Юристанбек Шыгаев: Маданият – мамлекеттин жүзү. Биздин маданият аркылуу башка элдер биздин кичинекей мамлекетти билишет

"Кабар" МАнын сүрөтү

Ушул жылдын 22-апрелинен 4-майга чейин Москвадагы Сүрөтчүлөрдүн борбордук үйүндө Юристанбек Шыгаевдин “Көчмөн” аттуу жеке көргөзмөсү өтөт. Буга карата көргөзмө, музей, чыгармачылык жөнүндө Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинин деректири Юристанбек Шыгаев төмөнкүлөрдү айтып берди.

КАБАР: Москвада өтө турган жеке көргөзмөңүз жөнүндө кененирээк айтып берсеңиз?
– Россиянын борборунда менин “Көчмөн” аттуу жеке көргөзмөм өткөнү жатканына абдан толкунданып жатам. Бишкекте менин жеке көргөзмөм уюштурулганда мынчалык толкунданган эмесмин. Анткени Москва мен үчүн көркөм сүрөт өнөрүнүн борбору болуп саналат. Бир жагынан көргөзмөгө менин бир катар курсташтарым, өзүм окуган Санкт-Петербургдагы И.Е.Репин атындагы живопись, скульптура жана архитектура институттунан профессор агайларым келишет. Көргөзмөгө бир жылга жакын даярдандым. Анын “Көчмөн” деп аталышы менен мен россиялык көрөрмандарды өзүмө тарта алам го деп ишенем. Анткени биздин ата-бабаларыбыз көчмөн болгон, бул ат аркылуу жалпы эле Борбордук Азиянын үрп-адатын, маданиятын чагылдырууга болот. Москвалык көрүүчүлөрдү учурда заманбап эч нерсе менен таң калтыра албайсың, ал эми биздин көчмөн калктын жомогу, уламышы, ички байлыгы, философиясы менен таң калтыра алабыз деп ойлойм. Себеби мен чет жактагы көргөзмөлөргө барганда мени Кыргызстандан, Борбордук Азиядан келди дешип, кызыгып, көргөзмөгө бир топ элдер келет.

Эң башкысы бул көргөзмө кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Төрөкуловичке арналды. Көргөзмөгө арналган китепте да “улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналат” деп жазылды. Себеби мен өткөн жылы жазуучунун 80 жылдыгына карата эки метрлик чоң “Айтматовдун ааламы” деген чыгармамды жазгам. Ал чыгармамды Чыңгыз Төрөкулович өзү көрбөй калды. Бул эмгегимди жазуучуга арнап, өзү көрсө экен деген элем. Ал киши менен 20 жылдан ашык убакыт байланышта болгом. Чыңгыз Төрөкулович менин чет өлкөлөрдөгү бир топ көргөзмөлөрүмдү ачты эле. Ата-баладай болуп, чыгармачыл коллегиядай болуп аябай маектешип, ал киши өзүнүн курч, терең айтылган сөздөрү менен менин чыгармачылыгыма бир топ таасир калтырды.

"Кабар" МАнын сүрөтү

Мен Айтматов жөнүндө сүрөтчү катары көз карашым, ал киши менен жолугушууларым күндөлүктө сакталып калган, буюрса кийинки жылдары китеп болуп жарыкка чыгат. Чыңгыз Төрөкуловичтин кичүү уулу Элдарды Бельгиядагы сүрөтчүлөр академиясына даярдап, мастер-класс өткөргөм. Анда бир көргөзмөнүн ачылышы болуп, Чыңгыз Айтматов мага “сиз келип, балама мастер-класс өтүп бербейсизби” деген өтүнүчү боюнча бир жума жазуучунун үйүндө болгом. Ошондо жазуучу кантип сүйлөйт, эмне тамак ичет, кандай күлөт, кандай тамаша сөз сүйлөйт ошонун баары көз алдымда, эсимде. Чыңгыз Төрөкуловичтин балдарына, жубайына кандай кайрылганы, мамилесине күбө болгом да, баарын мен жеке күндөлүгүмө жазып калгам. Айрым жерлерде бир шилтем сүрөттөр бар. Мен ал күндөлүк жарыкка чыкса, окурмандарга кызыктуу болот деп ишенем. Ошондуктан, бул көргөзмөмдү улуу инсан, Манастан кийинки оозго ала турган кишибизге арнап отурам.

Көргөзмөнү ачуу үчүн Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Султан Раев барганы жатат. Мындан тышкары Россиянын маданият министри Александр Авдеев , мурдагы маданият министри Михаил Швыдко, элчиликтин өкүлдөрү катышат. Ошондой эле Россиянын президентинин жубайы Светлана Медведева жетектеген “Тынчтык мейкиндиги” фонддунда мүчө болгон Апас Жумагулов баштаган өкүлдөрдүн келиши күтүлүүдө.

КАБАР: Көргөзмөнү уюштурууда мамлекеттик колдоо болуп жатабы?
– Мамлекеттик колдоо таза маалымат жаатында болууда. Ал эми көргөзмөнү уюштурууда каражат жагынан бир да тыйын алган жокмун. Мени демөөрчүлөр колдоого алып жатат. Мисалы, көргөзмөнү уюштурууга, китеп чыгарууга “Акун” фирмасы, «Авангард» курулуш компаниясы көмөктөштү. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Салымбеков, транспорт жана коммуникациялар министри Нурлан Сулайманов, Бакыт Үсөнов жардамдашты. Мен буларга өтө ыраазымын. Негизинен маданият деген мамлекеттин жүзү да. Биздин маданият аркылуу башка элдер биздин кичинекей мамлекетти билишет. Ошондуктан, биз аракет кылып, көргөзмөнү жогорку деңгээлде өткөрсөк деген ойлор бар.

КАБАР: Агай, сиздин эмгектер бир катар чет өлкөлүк музейлерде бар. Кайсы бир музейге эмгегиңизди берип жатып өз балаңызды берип жаткандай сезим болобу же кубануу менен бересизби?
– Чет өлкөлүк музейлер менин өнөрканама келип, менин эмгегимди сатып алганда бир чети ичим күйөт. Анткени ар бир чыгармам менин баламдай. «Аттиң ай» дейсиң, бирок ошол эмгектерди сатып алганга биздин Кыргызстанда каражат жок болуп жатат. Эмгектер биздин музейде калса деп ойлойсун. Анткени 17-18 жылдан бери Советтер союзу кулагандан кийин биздин фондго каражат бөлүнбөйт. Жаңы картиналарды алганга акча жок. Азыр жеке эле мен эмес канча деген адамдардын эмгектери чет өлкөгө кетип атат. Болгондо да арзан баада. Ошонун баары бизде калса, кийинки муун көрөт эле да. Кайсы бир музейге көргөзмө уюштурганда музейдин урматына 1-2 эмгегинди калсын дейсин, бир чети ал жактагылар да Кыргызстандын сүрөтчүсү жөнүндө билип, эмгегине күбө болсун. Азыр да Россиянын Чыгыш музейи менен Третьяков галереясынан менин эмгектеримди, сүрөттөрдү сатып алууга келгени жатышат, эгер баасы туура келсе сатабыз.

"Кабар" МАнын сүрөтү

КАБАР: Музейди жетектеген адам катары айтсаңыз, учурда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейинде заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгеги аз дешет, ушул ойго кошуласызбы?
– Жок, мен кошулбайм. Албетте, заманбап сүрөтчүлөрдүн эмгеги аз дегени акчага байланыштуу болуп жатат. Бизде мурунку классиктердин иши көп. Себеби ал учурда Советтер союзу каржылап, бир катар эмгектер сатылып алынган. Музей деген эмне? Музей – бул толуктоо. Жаңы коллекцияларды топтош үчүн эмне керек? Каражат керек. Бизде заманбап эң жакшы чыгармалар бар. Искусство жер шары сыяктуу айланып, мода сыяктуу күндөн күнгө, сааттан саатка өнүгүп, өсүп жатпайбы. Ошондуктан, жаңы коллекцияларды сатып алыш керек, а бизде каражат жок. Ал тургай жылытуу системабыз жарылып, үстүдөн жаан агып ошону оңдогонго да акча ала албай жатабыз. Жөнөкөй гана музейди тегеректеп тосмо коё албай келебиз. Музей стратегиялык обьект да. Мына бир жагыбызга «Хаятт» таксилерин коюп жатат, ошол таксилердин бирөө жарылып кетсе, бул жакты өрт каптаса, элестетсеңиз, канча деген байлык. Бул жерде XVIII кылымдагы орус сүрөтчүлөрүнүн картиналары бар. 20-жылдардагы оргинал эмгектер.. Айтиев, Чуйков, Чокморовдун абдан кымбат чыгармалары бар. Ошондуктан, ыйлап атканыбыз ушу да. Бир мектепти же университетти да тосмо менен тосушууда. Бул болсо улуттук музей. Бүт эле жерде ири музейлер тосмо менен тосулган. А бизде ушул чоң обьектини тосууга акча бөлбөй жатышат. Анан айла жок ыйлайсың да.

КАБАР: Музейдин ушул сыяктуу түйшүктөрү чыгармачылыктан алыстатып жиберген жокпу?
– Кудайга шүгүр, алыстап кеткен жокмун. Маданият министрлиги мени туура түшүнүп, жума күнүн мага чыгармачылык күн катары белгилеп берген. Ошондо жума, ишемби, жекшемби күндөрдү чыгармачылыгыма арнап жатам. Эми музей мага жакын тема да. Мага жарасы жеңилирээк. Мен булардын маселесин “а” дегенде эле түшүнөм. Башка кызматта болсом, мисалы ректор же дагы башка искусстводон алысыраак жумуш болсо мен кыйналмакмын. Кудайга шүгүр, үлгүрүп жатабыз. Бирок, чыгармачылыма убакыт мурдагыга караганда азыраак, абдан аз.

КАБАР: Быйылкы жылы сиз жетектеген музейдин 75 жылдык мааракеси болот. Бул боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүүдө?
– Музейдин 75 жылдыгы боюнча Жогорку Кеңеш, Маданият жана маалымат министрлиги жана өкмөт үйүнөн жобону күтүп жатабыз. Себеби музейдин мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүш керек да. Музейдин тою жеке биздин эле той эмес, жалпы мамлекеттин тою. Улуттук музей болгондон кийин муну мамлекет чечиш керек. Ошондуктан, биз жобону күтүп жатабыз. Бирок өзүбүз Россия, Казакстан, Тажикистан сыяктуу мамлекеттердин окүлдөрүнүн катышуусу менен эл аралык конференция өткөрүүнү ойлоп жатабыз. Ошондой эле музей жөнүндө 1934-жылдан бери жазылган макалаларды чогултуп, хроникалардын баарын топтоп бир кичинекей жыйнак чыгарсакпы деп жатабыз. Ошондой эле 75 жылдыкка карата музейде сакталып турган эмгектерди чыгарып, көрүүчүлөргө башкача экспозицияда көргөзмө тартуулайлы деп турабыз.

КАБАР: Сүрөтчү катары, азыркы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн абалын кандай баалайсыз? Кыргызстанда көптөн үмүттөндүргөн жаш сүрөтчүлөр барбы?
– Бизде азыр заманбапка ашыкча киришип кетип жатышат. Заманбап деген түшүнүктөгү эмгектер чет өлкөлөрдө 50-60-жылдары жасалган, ошондуктан учурда биз аларды заманбап менен таң калтыра албайбыз. Ушундан улам ар бир чет өлкөгө барганда сен өзүңдүн ырыңды, өзүңдүн жеринди, маданиятыңды, түпкү-тегиң ким экендигин айтышың керек. Заманбап десе эле чет өлкөлүк журналдардан көрүп алып, тияктан-бияктан алып көчүрүп койгон туура эмес. Мен ойлойм, ушундан улам бизде 80-жылдарга салыштырмалуу мыкты сүрөтчүлөр аз. Бирок изденүүдө. Изденүү да керек. Себеби азыр өзүнчө бир жаңы форма – телевидение, видео аркылуу берүү аракеттери көрүлүүдө. Ал да керек. Башкысы кандай деңгээлде кыргыз баласы жасаганы көрүнүш керек. Учурда болсо немецтерден же америкалыктардан көчүрүп алат да кыргыздыкына окшош кылып жасап коёт. Чыгарма деген жүрөктөн чыгыш керек. Чуйков, Айтиев, Чокморов, Белек Жумабаевдикиндей жүрөктөн чыгып, элге тартууланышы керек. Себеби адам эч качан элди алдай албайт. Өзүн алдашы мүмкүн, элди алдоого мүмкүн эмес. Анткени эл баарын көрүп турат да. Ошондуктан, чыгармачылык элге таандык, эл бүгүн болбосо эртең электен өткөрүп коёт. Кайдан көчүрүп алганы да бат эле билинет. Сүрөтчүнүн ички дүйнөсү таза болуш керек, ошондо гана көрүүчүлөр чыгарманы көрүп тунуктукка, тазалыкка, акыйкаттыкка келет.

КАБАР: Сизде “устатка татыктуу” шакирттер барбы?
– Шакирт бар. Менин өзүмдүн окуучуларым – Талант Бокоев, Анатолий Колесников. Булар бир катар эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келүүдө. Дагы бир окуучум – Бишкек шаарынын эмблемасынын автору Майрамкул Асаналиев. Азыр үчөөнү күчтүү таланттар деп айтат элем. Мен Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинде профессор болуп, окутуучу катары да бир топ окуучуларым бар. Албетте, таланттар келечекте дагы суурулуп чыгышат. Ал үчүн убакыт керек.

Даярдаган М.Ибраева, «Кабар» МА, 13.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.