Тарык Бугра. “Уулубуз”

Түрк жазуучусу (1918-1994)

(аңгеме)

Таң агарып келе жаткан экен. Аялым терезенин жанында отуруптур. Сыягы таңды көз ирмебей ушул жерде тоскон окшойт.

– Сен жаткан жоксуңбу? – дедим.

Жүткүндү. Бозоргон өңү терезенин жанындагы көлөкөгө окшоп кетти. Бирок бул көлөкөдө бирге жашаган жыйырма жылдан ашуун мезгилдин ар бир күнүнөн бирден үзүм бар эле.

– Азан айтылып жатат, – деп шыбырады.

Анын бул муңайым доошу мени ойго салды. Жан-дүйнөбүз кол жеткистей болуп, аялым Куранда айтылган аялдык бактысын кылымдардан бери бекер эле күтүп жүргөндөй сезилип кетти.

Кыймыл-аракетинде, баскан-турганында жароокер баш ийүү бар эле. Ашканага кирди. Аны түшүмдө көргөнсүп жаттым: меш менен самоорго көмүр салып, даарат алгандан кийин, жайнамазын жайып намазын окуду.

Терезеден кирген нур үйдүн ичин толук жарык кылды.

Бозоргон, тынч жана салкын убак. Төшөгүмдүн жылуулугу, белгисиз сезимдер, башаламан ойлордон качуу… Көзүм илинип кетиптир…

– Капырай…

– Эмне болду?

– Келди…

– Ии, мына, жакшы болбодубу?

Бирок маселебиз бул эмес эле. Аялым менден бир нерсе күткөнсүп капаланып сүйлөндү:

– Эчтеке дебейсиңби, ушу менен үчүнчү жолу болуп атат… Эмне кылабыз, ботом?

Мен кайдан билмек элем. Бирок ага :

– Эртең аны менен сүйлөшөм, – дедим.

– Кайсы эртең?.. Асмандын көпкөк болуп калганы качан? Күн, жашоого мажбур кылган күнүбүз башталып жатат. Аялым туура айтат. Бул маселени чечиш керек. Уулум төшөгүнө жаңы эле кулаган. Ага бул жасап жаткандарынын баары үмүтсүз козголоң экенин түшүндүрүшүм керек эле. Төшөктөн секирип түштүм. Аялым чебелектей түштү:

– Катуу кетпесең? Эмнеси болсо дагы…

Сөзүн уланта алган жок. Аны карадым. Көз карашынан жан дүйнөсү астын-үстүн болуп жатканын сездим. Байкуш менин агала чачтуу, убайым жеген жубайым десе…

Чыгып баратып ийниме күрмөмдү койду.

Бөлмөсү күн чыгыш тарапта эле. Терезелери чоң бакчаны карайт. Маңдайдагы үйдөн качкан күн нуру дубалдарды бираз кызгыл-сарыга боёп коюптур.

Уулум болсо уктап жатат.

Кийимдерин столдун үстүнө ыргытып таштаптыр, пижамасынын үстүн кийгенге да чамасы келбесе керек. Анын жанындагы отургучтун четине көчүк бастым. Ичим бир кызык болуп жатты. Аны карай алганым жок, бирок ойлорумдун баары ал тууралуу эле. Мурдагы бир окуя жадыма түштү. Ал анда кичинекей эле, ич келте менен ооруп калды, эти ысып, жөөлүп жаткан эле. Ал муну азыр эстер бекен.

Аяздуу февраль айында төрөлдү. Атамдын колуна берип жатып кызыктай сезип жаттым өзүмдү… Атын коёрдо сөздүктөрдөгү сөздөр калбай калгандай сезилген мага. Ага жаркыраган, ааламдык мааниге ээ бир ат коюуну каалагам. Акырында Өмөр деп койдук. Бул ат да ага жарашты. Аны тарыхта өткөн Өмөрлөрдүн бак-таалайына ылайык көрдүм.

Биринчи күлгөнү, биринчи тиши, туңгуч сөзү, жаш, сулуу жана бактылуу апакесин көздөй таштаган алгачкы кадамы…

Жетиге чыкты. Мектепке алпарган күнү ыйлаганын унутпайм. Үйүнөн башка жакты кичинекей жүрөгү кабыл албай турду. Бирок бул да турмуштун чындыгы эмеспи, ал бардык балдардай эле мектеп менен базардын ортосунда чуркап, күндөн күнгө алыстоого дуушар боло баштады.

Он төрткө чыкты. Алгачкы өжөрлүгү, көңүлсүздүгү… Биз менен тең сүйлөшкүсү келген, эч жеңилгиси келбеген ортобузда кандайдыр бир кызыктай мамиленин жаралганын, билинбеген жараканын кеткенин туйдук. Аялымдын сыймыктуу санаркоолору менен менин алгачкы күмөнүм аралашып турду.

Лицейди, андан кийин университетти бүтүрдү. Бул учурда аны дагы жакшыраак жашасын деп аялым тойдон калган үч бешибирлигин да сатты. Ал болсо, алгачкы жоопсуз махабатынын айынан кыйноого кабылды, бизди да ойго чөмүлттү.

Биз ага минтип ишенип, сыймыктанып калганда, жан-дүйнөбүз аны менен учу-кыйырсыз болуп жатканда…

“Сен бизден бөлүнүп кеттиң. Өтө жакшы көргөнүбүздө сенин жиниң келер эле. Мен муну түшүнөр элем. Сен өзүндү бир аз болсо да эркин сезгиң келер эле. Бирок апаң…

Мен билем. Сен бул бөлмөлөрдүн ушул жасалгаларын, ал эле эмес бул үйдү дагы жактырбайсың… Учканды үйрөнүп алган таранчынын баласына окшоп ойлоруңдун баары башка талдарда. Сен ойлогон нерселер, балким абдан жакшы нерселер болсо керек. Бизди тосо турган бөлмөңдү да унутпасаң керек, мен буга ишенем. Ушунчасы эле бизге… мага жетет. Бирок апаң… Муну сен сезесиң, анда-санда, кээде бир туугандарыңды кантип окута турганыңды, биз үчүн эмнелерди жасай турганыңды да айтасың. Бирок, бири-бирибизден жашырбай эле коёолу, сен буларды айтып жатканыңда үнүң титиреп кеткен нерседе абийириңдин күрмөлүп кетиши, же андан дагы чарасыз калганыңдын азабы эмеспи?.. Бирок, сен кайгырба, сенин колуңан эмне келет, жашоо ушундай, эч нерсе кыла албайсың.

Мен сенин ичкиликтен эмне күткөнүңдү билем, көнүмүшкө айлантапшыңа да ишенем… Бирок апаң…

Анан мен сенин сырттан эмне издегениңди, үйдөн эмнеге качканыңды да билем. Балким бир сойку болушу мүмкүн.

Менин аларга душмандыгым жок, ошентсе да… Бирок апаң… Байкуш аял бирөөнө жолугуп калбасын деп титирейт.

Сен түндөсү жоголуп кеткениңде анын шектенүүлөрү жаркыраган көчөлөрдү, казинолорду жомоктогу үңкүрлөргө айлантат.

Булардын баарынын эмне кереги бар, сен буларды билбей тургансыйсың… Мен бул нерселер сенин жүрөгүңдү кантип сыздатып жатканын билбейт деп ойлойсуңбу? Апаң, мен… Сен бизге караба. Болгон дөдөйлүктүн баары бизде. Биз сени бираз ооруп калса экен деп күткөн сыяктуубуз. Бизге эле тийиштүү бала кезиңдегидей жүрүшүңдү, бизге эле таандык болушуңду каалайбыз. Өзгөрүп кетишиңди, бөтөн бирөөлөргө тартылып кетишиңди такыр элестете албайбыз. Мына, азыр да сенин жүзүңө бурулуп, тик карай албай турам. Анткени, ойлонууга эр жүрөктөнө албай, анын астында алсыз, чарасыз гана туруп билебиз. Карачы, сенин уйкуң да өзгөрдү. Мурун сен бизди күтүп жаткансып уктачусуң. Ооба, азыр уйкуң да өзгөрдү. Негизги өзгөрүүлөр уктаганыңда болду, сен уйкуларыңда да бизден алыстадың…”

Башымды бурдум. Аны карадым. Карап жатып уктап калган колумду жастангандай болдум. Бирок жан дүйнөм өзүнөн өзү жеңилдеп калгансыды. Көп жылдан бери издеген адамымды тапкандай болдум. Ышкыргым, кыйкыргым келип кетти. Күн бетине тийбесин деп пардаларды тарттым. Меникине окшогон кара сакалдуу бетинен өптүм да, сыртка чыктым.

Чай ичип жатканда аялым бир аз ойлуу эле. Мен кичинекей уулумдун чайына анын жаман көргөн лимонун билдирбей салып койдум.

Которгон Салия Ибраимова, “Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.07.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.