчы элге болсо да рухий жардыга жардамга келген, караңгыда ойготкон, маанилүү орток ойлор, маселелер.

Дале залкар таланттардын рухий ажарын, дүйнө таанымын, чыгармачылык психологиясын түшүнүш үчүн алардын жазган күндөлүктөрүн да, каттарын да, макалаларын да жана маектерин да кошо окуш керек белем.

Менин жеке баамымда жапан калкы өтө эле куру кобурашып-баарлашканды жактырбаганын бир саякатымда байкаган элем. Алар биз сыңары эзилип эле чорт сүйлөбөстөн баамчылдык, ызаат менен же бар, же жок дебей, “ошондой болушу ыктымал” дегендей жоромолдоп, бизче айтканда, жактырганы, же жактырбаганы билдирбей, кийинкиге үмүт таштап, сөз учугун кылтактап, жаткал койгонду жакшы көрүшкөн сыяктанган.

А Дайсаку Икэданын таржымалын серепчилесек, андай ичме тап эмес экен. Ал батыштын маданиятын көрүп, окуп тарбиясында калыптанып, калган сыяктанат. Бизге жеткен кабарга таянсак, буга дейре Д. Икэда мырза дүйнөлүк философиянын тарыхын грек, француз философиясы, айрыкча орус адабиятын философиясын астейдил окуган көй илимпоз адам экен. Айрыкча кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун өмүрүн жана чыгармачылыгын мыкты билген жана өзүнчө талдаган сергек окурмандыгы даана байкалат. Жапон ойчулу буга дейре дүйнөдөгү нечендеген философдор, коомдук ишмерлер, өлкө башчылары менен да маек курган кандим кепкор экендиги сезилип турат. Ал буга дейре Англиянын тарыхчысы, социологу А. Ж.Тоинби менен, Франциянын академиги Ренэ Юг менен, Нобель сыйлыгынын лауреаты Визель менен, орус академиги А.Логунов менен жүргүзгөн маегинде дүйнөлүк рухий проблемалар, Батыш-Чыгыш акылмандыгы, материалдык дүйнөгө адамдын кызыкчылыгы жөнүндө сөз козгоптур.

Бул маек китеби эки ойчулдун бирин-бири сыноо, же акыл жарышы, же кыйынсынган эрегишүүсү эмес. Маектешүү – жүрөктү далай жылдан бери өйүп келген эскерүүдөн, байкоодон, тажрыйбадан жана сырдашуудан жаралган. Публицистикалык-философиялык татаал сөөмөттү дилгирликте окуган адам эки ойчулдун бирин-бири түшүнгөн, сыйлашкан пикирлештер экенин, ой жүргүзүү маданиятынын молдугун, интеллектуалдуу дүйнө таанымынын бийиктигин, чыгармачылык түйшүктөрү, максаттары бирдей экендигин сезет.

Чыгармада Кудай, Будда, Христос, Мукамбет пайгамбарлар, Библия, байыркы Грек маданияты, Чыңгыз хан, С. Каралаев аңыз, Чыгыш-Батыш философиясы, азыркы диндердин шайкеш жашоосу, адамдардын ыйыкты таануусу, деле адам баласын тарбиялоодогу диндин таасири баяндалган.

Азыркы өнүккөн замандын адамы жалгыз эле ыйыктын, же устаттын осуятына, накылына ынана койбостур, айрыкча жаштарда сөзсүз ар кандай маданияттын, бир нече дин көсөмдөрүнүн накылы, таасири бар. Бүгүнкүлөр оболтон берки накыл сөздөрдүн касиетин, дааналардын пайдалуу тажрыйбасын пайдаланышат, осуятын талдап, ыбаа кылышат.

Мектепте илгертен берки эки жүздөн ашуун даанышман, акыл дөө-шааларынын ысмы кайсы бирлеринин учкул сөздөрү мисалга келтирилген. Акылы тунук эки ойчул эзелтен берки улугдардын накылынын уюткусун, кутун терип-искеп алып, азыркы доорго жараша “укканга айткан сөз” деп жамы журтка сунуш этип жатышат.

Бүгүнкү күндө адамдардын вазийпасы: рухий маданиятын өстүрүү, табият менен ылымдаш жашоо, тиричиликте ыйыкты таануу, ага табынуу жана турмушта карбаластаган адамдын жан дүйнөсүн иретке, байсалга жеткирүү эмеспи. Эки ойчул адамзаттын көөнөдөн берки өксүк жоруктарын айтып, жол таап, аны чечмелеп беришет.

Жазуучу менен ойчулдун маегин мен тирүүлөргө рухий коңгуроо деп атаар элем. XX-XXI кылымда адамзат түйшүгүн көтөргөн эки акылман чын ыкласта келме кезек менен бири-биринен сыр жашырбай, пенделердин тиешелүү оор кыйынчылыктарына, проблемаларына суроо-жооп табышкан. Алардын сөзүндө доорго жарашса табият, коом, маданият, адабият, достук, чындык, эркиндик, гуманизм, демократия, гармония, рухий ачкачылык, чыгармачылыктын түйшүгү, интеллегенция, саясат ж.б.лар жөнүндө маселелер козгошот. Бу жеке адамдык, уруу кызыкчылыгынан бүткүл адамзаттын кызыкчылыгын бийик коюп, түшүнүп, күйүп, жол көрсөтүп, ойлор,сунуштар айткан ийбарат чакырыгы.

Маектеги жүрөккө түйөр эң негизги рух темасы: баланы ириде жаштайынан тарбиялоо, адамга тиешелүү “Мен киммин? Кантип жашайм? Кайда барам?” деген кыжаалат соболдорду эрте ойлонуу, ишеним, ички дүйнөнү байытуу, муундардын арасындагы нарктуу мамиле сыяктуу маселелерге арналган. Ошондой эле мектепте өмүр, өлүм, трагедия, эгоизм, караңгылык, намыс, абийир, духтун жаңылануусу, адамзаттын келечеги, совет доорунун трагедиясын айткан. Баарлашууда күйпүл ала болгон адамзаттын азыркы абалына баа берип, кеңири ой чабытын жүргүзгөн бейпайлануу угулат. Анткени маекте эмики замандын жараны жалгыз гана кара курсактын обурун ойлонбостон, эң оболу жамы адамзаттын рухий маданиятына салым кошууга кезек жетти деп баса айтылган.

Маекте ошондой эле кыргыздар менен жапондорго тиешелүү жашоо ыңгайы, Ысык-Көл форуму, демократиялык салт, социализм кезеңи, улутчулдук фанатизм, тоталитаризм, улуттук дух, экология, рух кризиси, технологиялык өнүгүш, саясый жырткычтык ж. б. адам баласынын тиричилиги жөнүндө далил менен кантип эл кубанып да, кайгырып да жашап келээри окурманды терең ойго салат.

Эки ой сырттандары келечектеги жаңыланган муундун абалы, жаңы диндин жаралышы, табият кырсыгынан сактануу, аны менен гармонияда жашоо, пенденин менменсинүүдөн тазаланышы жөнүндө өтө кабатырланышат. Анткени, улуу адамдардын татаал тагдыры ушундай түйшүкчүл, бирин-бири туурагандай, окшошуп кетет.

Ч. Айтматов бул маегинде дүйнөдөгү улуу дөө-шаалардай жашаган, алар менен таңата, эркин сүйлөшө алган ойчулдугун, кадимден берки адамзат акылына көк жалдык менен жол тапкан интеллектуалдуулугун, чынчылдыгын, ишмерлигин, акылдын алтын тамырын улап, мээнеткеч өмүр сүргөн чыныгы сүрөткер-гумманист экендигин ачык көрсөттү, жалпы адамзаттын түйшүгүн түшүнгөн, ага күйгөн татыктуу кыргыз улуу экенин жана улуулугун далилдеди. Жана да жапон ойчулу Д. Икэда менен маегинде айкөлдүгүн, дүйнөлүк бийик урмат-даражага ого бетер татыктуу экенин дагы бир жолу тастыктап кетти.

Эки улуу инсандын ой чабыттарынын куттуу бедер, ширеси мынаушунда: замандаш, бу жашоодо ар бирибиз айай булакпыз. Тирүүлүктө эптеп эле күн кечирип өтпөй, заман алдында, журт алдында адамдык, атуулдук парсыбызды аткарып, жүрөгүбүзгө сөздөн жаккан шамга жамандыкты өрттөп, жакшылыкка жол ачып, оюбузду тазартып, рухий асылдыкты ыйык тутуп, аруу сүйүү, шатман боорукерлик менен башкаларга үлгү болуп жашап өтөлү.

Акыры адам баласы бу шум жалган менен кош айтышар, улуу таланттардын, даанышмандардын духу, суру, алтын жаны жана ак сөзү береги ааламда өлбөй, өчпөй аманат калат, алары тирүүлөргө шамдай болуп, түбөлүккө күйүп турат дешет улукмандар…

“Ода…” орус тилинде небак жарык көрсө да куну бүгүнкүдөй баалуу, аны астейдил окуп чыкканга окурмандан суранар элем. Ага корогон убакыт эч качан текке кетпейт, кайрадан өзүбүзгө акыл куту, таза ой, тунук сезим жана алибет сызылып келерине ишен.

Кеңеш Жусупов, «Кыргыз маданияты», 03.04.2009-ж

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.