Мен кайтып барчу жолду табам!

Айтылуу Талып Молдонун минтип жазып калтырганы бар экен: “Ал кезде элдин кылык-жоругу, адаты бузулбаган табыгий абалда эле. Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузуктук иш кылуу, уурулук кылуу өлүмдөн жаман. Ошондой жагымсыз иш кылган кишини катын-балага чейин жаман көрөр эле. Эл куулукту билчү эмес. Ал убактагы журттун бай-жардысы, кары-жашынын баарысынын барга-жокко канагат кылуусу. Бир кишинин буйругунда ынтымактуусу. Көчсө-консо бүтүн журт бүт козголуп, киши, кишинин чычкан улагын таштабай чогуу алып жүрүшү. Жарды-жакырга жардамдуусу. Конокко, мусапырга сыйлуусу. Зарыл болгондо колдо барын аябай жоомарттыгы… Ач көзсүздүгү. Ачкага аш, жылаңачка тон, жөөгө ат аяба деп, четтен жөө келгендер болсо да түшүп атын бергени. Жоого өзгөчө кайраттуу эрдиги. Элдешкен журтка бир туугандай ынтымагы. Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү. Тили буруу болбо, Ата бабаңдын тилин бузба, кийимиңдин түрүн бузба деп өз улутун сактаганы. Айла-алдоо не экендигин билбеген. А эгер бир кишиден, эркек же ургаачы болсун, жогорку айтылган жакшы сапаттардан бир кемчилик көрсө, баарынан да жаман иши билинсе, бардык журт өмүрүнчө, ал ант ичсе да ишенбегени. Мына ушуларга окшогон жакшы кылык-жоруктарын айта берсем сөз узарат”.

Талып Молдо жашап өткөн 1800-1900-жылдардын аяк-башында, сырткы, ички зыяндуу таасирлердин натыйжасында башталган бузуулар азыр болушунча болубаткан заман. “Жалган сөз айтуу, бирөөгө кыянат кылуу, убадасын бузуу, бузукулук иш кылуу” деген жоруктар мамлекет башчылык деңгээлдеги айла-амалга айланды. Саясий технолог деген атайын адистер пайда болду. Аларга очойто акча төлөнүп, бардыгын иштеп берип атышат.

Талып Молдонун “Бузук кылганды тыйганы. Чын сөздүүсү” деп ошол кездеги сыпаттоосу менен азыркы абалды салыштырып көрөлүчү, эмне деген тыянакка келер экенбиз, Кыргызым. Бузукулукту тыйган барбы? – Жок. Өлкө башчың, сотторуң баш болуп тыймак түгүл, жактоого алган учурлары ашынып баратат. Ал эми “жаман иши билингендер” Талып Молдо айткандай эл журт ишеничинен кетип атабы? – Жок да! Миң түркүн айла-амал колдонулуп, кол жоолук теле-радио, гезиттер аркылуу жактоого, мактоого алынып, аларды сүттөй ак кылып айтылып атат. Бийлик тарабынан өздөрүнө керектүүлөргө карата ушундай ыпластыктарынын натыйжасында эл дагы адашып, абал ашмалтай болуп баратат.

Бу эмне болуп атат деп терең териштирсең Кыргыз мамлекетин душман басып алгансыган абал көз алдыңа тартылат.

1945-жылдан баштап, Германияда ресторан, кафелердин бардыгында жалаң гана советтик музыкалар берилип турган. Көркөм үн көңүлгө уялаган сайын эл өзүнүн элдигинен өзгөрүп, өзгөгө жатыгат. Башка элди ичтен имерүүнүн бул ыкмасы бүгүнкү күндө Кыргыз элине карата колдонулуп, батыштын, башка жактардын дүкүлдөгөн музыкалары көчөдө, жүргүнчүлөрдү ташыган унааларда, коомдук жайларда жылдан жылга күчөп баратат.

Суроо туулат. Кыргыз өлкөсүн эмне ошолор басып алдыбы? Андай болбосо, эмне үчүн өз жерибизде өзүбүздүн ырлар, күүлөр таңшып турбайт. Ушуга да инвестиция керекпи? Жок, кереги жок. Буга кыргызым деген күйүп-жанган жандүйнө керек, намыс керек, ар керек, мекенчилдик идеология керек. Бүгүнкү болуп аткан тескерилик, саткынчылык, мансапкорлук, журт байлыгын таламайга алуу, эл тагдырына балта чабуу сыяктуу көңдөйлүктөрдүн бардыгы – руханий кризис. Колуна кокусунан бийлик тийгени болобу, кызмат орунду сатып алгандары болобу, алардагы түшүнүк, ой, максат – жеке кызыкчылык, дүнүйө кызыкчылык.

Чынын айтыш керек, эл арасында далай адамдар ушул убакка чейин түшүнүп-түшүнө албай жүрүбатат, ии, ушундай болуш керек турбайбы дегенсип, элдир-селдир кээде баамдап, кээде баамдабай, азырынча аман турган маалымдоо каражаттары аркылуу ашкереленип айтыла калса, ошого маашыркап коюп, бар болгону ошо менен чектелип, ошого ыраазы болуп, тойгончо жеп, өлөрчө карганган алдым-жутумдардын амалданууларына алданып. Келечегиңди кесип аткандардан, уул-кыздарыңдын, урпактарыңдын энчисине кол салып аткандардан Кыргызым, өзүң гана, өз күчүң менен гана кутула аласың.

Наалыма сөз-намыс эмес, алсыздык, арсыздык. Арыбызга келе албасак, өзөккө түшкөн өрттү, өздөн чыккан жатты, Кыргыздын кыргыз душмандарын, чыккынчыларын жок кыла албасак, анда өз убалыбыз өзүбүзгө, анда азыркы муундагылар, кийинкилер алдында, касиеттүү бабаларыбыздын, Айкөл Манас атабыздын арбагы, кыргызды Кыргыз кылып жараткан Кудай алдында оор күнөөгө батканыбыз ошол.

Көз жоосун алган көркөм, керемет жерибиз, кен байлыктарыбыз бар. Көз арткандар көп. Алардан жем жеп үйүр алышкандар болушунча болубатат, жең ичинен иш бүтүрүп, жер ээсин, элдин өзүн көздөрүнө илбей, өз билгенин жасап, өтүгүн төргө илип, касиеттүү Кыргыз жерин бөтөн элге тебелетип. Жер байлыктарды, кен байлыктарды сатып өздөрү кошо сатылып.

Ар-намыстан ажырап, акчага сатылгандардан эл журт тазаланышы керек. Кыргыз журтчулугунда аларга орун болбошу керек.

Үч жыл өтүп, төртүнчү жылга айланды. Абал ого бетер оорлоду. Алдым-жутумчулук азайган жок, күчөдү. Коом алга эмес артка кетти. Кылмышкерлик болушунча болуп атат. Кыргыздар миңдеп-миңдеп чет өлкөлөрдө жүрүшөт, өлкөбүздөгү жумушсуздуктун айынан. Кыскасы, өлкөнү өнүгүү жолуна алып чыгуу азыркы бийликтин колунан келбей тургандыгы алаканга салгандай ачык көрүнүп калды. Көпчүлүк эл тажады.

Адамзат тарыхында, дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөн жырткычтыктар жасалып, аттуу-баштуу карабашыл адамдар уурдалып, дайынсыз жок болуп атса, ачуу чындыкты ачык айтып, бийликти катуу сындагандарга сот аркылуу жок жерден иш козгоп, түрмөгө камап, көз көрүнө кордук көрсөтүлүп атса, элдин биримдигин өнүктүрүүнүн ордуна, түндүк-түштүк деп экиге бөлүп, жердешчилик сезимди козутуп, аны да пайдаланып, кадр маселесинин кедерин кетирип атса, ант берип айткандарынын бирин да аткара албаса, кыскасы кыргызды кыйын абалга алып келген дээринде жокко кол куушуруп, алдына барып, биз ортомчу болуп келдик дегендерге түшүнүү кыйын экен. Ким менен кимдин ортосуна ортомчу болгусу келет?

Эгерде алардын көздөгөнү Кыргыз элинин, өлкөбүздүн келечеги болсо, анда айтыш керек эле да ачык эле, сиздин колуңуздан келбейт экен, элди кыйнабаңыз, кызматтан кетиңиз деп. Бул жерде башка сөз болушу мүмкүн эмес да. Азыркы мамлекет башчыда бул оор жүктү моюндоого табигый даанышмандык жок экендигин ачык айтуудан абал бузулбайт.

Тилекке каршы, айтылар сөздү ачык айтпай, мактоого, жактоого, кошомат сөзгө машыгып, кызмат орун жана башка өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр күчөдү. Алар жон териси менен сезип турат, эгерде бийлик алмашылса, өздөрүнүн эмне болорун. Кыскасы, коомду курутуп аткан ошолор. Мунун өзү – өзүнчө бир айлампа, саз.

Эми мындай суроо туулат: Ушуларды жок кылар, Бактылуу Өлкө – атантып кайрадан жууруп чыгар, чачылган элин жыйнаган, үзүлгөн үмүттөрдү улаган, өз тургай өгөйлөр баалап сыйлаган Эл Эгедери болчу Адам барбы?

Бар!

Акындардын мыктысы “айтышта” тандалат, найзакердин мыктысы – эрөөлдө даңкталат, балбандардын балбаны – күрөштө, чечендердин чыгааны – жүйөөдө, баатырлардын баатыры – майданда такталат. Падышаны, ханды, президентти, эл эгедерин кайсы “бирдикке” таянып сынайбыз?

Добуш кимге көп берилсе, ошол эл эгедери “Өз билгенин кылууга, өтүгүн төргө илүүгө” акылуу болуп келет. Эзилгендер эзилет, эзгендер эл тургай Кудайды тааныбай эсирет. Каргап, шилеп, убайым чегип, “жанына күч келген – Жаратканды каргайт” болуп жүрө берген эл бактысыз.

Журт башчылыкка мына ушул жарайт деп, түп көтөрүлө калк каалаган канткенде таамай тандалат? Бул – тагдыр маани маселе. Он жети жылдан бери өнүгүү жолуна түшө албай жаткандыгыбыздын себеби, түйүнү ушул жерде.

Бир дагы шайлоо таза өткөрүлгөн жок. Добуштарды сатмай, сатып алмай, тууганчылык, жердешчилик, жолдошчулук, жек-жаатчылык добуш берүүлөр, добуштарды ачыктан-ачык эле кошуп салуулар, бийлик тарабынан мажбурлоолор жана башка ыпыластыктардын натыйжасында бийлик билгилердин, татыктуулардын, тазалардын эмес, амалкөйлөрдүн очогуна айланды. Кендирибизди кесип аткан кесепеттин баары ушул жерде уюган. Дал ушул себептен улам элдин көңүлү кирдеди, өнүгүү жолуна чыга албай өлкөбүз куруду.

Борбордук жана жер-жерлердеги шайлоо комиссияларынын төрагалыгына, мүчөлүгүнө бийликке жагынбаган, кыңыр ишке дити барбаган эл оозуна алынып таанылган таза, калыс адамдар гана баргыдай шарттар иштелип чыгышы керек. Ушуга татыктуу эл жакшылары эл арасында жок эмес, бар. Маселенин баары шайлоо комиссиялыкка алардын жакын жолотулбай келаткандыгында.

Шайлоо өнүктүгүндөгү ыпыластыктарга бийлик, деги эле эч ким даай албагыдай, батына албагыдай, сезтенгидей абалды кантип түзөбүз? Бир гана арга – коомдук пикир калыптандыруу. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элдик түшүнүк калыптандыруу. Бул ишти азыртадан баштоо керек, чыныгы болгон мисалдарды далилдүү айтып, абийирсиздик жоруктарды ашкерлеп, сөздүн, жүйөнүн, чындыктын күчүнө салып адамдардын сезимин, намысын козгоп.

Ал эми шайлоо өнөктөгү учурунда, чыныгы эл сынагынан падыша болор талапкерлерди “чубатууга салып” теле-радиону жакшылап пайдалануу зарыл, ар талапкерге убакыт, шарт, мүмкүндүк берип.

Айтсын, бүтүндөй тапкан акылын. Илимин, билимин, ой тереңдигин, көсөмдүк сапатын. Кыскасы, баарын ортого төксүн. Ошондо бирөөлөр баардык жагынан өзгөчөлөнүп, чыгаандыгы жагынан башкаларды караандатпай озот. Ар ким өз үйүндө олтуруп эле теле-радиор аркылуу ошол Инсанга ыкыласы оойт.
Ким боло алмакбыз жана ким болуубуз керек?
Азыркы абалыбыз менен албетте сыймыктана албайбыз. Арданышыбыз гана керек. Намыстануубуз керек. Сыймыктанарыбыз – бай тарыхыбыз, рух дөөлөттөрүбүз, элдик чыгармачылык өнөр дүйнөбүз. Байыркы жана соңку тарыхый инсандарыбыз менен, аларды таанып билгендигибиз менен сыймыктана алабыз.

Кыргыз таануу Кыргыз мамлекетинде – мамлекеттик деңгээлде колго алынчу маселе. Бийликтегилер буга түшүнбөй жүрүшөт. Түшүнө да алышпайт окшойт, мансап кумарынан чыга албай, ошого маашыркап жүрүшүп.

Эл тагдыры, журт келечеги, Кыргыз элинин азыркы ХХI кылым заманындагы тарыхий орду деген маселеде Улуулукка улуулук, терең ишке тереңдик, даанышмандык дарамет керек. Ал жок Бакиевинде да, башкаларында да.

Кыргыздын канындагы рух сезим ойгонбосо экен дегенде эки көзү төрт сырткы душман күчтөр кычап турган азыркы заманда Кыргыз болуу кыйын болуп баратат.

– Кызмат орундарды кызылдай акчага сатып, элинин келечегине балта чапкан кыргыз Кыргызбы? – Жок.
– Келечек адистерди даярдамыш болуп, алардын, ата-энелеринин чөнтөгүн аңдып, элибиздин эртеңки тагдыры эмне болот деп жаны ачылбагандар Кыргызбы? – Жок.
– Кошоматка кой союп бүжүңдөгөндөр Кыргызбы? – Кыргыз эмес.
– Бүгүн бирди айтып, эртеси башкача сүйлөп түлкүдөй култуңдап, элди алдаган киши Кыргызбы? Андайдын дили, дээри, каны да Кыргыз эмес.
– Мекенибиздин жер байлыгын, кен байлыгын, өлкөбүздүн экономикалык өзөгүн четинен сатып аткандарды кантип Кыргыз деп айтабыз?
– Элди көзүнө илбей мансабына маашыркап өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип, сауналап, сайраңдап жүргөндөр Кыргызбы? – Жок, Кыргыз эмес.

Анда эмне, Кыргыз калбай калдыбы? Жок, бул айтылгандардын баары бар болгону дене кыргыздар. Чыныгы Кыргыздар башкача. Алар жүрөт ичтеринен сызып, кээси зөөкүр заман менен кармашып, кээси тымпыйып, ал кармаштын акырын күтүп, далайы көр оокаттын айынан жан үрөп, жанталашып чет өлкөлөргө кетип.

Кыргыз ХХI кылымда эмне деген эл болуп тынаар экен, же кандай эл болушу керек, деген маселе күңгүрөнүп, ордун таба албай онтоп турат.

Далай учурлар өттү, азыр да өтүп атат. Маселе барган сайын өтүшүп, татаалдашып, эл болсо адашып, алданып, түбөлүк менен күнүмдүктү айкындай албай, түпкүлүгүн түшүнө албай, күнүмдүккө жанүрөп жүрүп атат. Акаев бийлигине далай кыргыз он беш жыл өбөлгө болуп беришти. Бийликке жагынмай, кошомат кылмай, салык, бажыкана сыяктуу оңой олжолуу кызмат орундарга орношуп алайынчы деп пара бермейлер, жетекчилик кызматта жүргөндө бийликти мактап-жактап, бошоп калса башкача айтмайлар көнүмүш көрүнүшкө айланып, көпчүлүк ошого жатыгып, эрен-төрөнү жок нерсеге айланып баратат. Эмне болубатат, Кыргызым! Жан дүйнө кирдедиби? Дил, ниет, пейил бузулдубу?

“Көгүш тону кыян жууп,
Көрк бузулат, сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат, сак болгун.
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат, сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат, сак болгун”, –
деп мындан сегиз жүз жыл мурда Кет Бука бабабыз айткан экен, эскертип. Болору болуп калган заманда жашап атабыз. Тоолор эшилип кулабатат, экология бузулуп. Элди алдагандар азайчудай, тыйылчудай түрү жок, ого бетер күчөп. Соңку он жети жылда 17 жолу шайлоо жана жалпы элдик добуш берүүлөр болду, бири да таза өткөрүлбөдү, эл алдоого алынды. Дал ушул жерден көч бузулду. Көңүл, ниет, пейил кирдеди. Өзөккө өрт түштү.

Индус накылында айтылат экен “Гүл өрттөнсө эл көрөт, дил өрттөнсө ким көрөт?” деп. Көзгө көрүнбөсө өчүрүш өтө татаал, муундан-муунга дымып, түтөп тура бериши мүмкүн. Дил деген өтө аялуу нерсе. Анын таза болуусу – мамлекеттик маанидеги маселе. Ийгилик, ынтымак, ырыскы баары ошондон башталат. Дили зак кетсе оңолуш оор.

Сөөлөтүнөн ажырап, сөз бузулушуна сак боло албагандыгыбыз – анык өзөккө түшкөн өрт болду. Өлкө, мамлекет, коом, эл турмушунда сүйлөнүп аткан сөздөрдө дем, кубат, таамайлык таасир канчалык – баары ошого жараша. Баары сөздө уюган, баары сөздөн башталат. Улуу сөздөн ашкан улуулук жок. Элди эл, журтту журт кылып сактап турган – сөз кудурети!

Сен тектүү элсиң, Кыргызым. Келечегибизге, уул-кыз урпактарыбыздын келечегине сак болбойлубу! Жутунгандардын жумуруна аш эмес, таш суналычы, эмне болор экен? Тоок болуп бүжүрөбөйт Тоо Бүркүтү. Баары өзөктөн жанат, өзөктөн! Каргыш тийген кошомат качан өлөр экен?

Элиңди карачы балам, элиңди, деп айтаар Аталар кайда?

Элим деп бирикпесе эр жигиттер, Атажуртубуздун ажары ачылмак беле?

Эл кадырына жете албагандар Мекенибиздин берекесин качырып атса, анын өзү тамырга чабылган балта эмей эмне?

Кыскасы ойлон Кыргызым! Ак чокулуу АлаТоо Мекенибиздин түбөлүк ээси жалгыз сенсиң Кыргызым! Бизде башка Мекен жок. Мекенибиз бир гана – Кыргызстан!

Ар бир Кыргыз, Кыргыздын ар бир үй-бүлөсү, эгер Кыргыз бойдон өмүр сапарын, тарых сапарын улантабыз десек, ойлонолу, ойгонолу!

– Эң башкысы балык башынан сасыбаш керек.

– Эл кызматына таза, билги адамдар тандалмайын оңолуу жок. Нарк билги, сөз билги, кызылдай Кыргыз жандуулар гана Эл журтуна эгедер боло алат. Аларды көрүп бүт эл түздөлөт, дил тазарат, пейил оңолот, Кыргыз боло баштайт. Барбы эл арасында ошондойлор? Бар…

Урмат Барктабасов, «Айгай» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.