Блогдун окулушу боюнча

Кечээ бизди капаланткан бир ачылыш кылдык. Биздин блогду Internet Explorer менен ачкандардын кээ бирлери кыргыздын “ө”, “ү” жана “ң” тамгаларын көрө алышпайт экен – бул тамгалардын ордуна бош чакмактар чыгып, текстти окуу бир топ кыйынчылыкка турат. Эгер Internet Explorerди колдонгондор аз болсо буга да көнсөк болот эле, бирок, тилекке каршы, мындайлар басымдуу көпчүлүк.

Аталган кемчиликти кантип жойсок болот деген сурообузга биз тааныган адистер ийиндерин куушуруп коюшту. Алар бир гана кеңеш бере алышты. Биздин блогдогу бардык маалыматтар туура чагылдырылышын каалашса колдонуучулар (окурмандар) блогду Mozilla Firefox же Opera менен ачышсын дешет.

Биз да, азырынча, мындан башка эч нерсе айта албайбыз. Кыргыз Интернети жакшы өнүгүп, дүйнөлүк процесстерде ордубуз көңүлгө аларлык болгондо бул кемчиликтер акыры барып жоюлаттыр. Үмүт кылалы да аракеттенели.

КМБ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.